Айгерим Акылбекова, телеалпаруучу: «ЭФИРГЕ КУРБУЛАРЫМДЫН КИЙИМИН КИЙИП ЧЫКЧУМУН»

«Азаттык+» жаштар берүүсүнүн алып баруучусу Айгерим Акылбекова «радиодо, теледе, сайтта иштеген универсал журналистмин. Негизи эле журналист дарыгер да, экономист да, эсепчи да, айтор, түрдүү кесиптин ээси болушу керек» дейт. Тыкылдаган алпаруучу Айгерим журналистикада такшалганга чейин ыйлап, бул кесипти тандаганына өкүнүп, кол шилтеп басып кете турган учурлары да болгонун айтат.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы-күнү – 1993-жыл, 19-май
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – БГУнун журналистика факультетин бүтүргөн.
Бош убакта – Курбулары менен чай ичип сүйлөшүп отурат же караокеге барып ырдайт.
Таң калганы – Кол телефонсуз бир жума жүргөнү
Жигиттердеги баалаган сапаты – Өзүнө ишенген, эрктүү, өжөр мырзалар жагат.

– Салам, Айгерим. Адам баласы кесип менен өмүрлүк жар тандоодо жаңылбаш керек деп айтышат, журналисттик кесипти электен өткөрүп эле тандагансыңбы?
– Саламатсыздарбы?! Мен окуучу кезден бери маданий иш-чараларды алып барган мектептин активист окуучусу элем. Ошондо эле "жылдыздар тууралуу жаңылыктарды, шоу берүүлөрдү алып барсам, татынакай кийинип алып сахнада туруп сүйлөсөм" деп көп кыялданчумун. 11-классты бүтүп кесип тандоого келгенде үйдө көп талаш болгон. Апам журналист десе эле калем-кагазын көтөрүп алып бир саясатчынын артынан чуркап жүргөн адамды элестетчү. Ошол жылдары Кыргызстанда журналисттерге көп кысым көрсөтүлүп, апам ошондон улам да чочулап калса керек. Ата-энем журналист болом дегениме карабай Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин эл аралык мамилелер факультетине тапшыртып коюшкан. Мен дароо "ал жакка окубайм" дедим. Анан атам барып документтеримди БГУнун журналистика факультетине тапшырып коюптур. Ошентип өжөрлүгүмдөн улам сүйүктүү кесибимдин ээси болгом.

– Учурда иштеп жүргөн «Азаттык+» берүүсүнө кантип келип калдың?
– 1-курсту аяктаганда КТРКга практика өтөйм деп бардым. Ошондо баёо экенмин, телевидениеге барып эле эфирге чыгам, алпаруучу болом деп күлгүн көз айнекти тагынып алыптырмын. Алар практикадан өтүү үчүн 3 миң сом сурашты. Ыза болуп ыйлап, "бардык жерде эле акча чечет экен" деп кайткан элем. Андан соң башка бир телеканалда практика өтүп, бир жылдай «Айым ордо» деп аталган автордук берүүмдү алпарып жүрдүм. Бирок окуума байланыштуу ал каналдан кеткенге туура келди. 2-курсту аяктаганда өкмөттүн басма сөз кызматында иштеп жүргөм, ошол жактан «Азаттыкка» чакырышкан. Эмнегедир көңүлдөнгөн жокмун, барбай койгом. Кийин дагы чалышканынан барсам толтура кыз жүрөт, маанайым аябай түштү. Кастингге келген кыздар сулуу да, акчалуу да, теледе тааныш-билиши барлар болчу. Мен ал критерийлердин бирине да туура келчү эмесмин. «Акчам жок, таанышым жок, укмуш сулуу болбосом кантип ушулардын арасынан өтүп кетмек элем?» деп кейигеним эсимде. Бирок, буйрук экен, минтип «Азаттык+» берүүсүндө иштегениме эки жыл болуп калыптыр.

– Сени Элиза Кененбаева менен салыштыргандар көппү?
– Мындай салыштыруулар болорун башында эле мага айтып даярдап коюшкан. Мени Элиза эжеге салыштырышса аны комплимент катары кабыл алам. Экөөбүздүн алып баруубуз такыр эки башка деп ойлойм. Элиза эже эфирде назик болсо, мен камера күйгөндө эле тыкылдап сүйлөп баштайм.
«Азаттыкка» келгенге чейин саясат тууралуу такыр түшүнүгүм жок болчу. Келечекте элдин социалдык көйгөйүн чагылдырган өзүмдүн автордук берүүмдү ачкым келет. Кудайга шүгүр, ушул күнгө чейин дарегиме бир да терс сын уга элекмин.

– Өнөктөшүң Токтосун Шамбетов менен болгон шайкештигиң жумуш чегинде элеби же ортоңордо сезимдер барбы?
– Жок, ортобузда жөн гана ага-карындаштык мамиле бар. Эфирде сен десем, ал эми жашоодо Токтосун байке деп кайрылам, ал менден 4 жаш улуу. Өзүмдү эмоционалдуумун деп ойлочумун, бирок анын алдында жоош болуп калам, ал менден өтөт. Абдан тамашакөй, кээде жиниме тийип алат, бирок такыр кечирим сураганды билбейт. Мени жигиттерден коруп, балдар менен сүйлөшүп калсам «бас кеттик» деп шаштырып калат. Токтосун экөөбүз дүкөн кыдырып ага кийим тандайбыз, ал менин табитиме ишенет. Кыскасы, Токтосундун өнөктөшү да, стилисти дагы менмин десем болот.

– Стиль демекчи, сенин эфирге кийип чыккан кийимдериңди өзүң сатып аласыңбы?
– Бизде жыл башында атайын алпаруучулардын кийимине акча бөлүнөт. Чынында башында эфирге кийип чыкканга кийим таппай аябай кыйналгам. Курбуларымдын шымын, көйнөгүн сурап кийип чыккан учурлар да болгон. Алгачкы эфиримде апам экөөбүз түнү менен дүкөн кыдырып кийим алганыбыз эсимде. Бара-бара кемчиликтерди эске алып айлыгымдан эки кофта, эки көйнөк алып коём. Ал эми стиль боюнча эч кимден кеңеш сурабайм өзүмдүн табитимде эле кийинем.

– Сендей тыкылдаган кыз кандай үй-бүлөдө өсүп чоңойду?
– Түбүбүз Алайдан болот. Бирок мен Бишкек шаарында төрөлүп-өскөм. Салтты бекем кармаган үй-бүлөдө тарбияландым. Балалыгым эки инимди багып жүрүп өттү. Үйдө үч бир туугандын улуусумун. Апам кесиби боюнча дарыгер, учурда үй кожойкеси, атам жеке ишкер. Каникул учурунда ата-энеме кол кабыш кылып «Дордой» базарында соода кылчумун. Азыр базарда иштегендер «биздин кыз» деп мени менен сыймыктанышат.

"Мени тарбиялап өстүргөн алтындай ата-энем".

"Токтосун мыкты өнөктөш гана эмес, кызыктуу да адам".

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
youngyoung
2016-04-04 19:18:06
Жакасы тигинтип алжайып ийинине чейин тушкон койнок кийуу бизде салтта бар беле? Тош менен жамбашты чыгарып туруп суротко тушуучу? Салтты бекем кармаган уйбулодо тарбияланган экен...
-2
owtu
2016-04-04 19:55:05
ишинизге ийгилик!
0
owtu
2016-04-04 19:55:31
азаматсыз!
0
simone
2016-04-04 22:12:18
Эн негизгиси бактылуу кыз бол!
0
anu.alfia04
2016-04-05 17:49:16
Ата энендин умутун актап бактылуу бол!!!
0
akubeku
2016-04-06 11:52:11
Жакшы алып барат ийгилик карындашым
0
Gulinaza
2016-04-06 14:21:00
Молодец умничка
0
Juke.kg89
2016-04-06 20:51:24
Видео версиясы жокпу же ээми чыгабы Админ?
+1
admin_superstan
2016-04-07 11:17:46
Juke.kg89, саламатсызбы? Тилекке каршы, жок.
0
gulaza
2016-04-07 11:27:51
Жакшы
0
Meerman
2016-04-07 18:28:25
Ayabai jagat ushul kyz
0
Meerman
2016-04-07 18:29:33
Azamat
0
Meerman
2016-04-07 18:43:16
Jakshy
0
nurka1993
2016-04-09 13:28:29
Урматтуу администрация!Кечиресиздер,Арноо концертке куттуктоо берели дедик эле,канча кун эрте кайрылыш керек жана маянасы канча болот билип беруу мумкунбу?Эгер бул жерден жарыялоо мумкун болбосо,электрондук дареке жонотуп кое аласыздарбы?
0
Nazyk
2016-04-09 21:03:28
туштуктогу алып баруучулардан эмнеге интервью албайсыздар?
0
lenovo820
2016-04-10 13:51:26
Telefonu jok ele jawap jurboduk bele
0
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан