БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИНИН ФИНАНСЫЛЫК ЖАРДАМЫ – ТАЛАПТАРГА ЖООП БЕРГЕН БАРДЫК СТУДЕНТТЕРГЕ ЖОГОРКУ БИЛИМДИН ЖЕТКИЛИКТҮҮЛҮГҮ

Бул макала жогорку окуу жайларына тапшыруу учурунда келип чыккан суроолорду жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого багытталган «Жогорку окуу жайын тандоо» аттуу макалалар жыйнагына кирет. Аталган жыйнак 2016-жылдын сентябрь айында баштала турган окуу жылына абитуриенттерден алгачкы жолу билдирме (заявка) кабыл алып жаткан Борбордук Азия университети (БАУ) тарабынан даярдалган. Окууга билдирмелерди тапшыруунун акыркы күнү 15-апрель 2016-жыл.
Жогорку билим алуу – студент үчүн эң маанилүү инвестициялардын бири. Бирок жогорку сапаттагы билим көп учурда кымбатка айланат. Финансылык жардамсыз Борбордук Азиянын мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн көбүнүн эл аралык деңгээлдеги билим алуу мүмкүнчүлүгү жок.
БАУ эл аралык деңгээлдеги жогорку билим сунуштайт, окутуу тоолуу аймактарда жайгашкан кампустарда англис тилинде өтөт. Үч кампустун биринчиси 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Нарын шаарында ачылат. Ал мыкты долбоорго ылайык курулган окуу корпусу ашкана, спорттук имараттарды, китепканаларды, лабораторияларды, эс алуу жайын камтып, медициналык жана дене тарбия кызматтарын, кампустун аймагында интернетке 100% туташуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Кампустагы студенттердин санынын мугалимдердин санына болгон катнашы 9га 1ди түзүп, аймактагы жогорку окуу жайларына салыштырмалуу эң аз болуп эсептелет.
Ошентип талаптарга жооп берген абитуриенттерде «Окуу акысын кантип төлөйм?» деген суроо пайда болушу мүмкүн.
Көптөгөн эл аралык университеттер сыяктуу БАУ тапшырылган маалыматтардын негизинде кыска тизмеге кирген абитуриенттердин финансылык абалын изилдейт. БАУ абитуриенттердин өздүк жетишкендиктерине негизделген стипендиялык программалар, гранттар жана үстөксүз насыялар аркылуу БАУда билим алуунун студенттер жана алардын ата-энелери үчүн жеткиликтүү болуусун камсыздайт. БАУ мыкты эмгектенген, окуусунда жана коомдук турмушта лидерлик сапаттарын көрсөткөн студенттер үчүн алардын социалдык жана экономикалык абалына карабастан эң жогорку сапаттагы билимдин жеткиликтүү болуусуна жол ачат.
«Чоң шаардан болобу же айыл жергесинен болобу, талапка жооп берген бардык абитуриенттердин БАУда окуу мүмкүнчүлүгү болуусу тийиш. Мына ушундай идеяны ишке ашыруу менен окуу жайыбызды, кампус жайгашкан аймакта турган коомчулуктарды жана жалпысынан аймакты өркүндөтөбүз»,- деди БАУнун финансы жана административдик маселелер боюнча мүдүрү Разим Сомани.
Муктаж болгон студенттерге стипендиялык программалар, гранттар жана үстөксүз насыялар аркылуу окуу акысынын 90 пайызына чейин жардам көрсөтүлүүсү мүмкүн. Мындай жардам алуунун шарты – студенттер финансылык жардам алуу үчүн ар жылы билдирме (заявка) тапшырып, баалары жогору болуусу тийиш.
БАУнун бир студентке болгон чыгашасы субсидияланат, ал эми окуу акысы чынында жалпы чыгашанын 20 пайызын гана түзөт. Окуу акысы улуттук валютада төлөнүп, жатакана жана тамак-аш, медициналык камсыздоо жана лэптоп компьютерлерин камтыйт.
БАУнун милдети – аймакта жашаган акылдуу жана мыкты окуучуларга эл аралык деңгээлдеги жогорку билимге жол ачуу болуп саналат. Жалгыз гана финансылык абалынын негизинде абитуриенттер кабыл алуу процессинен четтетилбейт.

БАУга тапшыруу боюнча кошумча маалымат үчүн www.ucentralasia.org/admissions сайтына кир,
admissions@ucentralasia.org  электрондук почта дарегине жаз же
+996 770 822 901 (Кыргыз Республикасы),
+992 93 999 99 64 (Тажикстан), +7 777 822 3948 (Казакстан) телефон номерлерине чал.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан