БУУДАЙЫК ЖАНА КУМАЙЫК

Балдар, буудайык деген куш жөнүндө уктуңар беле? Ал – канаттуулардын пири, төрөсү болот деп айтылат. Уламышта анын кебетеси, түсү төмөнкүдөй баяндалат. Буудайыктын көзү чекир (боз), жүнү чаар, үнү заар, текөөрү болот, куйругу кучак, манжалары адамдыкы сыңары бешөө, тулку бою башка канаттуулардан бөтөнчө деп сүрөттөлөт. Ошондуктан эл оозунда "куш төрөсү – буудайык" деген накыл кеп айтылып калган дешет.
Кумайык болсо адам буту баспаган аска-зоого тууйт экен. Туулган баласы үч күн күчүк болуп кыңшылап жатат имиш. Аны ошол күчүк маалында таап, абайлап чоңойтсо кумайык болот деп айтылат. Үч күнгө чейин эч ким көрбөсө, ал күчүк «балта жутар» куш болуп учуп кете берет дешет.
Кыргыз эл оозеки адабиятында кумайык – ит төрөсү, иттердин урук-тукумун калкалоочу катары баяндалат. Кумайык адамдарга жакын болуп, жырткычтардан коргогон деп айтылып келет. Мисалы, желмогуз жер бетине чыкчу болсо, аралыгы жети күнчөлүк жеринен кумайык билип, үрүп чыгып тиш салат делет уламыштарда. "Манас" эпосунда кумайык колдоп, касиеттүү айбандардын бири катары сүрөттөлүп, Манас өлгөндөн кийин кумайык да кайып болуп кетет. Кийин Семетей эр жеткенде кайра пайда болот делет.

Султан Төрөбеков
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан