«КӨЗҮМДҮН ЖАРЫМЫ КЫПКЫЗЫЛ БОЛУП ЧЫКТЫ»

Суроолорго Республикалык дартты аныктоо борборунун жогорку категориядагы врачы Сабира Апышева жооп берет.

– Диванга көмкөрөмдөн түшүп телефон карап жаткам. Көзүм капыстан оор боло түштү. Күзгүдөн карасам бир көзүмдүн жарымы кыпкызыл болуп кетиптир. Дарыгерге барсам «майда кан тамырлар жарылыптыр» деп дары жазып берди. Эмнеден улам жарылат?

Акылай, Нарын

– Биринчиден, кант диабети менен ооругандардын көзүнүн майда тамырлары жарылышы мүмкүн. Кандагы канттын көбөйүшү майда кан тамырлардын иштешин бузат. Экинчиден, көздүн ички кан басымынын жогорулашынан улам болот. Үчүнчүдөн, башына, көзүнө жаракат алгандарда ушундай акыбал жаралат. Андыктан кант диабетине анализ тапшыруу зарыл. Анын жыйынтыгы менен дарыгерге барып дарылануу кажет.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ere
2016-03-28 10:29:03
менин жумушум да комп менен иштегенге байланыштуу тыныгуусуз иштесем кызарып кетмей адат таап алдыго
+1
lolo.1
2016-03-28 15:08:55
Сыраз эле кант диабетине анализ тапшыр деп журокту тушуротко.
+1
seed
2016-04-19 21:06:08
menin kozum da bir kancha jyl murun ushundai bolgon. eki kozum ten tolugu menen(vampirlerdiki sy9ktuu ele). tuberkulez glaz dep diagnoz koiup kozumo kundo 2jolu ukol alat elem. ertereek vachka korunuu kerek
0
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан