(Башталышы өткөн сандарда)
Бет маңдайында Аруукесине куюп койгондой окшош кыз терезени телмире тиктеп турган болчу. Кыз бир убакта кимдир бирөө аны башкача көз караш менен карап турганын көрүп өзүн ыңгайсыз сезип кетти. Көздөрүн тостойтуп, аны оозун ачып таң кала карап турган жигит акыл-эсинен айныган адамга окшошуп турду. Дагы жакшы, түшө турган жерине келип калыптыр. Эшиктер ачылары менен шып түшүп кетти.
– Сен!- Жанар кыз түшүп баратканда кыйкырып жиберип анын артынан жүгүрдү. «Арууке! Арууке, токто!» Жанар кыйкырып кыздын артынан ээрчиди. Эки жагын мени айтып жатабы дегендей карап алган кыз чочуп кетти. Жанар жетип келип анын колунан бекем кармап жиберди. Акыл-эсинен азып калгандай шашкалактап «Сен! Арууке! Кантип?!» деп кылар айласын таппай калды. Кыз коркуп кетти.
– Мени алмаштырып алдыңыз.
– Арууке...
Кыз колун жулкуп тартып алайын деди, бирок жигит катуу кармап алган экен. Жигит аны таң калган көздөр менен тиктеп алган.
– Жардамга!- кыз айласы кетип кыйкырып жиберди. Капыстан эле полиция кызматкери пайда болду.
– Эмне болду?- ал өктөм сүйлөдү.
– Мага жардам бериңизчи, бул жигит...
Полиция кызматкери кыздан көзүн албай, адам аттууну биринчи көрүп жаткансып таң калып турган жигиттин колунан тартты.
– Коё бер! Сага эмне болгон? Псих неме го? Эй!
Ары жактан дагы полиция кызматкерлери пайда болду. Алар заматта Жанардын колун кайрып жерге басып калышты. Жигит эч нерсеге көңүл бурган жок, жерде колуна кишен салынып жатып да кыздан көзүн албай жатты. «Арууке! Арууке!» оозунан башка сөз чыкпайт.
Жанарды сүйрөп кетишти. Полиция кызматкери элейип турган кыздын жанына келди.
– Атыңыз ким?
– Жанна.
– Бул жигитти тааныйсызбы?
– Жок.
– Жүрүңүз,- полиция кызматкери кызды ээрчитип жакынкы бөлүмгө жөнөдү.
ххх
– Кыргызстандан экенсиң да, ээ? Эмне элдин тынчын алып жатасың?
– Мен... Айтсам ишенбейсиңер го. Мен тиги кызды тааныйм. Анын аты Арууке. Болгону ал мени тааныбай калды. Ал кызды элдин баары өлдү деп ойлоп жүрүшөт.
– Сенин акыл-эсиң жайында элеби?
– Өзүм да түшүнбөй жатам. Мага ишениңиз.
– Жигит, ал деген Орусиянын жараны экен. Москвада чоңойгон кыз. Аты Жанна, фамилиясы...- полиция кызматкери бир кагазды алып окуй баштады. – Фамилиясы Муратова. Улуту казак. Сени биринчи жолу көрүп жатканын айтты. Мен бир нерсени чече албай жатам. Сени эмне кылсам, депортация кылып жиберсемби? Же...
Жанар полиция кызматкеринин оюн түшүндү. Азыр ал башка адамга өз колу менен көмгөн кызга жолукканын айтып ишендире албайт. Эгер айтканынан кайтпай отура берсе, заматта Кыргызстанга айдап жиберишет, демек, Аруукесин кайра таап алуу кыйындайт. Бирок ал Аруукенин өзү беле? Жанарды ушул ой жеп жатты. Өзү болчу. Жанар ишенгиси келди.
– Чалсам болобу?
– Кимге?
– Машыктыруучума.
Аздан соң Расул келип Жанарды полициянын колунан алып кетти.
ххх
– Жанар, сага түшүнгөн жокмун. Сен ал кызды өз колуң менен жерге берсең, кандайча ал Москвада болуп калат? Балким, жөн эле окшош чыгар? Же эгизиби?
– Расул, мен деле эч нерсени түшүнбөй турам. Бирок ал Арууке болчу. Мен аны ар бир кирпигине чейин жаттап бүткөм.
– А тиги өз колуң менен көмгөн ким анда?
– Арууке болчу.
– Дос, сен эс алышың керек болуп калыптыр.
«Баары бир эч кимге айтып түшүндүрө албайм. Ишендире албайм. Өзүм издеп табышым керек. Бирок кантип?» Жанар эмне кыларын билбей турду.
– 2 күндөн кийин бир беттеш болот.
– Мейли, даяр болом,- Жанар бир чекитти тиктеген бойдон жооп берди. Ичинен «бир беттеш өткөрүп туруп издеп башташым керек. Акча керек болот» деп ойлоду.
ххх
Беттеш баягы кинотеатрдын жер төлөсүндө өтө турган болуптур. Жанар бөлмөдө ары-бери басып жүрдү. Анын оюнун баары башка жакта болчу. Метродогу жолугушуудан кийин тыңыраак уктай элек. Башы чыңалып ооруп турат.
– Бизди чакырып жатышат. Бас!- Расулду ээрчип алып жөнөдү.
Аруукеси тууралуу ойлордон кутула албай баратты. Аны кантип издеп табарын биле албай жатты. Же ал башка кызбы? Балким, акылынан айнып калгандыктан көзүнө көрүндүбү? Жанна Муратова казак кызы экен го. Эгизиби? Жок, Арууке эле болчу. Жазбай тааныдым. Бирок мен кимди көмдүм эле?
Жоопсуз суроолор өтө эле көп болчу. Капыстан бетине «былч» эте сокку урулду. Беттеш башталган экен. Катуу сокку Жанарды эсине келтирди. Бет маңдайындагы күржүйгөн, бети-башынын баарын сакал баскан адамга каршы чабуулга өттү. Бирок анысы майнапсыз болуп, тиги сакалчандын алдында калды. Жанардын үстүнө чыгып алган тиги күржүгүй неме былч-былч эте Жанарды бет талаштыра коюп жиберди. Анын соккуларынан жашырынуу үчүн оодарылып кеткенге аракет кылып жатты. Дал ушул учурда Жанар көпчүлүктүн ичинен баягы метродогу кызды көрүп калбаспы. Нес болуп аны карап калды. Башына тийип жаткан оор соккуларга кайыл эле. Кыз көпчүлүктүн арасында отуруптур. Кооз кече көйнөгүн кийип алган, Жанарды көздөрү тостойо тиктеп турат. Сымбаттуу кийинген жанындагы мырзаны коштоп келген өңдүү.
Кыз метродо акылы айныгандай көрүнгөн тиги жигитти дароо тааныды. Бирок бул жигитти ал мурда да көргөндөй. Дал ушундай кейпинде. Анда да жигиттин мурду-башы канжалап жерде жаткан болчу. Көз алдына ошондой элестер келип турду. Бирок муну кайдан көрүшү мүмкүн? Бул түшүнүксүз, бирок тааныштай элестер анын аң-сезиминде кайдан пайда болду?
«Былч» эте оор сокку урулду. Жанар эсин жоготуп койду. Көздөрү караңгылап, кулактары чуулдап жатты...
(Уландысы кийинки санда)