ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (4-апрелден 10-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада көп иштерден баш тартып, баш-отуңуз менен жумушка киришүүңүз керек. Аптанын ортосунда өнөктөшүңүз менен келишимди бузуп алышыңыз мүмкүн. Сиз 100 эмес, 110 пайыз туура болуп жатсаңыз да, араздашууга жол бербегенге аракет кылыңыз, бул ишиңиздин арты менен көп ийгиликке жетишесиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Букачарлар бул аптада жумуш боюнча ойлогон иштерин гана ишке ашыра албастан, эң сонун да эс ала алышат. Аптанын жарымына чейин көптөн бери чыгынып, колуңуз тийбей жүргөн ишти мизилдете бүтүрүп аласыз. Түгөйүңүзгө көңүл бурбай, ага сыртыңызды салып жүргөнүңүзгө көп болгонун байкап, анын көңүлүн алууга аракет кыла баштайсыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эгиздер үчүн жагымдуу күндөр 7-8-10-апрель болсо, жагымсыз күндөр 9-апрель болорун жылдыздар эскертишет. Жеке жашооңузда өзгөрүү болушу мүмкүн. Жумушта өз оюңузду ачык айтып, кесиптештерге жардамыңызды сунуштап, жаңы идеяларды көтөрүп чыгуудан тартынбаңыз. Апта соңунда ден соолугуңузга көңүл бурууну унутпаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Кандай маселеге кептелбеңиз, айкөлдүк менен чечкенге аракет жасаңыз. Достор менен көңүл ачуу иштери пландалып, соңунда таарынычтар орун алып, көп жылдан бери келе жаткан достукка чекит коюлушу мүмкүн. Үй-бүлөдө ар кандай маселелер жаралышы күтүлүүдө. Аны өзүм билемдикке салып жалгыз чечпей, кеңешүүнү унутпаңыз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта жакшы жаңылыктар, ийгиликтер менен башталып, көңүлүңүз көтөрүлөт. Алыстан туугандардын келиши сизди бир аз жүдөтөт. Аларга жетиштүү деңгээлде көңүл бура албай калып таарынтып да алышыңыз мүмкүн. Бойдоктор сүйүктүүлөрүнө жолугуп сүйүнүшү күтүлүүдө.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ден соолугуңузга кам көрүү мезгили келди. Кара жумуштарды бир аз эстен чыгарып, таза абага чыгууну, мончого барууну пландаңыз. Акча жаатындагы суроолордо досторуңуздун кеңешин эске алсаңыз жакшы. Жума күнү алыс жол жүрүп калсаңыз сак болуңуз, ал эми эс алуу күндөрү китеп окуп, өзүңүзгө эстетикалык ырахат тартуулаңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Жөн салды эле иштерге сарсанаа болуп, башыңызды оорутпаңыз. “Сабырдын түбү сары алтын” дей туруңуз. Бойдок таразалар үчүн жагымдуу апта. Кыялындагы адамына жолугушат, бирок издегени ошол адам экенин байкабай калуулары да мүмкүн. Ошондуктан жаңы таанышуулардан өзүңүзгө түгөй издегенди унутпаңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Чаян белгисинин алдында төрөлгөндөрдүн бул аптадагы эң мыкты жардамчысы интуициясы болот. Жаңы буюм, жаңы кийим, жаңы китептүү болчу мезгил келгенин сезип, дүкөндөрдү аралоого жөнөйсүз. Келечекте сизге пайда алып келе турган бир эмес, бир нече буюмдуу болуп кубанасыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жылдыздар жагымдуу күндөр катары 7-8-10-апрелди эсептеп, бул күндөрү жүрөгүңүздү жылытчу окуяларга туш болоруңузду эскертишет. Биринчи кезекке иштен мурун ден соолукту коюу керектигин сезе баштайсыз. Аптанын ортосунда сиздин катаал мүнөзүңүз сүйүктүүңүз менен таарынышууга алып келет.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул аптада кимдир бирөөлөрдүн жардамына муктаж болосуз. Жардамга сизге колдоо көргөзүп келген эле адамыңыз кол сунат. Анын дайыма сиздин жаныңызда болоруна дагы бир ирет ишенесиз. Апта соңу жолго чыгышыңыз мүмкүн. Бирок ал жактан кандай иштерди бүтүрөрүңүздү тактап албасаңыз, убара болуп калышыңыз ыктымал.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жумушта кандайдыр бир кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн. Ал ишти жайгаруу үчүн көп убакыт керектелет. Бирок убакытты териштирүүгө, чыр-чатак менен бүтүрүүгө жеткирбеңиз. Апта соңунда сизди колдогон адамыңыздын көптүгүн көрүп өзүңүзгө ишеним пайда болот. Белек алууга шарт түзүлөт, каршы болбоңуз.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Жалгыз бой жүргөн балык жылдызынын алдындагылардын бул аптада маанайы түшүшү мүмкүн. Ал эми үй-бүлөлүү балыктардын сүйүүсү бекемделип, келечекке ар кандай пландарды түзүшөт. Жаңы үйлүү болушу да мүмкүн. Андыктан чогултуп жүргөн акчаңызды чоң буюм алууга жумшоону байкаштырып көрүңүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан