ТАЖИКСТАН – КЫРГЫЗСТАН 0:1 КЕЛЕЧЕККЕ ИШЕНИМ ЖАРАТКАН ЖЕҢИШ


29-мартта футбол боюнча «Орусия-2018» Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстан курама командасы өз тайпасында акыркы оюнун өткөрдү. Анда Душанбе шаарында Тажикстан курама командасы менен кез келип, тандап алуу оюндарын жеңиш менен жыйынтыктады.

БОРБОР АЗИЯ ДЕРБИСИ
Азия чөлкөмүндө тандап алуу оюндары 24-мартта башталып, анда биздин тайпанын лидерлери бир топ жеңиштерге жетишкен. Жыйынтыгында Австралия менен Иордания курама командалары 18 жана 16 упайга ээ болушуп, Кыргызстанга жеткирбей кетишти. Акыркы турдук оюндарда Тажикстан-Кыргызстан беттеши Борбор Азия дербиси саналса, Австралия менен Иордания өз ара «В» тайпасынын жеңүүчүсүн аныкташты.

«МАЙДАНГА ЖЕҢИШ ҮЧҮН ГАНА ЧЫГАБЫЗ»
Бул оюндун жыйынтыгы тайпада эч кандай өзгөрүү жаратпаса да, эки команда үчүн маанилүү эле. 5 упай менен 4-орунда калган тажик футболчулары күйөрмандары алдында уят болушун каалабаса, Александр Крестинин Кыргызстан курама командасы бардык оюнунда жеңиш үчүн гана ойноорун билдирген.

"Биз ар бир оюнда майданга жеңиш үчүн гана чыгабыз. Мурунку беттештерде тажик футболчулары Кыргызстанга каршы мыкты ойноп келишкен. Биз коргонууда гана эмес, чабуулда да мыкты ойнойбуз деп ишенем».

КОНОКТО ӨЗ ҮЙҮНДӨЙ
Кыргызстандын негизги курамында бир канча өзгөрүүлөр болду. Алсак, биринчи мүнөттөрдөн тарта коргоочу Даниэл Тэго жана Киевдин «Динамо» командасында ойноп келген Ахлетдин Исраилов жарым коргоочулук милдетти аркалады. Тажикстан борборунун стадиону 7 миңден ашык көрүүчүлөргө толуп, өзбек калысынын ышкырыгы менен оюн башталды. Үй ээлери алгачкы мүнөттөрдө эле чабуулга өтө башташты. Бул убакта дарбазачыбыз Павел Матяш ката кетирбей, коргоочуларга ишеним берди. Бара-бара топко ээлик кыргызстандыктарга өтүп, 17-мүнөттө эсеп ачылды. Валерий Кичин сол канаттан баштаган чабуулду Фархат Мусабеков улантып, айып аянтчасындагы Виталий Люкс топко ээлик кылды. «Унтерхахинг» немис клубунда ойногон чабуулчубуз мындай мүмкүнчүлүктөрдү жаза кетирбейт. Гооо-оол! Кыргыз футболчулары алдыга чыкты. Бул убакта саналуу күйөрмандардын «Алга, Кыргызстан!» деген сүрөөнү стадиондо жаңырып турду.
Экинчи бөлүктө Азамат Байматов баштаган футболчуларыбыз эсепти эки кылгыча өз дарбазасын бекем коргоого ыктады. Андыктан талаанын ар бир чарчы метринде айыгышкан күрөш уланып жатты. Тажикстан курама командасы кандай ыкмага салбасын, эсепти теңөөгө аракет кылышты. Бирок үй ээлери гол киргизгенге караганда Кыргызстан экинчи голду жаратууга көбүрөөк аракет жасады. Бул оюндан соң ызаланган үй ээлери машыктыруучулук курамын толугу менен алмаштырганы белгилүү болду.

МОСКВАГА ЭМЕС, АБУ-ДАБИГЕ!
Бул тайпадагы Австралия өз үйүндө Иорданияны 5:1 эсеби менен утуп, биринчи орунду камсыздады. Биздин футболчулар 14 упай менен татыктуу 3-орунду багындырышканы менен, финалдык баскычка чыгуу укугунан ажырады. Бирок бул оюндар кыргыз футболунун келечеги бар экенин, жогорку деңгээлдеги атаандаштар менен тең тайлаша оюн көрсөтө аларын көргөздү. Чыныгы күйөрмандар үчүн бүгүнкү күндөгү жеңиштер маанилүү эмес, эртеңки күнкү келечекке ишеним пайда болгону кубандырды. Бул оюндар канчалаган кыргыз жаш балдарынын футболго болгон сүйүүсүн арттырды.
Тандап алуу оюндарынын алкагында «Орусия-2018» Дүйнө чемпиондугуна жолдомодон тышкары командалар 2019-жылы БАЭде өтө турган Азия Кубогуна ат салышат. Анда 1-2-орун алган курама командалар түзмө-түз жолдомо алышса, 3-орун алгандар 2017-жылы жазында тандап алуу оюндарына катышат. Демек, Кыргызстан курама командасы Москвага бара албай калса да, Абу-Дабиге барууга үмүт чоң.


Жеңиш алып келген чабуулду Валерий Кичин баштады.

Футболчуларыбызды Эрмек Нурбаев менен Омар баштаган күйөрмандар колдоп турушту.

Азамат Байматов менен Даниэл Тэго коргонууда мыкты тандемди түзүштү.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
beben
2016-04-04 09:26:18
Азаматсынар жигиттер алга.
+3
amanatym
2016-04-04 10:37:26
Азыр биздин улуттук командабызга колдоо керек чон, Мен Командабыз менен абдан сыймыктанып калдым, алдыда дагы чон жеништерди каалайм.
+3
Zhannarbek
2016-05-15 10:20:42
Командабызга ишеним көрсөтө баштадым. Келечекте чоң ийгиликтерди багындырат деген үмүттөмүн.
0
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан