«КӨРҮҮНҮ ЖАКШЫРТУУЧУ КӨЗ АЙНЕКТЕР БАРБЫ?»

Суроолорго Республикалык дартты аныктоо борборунун жогорку категориядагы врачы Сабира Апышева жооп берет.

– Алысты начар көргөндөр үчүн атайын көз айнектер бар экенин интернеттен көрүп калдым. Бирок Кыргызстанда барбы, жокпу билбейм. Негизи мындай көз айнектердин жардамы барбы? Жаш өткөн сайын карыганда көрбөй калсам эмне болот деп корко баштадым.

Асел, Талас

– Кыргызстанда көзгө массаж жасоочу атайын тешикчелери бар көз айнектер сатылат. Бул көз айнек көздүн булчуңдарын иштетип, анын натыйжасында көрүү жакшырат. Бирок биротоло жакшырып кетет деп айта албайм, убактылуу гана жардам берет.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
mister.ailasyz
2016-03-29 09:46:11
менин коруум -1,50 он жагы -1,25 сол жагы очки алып тагып алдым, Демек жардам бербешида мумкун экенда
-1
№ 699, 25-март-31-март, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан