Саламат Садыкова унутта калган фольклордук чыгармаларга "жан берип", дүйнө элине оболотуп келет. Сахна үчүн жеке жашоосун курмандыкка чалып, кыргыз музыкасына чоң салым кошуп келаткан ырчы айым быйыл 60 жылдык мааракесин белгилейт. Чыгармачылыкка 30 жылдан ашуун өмүрүн арнаган Кыргыз Республикасынын Эл артисти жаш муунга тажрыйбасы менен бөлүшүп, быйыл чоң сахнадан кетерин билдирди.
– Саламат эже, чет өлкөгө көп гастролго чыгасыз, жакында эле Индиядан келиптирсиз...
-Индияга Нооруз майрамына карата барып келдим. Мусулман өлкөлөрүнөн чогулган чыгармачылык топ менен бирге бул майрамды белгилеп, дасторкон жайып ыр-күүбүздү тартууладык. Көптөгөн өлкөлөргө барып, Индияга бутум баса элек экен. Индиянын эли тилибизди түшүнбөсө да, ырыбызды кунт коюп угушту. Бизден барган бийчилер жалаң индия бийин бийлешти. Мен ашкере мекенчил окшойм, Кыргызстандан барган соң кыргыз бийин кериле бийлешсе деп өкүнүп калдым. Албетте, алар өздөрүнүн бийин көрүп өтө ыраазы болуп, жакшы кабыл алышты.
– Чыгармачылыгыңызга түрткү болуп, жол көрсөткөн инсан катары кимди айта аласыз?
-Кара-Буура районундагы маданият үйүндө чыгармачылыгымдын башаты башталды, тушоом кесилди. Менин тагдырым жомоктогудай болуп, Кудайым касиеттүү адамдарга жолуктурду. Дарика Жумагулова эжебиз болбосо мен сахнага чыкпай калат элем. Жаш болуп ар кимдин көзүнө түшүп турган кезим окшойт, Дарика эже көсөмдүк кылып «сен талаада каласың, ар ким жетелеп кетет» деп мени колуна алды. Эже май жесе май жедим, чай ичсе чай ичтим. Үй-бүлөсү да кабагым-кашым дебеген сонун адамдар экен. Бул кишинин менин чыгармачылык тагдырымда ойногон орду опол тоодой болгондуктан, ага эки дүйнөдө тең ыраазы болом. Соңку жылдарда эже менен жакын катышып, жакшы жерлерден сүрөткө түшүүгө аракет кылган элем, жакшы кылыптырмын, өткөн жылы көзү өтүп кетти.
– Кыздарыңыз комузда кол ойнотуп, элдик чыгармаларды созуп өнөрүңүздү аркалабай калганына өкүнбөйсүзбү?
-Эки кызым жолумду улап жаркырап сахнада жүрө турган кыздар болчу. Экөө тең өнөрлүү, бири кыл кыякта, бири комузда кол ойнотушчу. Бирок эмнегедир менин жолум абдан татаал болду, атактуулугумду көрө албагандар көп ызалантты. Көтөрүмдүү экенмин, ошолор менин ордумда болушса көрөт элем. Көшөгөнүн артындагы мына ушундай катаал турмушумду көрүп калган кыздарым өздөрү сахнадан кетенчиктешти. Мен дагы каршы болдум. "Сахна үчүн мен турмушумду курмандыкка чалдым, силер жакшылап билим алгыла" дедим. Туура кылыптырмын, улуу кызым Кундуз журналист, окутуучу, кичүү кызым бир нече тилде эркин сүйлөйт. Экөө тең турмушта өз ордуларын таап, үй-бүлө курушту.
– Сынып калган учурлар болдубу?
-Жаш кезде болгон. Айрым гезиттер көрбөй туруп мен жөнүндө «баланчаевдин баланчасы» деп тындырбай жазып турду го. Алардын чекесине чыккан чыйкан болчумун. Ошол «баланчаевдерден» эч нерсе калган жок. Алардын жазганы чын болсо, карапайым турмушта жашабайт элем да. Бек да кетти, хан да кетти, Саламат Садыкова болсо элине адал кызмат кылып, карапайым эл кандай жашаса ошондой эле жашоодо жашап жатат. Мен айтар элем, адам кичинекей иш жасап жатабы, эмгек сиңирип жатабы, эң биринчи анын адам деген атын сыйлап, этият болушубуз керек.
– «Бектер кетти» деп айтып калдыңыз. Экс-президент Аскар Акаев сиздин чыгармачылыгыңызды баалачу дешет. Жубайы кызганып, сизге бут тоскон деп айтылган кептер чынбы?
-Ушул жашка келип бир нерсени түшүндүм. Көрө албастар өмүрүнүн акырына чейин сени менен тымызын күрөшүп, «кайсы жерден көлөкөмдү түшүрүп жиберсем?» деп турушат. Душман алыстан келбейт, өзүңдүн чөйрөңдө болот. Ханышага мен жөнүндө ар кандай аңгемелерди айтып, мага түркүн түстүү боёкторду сүртүп, анын көңүлүн алган адамдар болгон. Мына ошол кишилер мени жайлады. Азыр ал эжеке кимдин ким экенин билип турган учуру. Жогору жактагы адамдарга менин таарынычым жок. Бактылуу адамдар бирөөнүн жашоосу менен иши жок болот. Ыр түнөгөн жүрөктө кир түнөбөйт. Муну менин репертуарымдагы жагымдуу ырларым даңазалап турат.
– Атагыңызды колдонуп иш бүтүрүп көрдүңүз беле?
-Жок. Ушуга шыктуу болуш керек экен. 1995-жылдары артыман жүгүрүп, сөз айтып жүргөн азаматтардын бирөөсүнө акыры макулдугумду берип, жалгыз жүрө бербейин деп жакшы жигит менен жашап калдым. Анын бир сөзү жүрөгүмөн кетпейт, балким, ал туура айткандыр. Ошол кезде анын сөздөрү өөн учурап, түшүнө албай жүргөм. Ал «сен өзүңдүн Эл артисти деген наамыңды пайдалана албайсың, оокат кылганды билбейсиң. Бул жакка кирип сурабайсыңбы?!» деп урушар эле. Мен болсо «уят эмеспи» дечүмүн. Ал «азыр уят деген сөз жок, уятты жыйыштырып оокат кылыш керек» дечү. Сурооңо ачык жооп берейин. Бир дагы «падышага» кирип оокат сурабаптырмын. Эми да сурабайм, Кудайдын буюрганын көрөйүнчү деп эле келе жатам.
– Башка адам менен турмуш куруу тууралуу ойлодуңузбу?
-Биздин курагыбызда үй-бүлөлүү адамдар жолугат экен да. Мен азыр ыйык дасторкон четинде отурам. Бирөөнүн үй-бүлөсүн бузайын, тартып алайын деген ой менде болгон эмес. Ушул мүнөзүм менен куру жалак калдым. Болбосо эжекеңе далай мыкты жигиттер көз салышкан. Башы бош эр-азаматтар, чынын айтыш керек, жолуккан жок.
– Маегибизди жакшы нотада жыйынтыктайлы. Быйыл, буюрса, 60-күзүңүздү мааракелик концерт менен белгилейт экенсиз...
-Мени колдоп келген элиме, «Камбаркан» ансамблине, үзөңгүлөш болгон чыгармачыл чөйрөгө ыраазычылыгымды билдирип, биротоло чоң сахнадан кетейин деген максатта концерт берем. Жетимиштен ашып үнү чыкпай калса да чоң сахнага жатып алып элди алдап элеңдеп жүргөн ырчылардын катарына киргим келбейт. Ушунча жыл филармониядан баар таап иштеген адам катары ордумду сыйым менен тапшырайын деп турам. Бирок коомчулукта болуп жаткан салтанаттардан алыс болбойм, өсүп келе жаткан жаштарга жардам берем. Анын үстүнө адам өзү үчүн да жашаш керек экен.
– Рахмат, буюрса, мааракеңизде жолугалы.
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg