«БАЗАРГА БАРГАНДА КӨЗҮМ ООРУП, КЫЧЫШЫП ЧЫГАТ»

Суроолорго Республикалык дартты аныктоо борборунун жогорку категориядагы врачы Сабира Апышева жооп берет.

– Үйдө жүргөндө жакшы эле, бирок эмнегедир базарга барсам көзүм кызарып, ачышып, кычышып ооруп чыгат. Оорум 1-2 күндөн кийин араң басылат. Бул кытай буюм-тайымдарынын таасириби же эмнеден улам болушу мүмкүн?

Замира, Бишкек

– Кездеме, кийим, буюм-тайымдарда аллергияны чакыруучу аллерген заты бар. Аллерген затына аллергиясы барлардын кээ биринин көзү кызарып кетсе, айрымдар чүчкүрөт же денелерине кызыл бүдүрлөр чыгып кетет. Андыктан базарга барардын алдында аллергияга каршы дары ичип коюш керек.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
sabyr86
2016-03-28 14:25:25
Жакшы го,аялдардын баарынын эле көзү кычышып калбайбы десең))
+1
Azura
2016-03-28 15:30:13
sabyr86,)))))продуктыларды озунор ташып каласынар?
+1
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан