70 МИЛЛИОН РУБЛГА КУРУЛГАН ТОННЕЛЬ


Өлкөбүздүн түндүк менен түштүгүн бириктирген Бишкек-Ош унаа жолунун курулушун өлкөбүздөгү өткөн кылымдагы эң ири долбоорлордун бири десек жарашат. Бул стратегиялык маанидеги жолдун курулушун кеп кылсак, өзүнчө узун тарых. Бул сапар биз аталган жолдун эң бийик жери Төө-Ашууга курулган Кусейин Көлбаев атындагы тоннель тууралуу маалымат бермекчибиз.

КҮН САЙЫН 3,5 МИҢГЕ ЧЕЙИН АВТОУНАА ӨТӨТ

  1. Бишкек-Ош унаа жолун куруу чечими 1956-жылы чыгып, куруу иштери 1957-жылы башталган. Бишкек-Ош унаа жолу 1965-жылдын 18-октябрында ачылган.
  2. Төө-Ашуудагы тоннель 1964-жылы аяктаган.
  3. Тоннелдин курулушуна 70 миллиондой рубль (ал кезде рублдун куну долларга караганда бир кыйла баалуу болгон) жумшалган.
  4. Тоннель деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.
  5. Узундугу 2650, туурасы 6 метр.
  6. 2000-жылы тоннелдин ичинде КамАЗ бузулуп, тыгын жаралган. Анын кесепетинен түтүнгө ууланып 6 киши каза болгон.
  7. 1999-2001-жылдар аралыгында 5 миллион долларга капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.
  8. Учурда тоннелдин ичинде 11 вентилятор, 30 видеокамера, 35 телефон жана өрт өчүрүүчү шаймандар бар. Булардын иштегенин көзөмөлдөгөн адистерден сырткары куткаруучулар, өрт өчүрүүчүлөр, медиктер жана милиция кызматкерлери күнү-түнү кызматта турушат.
  9. Тоннелден өтүү үчүн ар бир унаага 45тен 275 сомго чейин акы алынат. Алардан түшкөн каражат тейлеген кызматкерлердин маянасына, жалпы тейлөө жумуштарына жана керектүү материалдарды алууга жумшалат.

«ОШОЛ УЧУРДАГЫ ЭҢ ИРИ ДОЛБООР»
Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин курулушунда иштеген курулушчулардын бири, «Кыргыз Республикасынын ардактуу курулушчусу» наамынын ээси Асад Гасанов тоннель тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген жолду салуу Улуу Ата Мекендик согушка чейин эле башталган. Согуш учурунда иш солгундап, аяктаган соң куруу иштери жанданган. Ошол учурда техника жакшы өнүгө элек болгондуктан куруу иштери бир топ кыйынчылыктар менен коштолгон. Бир эле адамдын демилгеси, эмгеги менен мындай чоң долбоор бүтмөк эмес. Андыктан ага катышкан ар бир адамдын эмгеги баалуу. Ошентсе да бул долбоордун башында туруп, аны аягына чыгарууга бел байлаган Кусейин Көлбаевдин орду кайталангыс деп айта алам. Ал Кыргызстандагы биринчи инженер эле.
Тоннель курула электе эски жолду кар басып калып эрте күздө эле жабылып калчу, эл Өзбекстан менен Казакстандын аймагы аркылуу каттачу.
Эл оозунда «Төө-Ашуудагы тоннелди казууда прораб ката кетирип алып, ошонун айынан өзүн атыптыр», «камалып кетиптир» деген сөздөр айтылат экен. Бул болбогон жомок. Кантип прораб же инженер ката кетириши мүмкүн? Тоону тешүүдө алдын ала бардыгы так эсептелип, болжолдуу түрдө баары картага түшүрүлүп чыгат, адашууга жол берилбейт. Ооба, кайгылуу окуя катталган. Бирок мунун тоннелге тиешеси жок. Бир жолу жооптуу кызматкерибиз жумуш боюнча Москвага аттанган. Жанында жашыруун баалуу документтер бар болчу. Жолдо баратып жанындагы жолоочу менен анын портфели кокусунан алмашып кетиптир. Бара турган жерине жеткенден кийин гана портфели алмашып кеткенин билип, жүрөгү кармап каза болгон.

«ЖУМУШ ООР БОЛГОНДУКТАН КӨБҮ ЧЫДАБАЙ КЕТИП КАЛЫШЧУ»
Аалы Өмүрбаев аксакал да тоннель казуу иштеринде 6 жыл иштеген.
– 1960-жылы тоннелде иштеп жүргөн Токтогул Иманкулов деген айылдашым «сен да иштебейсиңби?» деп чакырып, иштеп калгам. Ал убакта мен 23 жашка чыгып, күчкө толуп турган убагым эле. Иштеген адистердин 90 пайызы Орусиядан келген адистер болчу. 6 сааттык нөөмөт менен иштечүбүз. Мен салмагы 16 килограмм болгон перфоратор менен тоо тешем, дагы башка адистер ал тешикке жарылуучу заттарды салып жардырышат. Жумушка орношкондордун көпчүлүгү жумуш оор экен деп кетип калып, көпкө чыдашчу эмес. Бир жолу жаш цыган жигит да проходчик болуп перфораторго иштегени келди. 1 күн иштеген соң «бул тоону Кудай жараткан, өзү жараткан тоону өзү тешсин. 10 миң рубль берсеңер да иштебейм» деп кетип калган. Иштеген ишиңе карап маяна жазылчу, канчалык көп тешсең, ошончолук көп айлык чыкчу. Мен айына орточо 5 миң рубль маяна алчумун. 1972-жылы биринчи келип баштаганда 5100 рублга Жигули сатып алгам. Тоннелди куруу иштеринде бетон аралаштырып жүргөн бир орус аялды трактордун ковшасы басып калып каза болсо, кийинчерээк 3 кишини көчкү басып каза болгон.


Тоннелдин курулушу аяктап, автоунаалар каттап калган кез.

Тоннелди куруу учуру.

Учурда тоннель он-лайн режиминде көзөмөлдөнүп турат.

Төө-Ашуудагы аба ырайын
интернет аркылуу үйдөн отуруп деле көрсөңүз болот

Нурбек Абдыкадыров,
Турсунай Алымкулова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
jemile
2016-04-04 10:35:37
Админ, Алайдагы перевал жөнүндө да жазыңыздарчы, деңиз деңгээлинен 3600м ден бийик, куруучулар өмүр бою эркинен ажыратылгандар болгон дешет, башкы инженери текшерүүдөн өткөн акыркы камаз чыкканда жүрөгү кармап өлгөн дейт...

+6
admin_superstan
2016-04-04 15:45:20
jemile, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
Ailo
2016-04-05 12:53:39
jemile,Суйунучунон журогу жарылып олгон дейт уккам
0
Er-jurok
2016-04-04 10:38:52
Кунуно канча акчалар тушуп жатат. Ошого ондоп койсо болмок. Мен тынымсыз каттап турам тоннелдин ичи болбой калган.
Ямаларга тушо берип чарчайсын.
+8
sharolli
2016-04-04 10:41:29
Кайсы сайттан коруп турсак болот онлайн режиминде? Админ жазып койгулачы
0
saku94
2016-04-04 11:10:12
sharolli,KG Live деген приложения бар телефонунузга жуктоп алып,Бишкек шаарындагы, Ош шаарындагы кээ бир кочолорду, Тоо-Ашуунуда корсонуз болот.
+1
EdikoKG
2016-04-04 11:05:16
Автор,Тундук-Туштук деп болбой эле,Бишкек-Ош жолу десенер болбойбу?
-5
rahat97
2016-04-04 15:36:24
EdikoKG,болду дегенге жатпайт айтылышы ошондой батыш менен чыгышты тундук менен туштукту дегендей окугансынбы ыя
+2
Maks_shop
2016-04-04 18:55:25
EdikoKG,красавчик ,туура кошулам
0
Lintel
2016-04-05 09:10:40
EdikoKG, Бул тема жонундо аймаггыбызды бириктирген деп жазса деле болот эле Тундук-Туштук деп такыр жазбагылачы сураныч болунгондой жазасынар
0
rahat97
2016-04-05 20:25:55
Lintel,келесооооо окубаган бириктирген деп жазса ким тушунот тундук туштук батыш чыгыш кун кайсыл жактан чыгат батат анда да айтпаш керекпи же айтса болунгондой болобу оштук бишкектик деп деле айтылат анын эмнеси бар экен болунгон адам башка соз менен деле болуно берет
0
Rifle_3
2016-04-10 16:19:30
Бөлүнүү жөнүндө жазылбаса да тили кычышкандар көп экен да бизде.
Мени да оштук дей беришип тажатты кээ бир акылы кемдер. Аксы Ошко карабайт десем да, баары бир оштуксуң дейт.
0
Abdyrawit
2016-04-07 21:35:28
EdikoKG,Менимче бул бөлүнүү эмес. Бүт эле өлкөдө ошондой айтылат. Ал бир гана Ошту эмес . туура эле Өлкөнүн түштүк жагын бириктирүүчү жол.
0
sharolli
2016-04-04 12:04:44
Saku94 чон рахмат
0
windows.kg
2016-04-04 12:18:10
Урматтуу админ кайсыл сайттан корууго болот кошо жаэып кетпепсиздер сураныч личкама жазып коюнуздарчы...
0
MuslimNur95
2016-04-04 12:27:50
Супер Эн жакшы маалымат экен , Чынында тоннельди бутуруу оной болбоптур СССР дин мындай жерлерге жакшы пайдасы тийген .
+3
bekaaaaaaaa
2016-04-04 13:26:01
барына шугур! бирок кичине тар салынып калган дешет камаз айдагандар,
+3
pchelka7770
2016-04-04 21:12:23
2650 метр жолду ондоп койсо болмок , яма коп. Кунуго канча деген акча тушот, жеп жата беришет да.
+8
mister.ailasyz
2016-04-05 12:22:25
Исхак Раззаковдун эмгеги кайда калды?
+3
Komrad
2016-04-05 12:35:11
Тоолор болуп турса айтылат да.
+1
Lapushka15
2016-04-06 22:59:57
Тушунук деген жок.Жон эле бойроктон шыйрак чыгарган адамдар болот е.Туштук,тундук,батыш,чыгыш деп айтылат да. Эч ким болгон жок.Илимий турдо жазылат да
0
Mihsa
2016-04-10 18:00:20
Боом капчыгайы, Долон ашуусу тууралу да жазып койсонуздар жакшы болот эле, ал жактарда да кызыктуу маалыматтар бар болуш керек.
0
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан