КӨК ЧӨПТӨРДӨН ТОКОЧ ЖАНА КОТЛЕТ

Жазгы үзүмчүлүктө көк чөптөр адамдын организмин түрдүү витаминдер менен байытат. Касиеттерине токтолсок, мисалы, ат кулак иммунитетти чыңдап, өт жана боор оорусунан айыгууга жардамчы. Жалбыз муундун, беде өттүн, ичегинин оорусунда колдонулуп, канды тазалайт. Алабата чачтын жана тырмактын өсүшүн жакшыртат.

«ӨЛКӨДӨ ЧЫРЫШТЫН 21 ТҮРҮ ӨСӨТ»
Мыскалай Ганыбаева, Кыргыз улуттук Илимдер академиясынын Биология жана топурак таануу институтунун флора лабораториясынын улуу илимий кызматкери:
– Кээ бирлер чырыш, үлкөн деп атап жүргөн өсүмдүктүн туура аталышы чыраш же кулунчак. Бирок көп жерлерде, өзгөчө түштүк жергесинде чырыш деп айтылат. Илимде Эремурус (байыркы грек сөзү, eromos-чөл, ura-куйрук) аталышын алып жүрөт. Тоо этектеринде, адырларда өсүп, боюнун бийиктиги 60-180 сантиметрге чейин жетет. Өлкөдө 21 түрү кездешет. Уругу, тамыры аркылуу көбөйөт.
Жаш жалбырактары жазында тамак-ашка колдонулат. Тамырынан желим (клей) даярдалат. Тажиктер желимди «чиряш» аташкандыктан чыраш, чырыш аталышы ошондон келип чыккан деген божомолдор бар. Тамыры, жалбырактары боёк катары да пайдаланылат. Азыркыга чейин сакталып келе жаткан илгерки айрым курулуштардын кышына чырыштан алынган желим кошулган деген жоромолдор бар.
Кээ бирлер кооздук үчүн бакчасында өстүрүшөт.Химиялык курамы толук изилдене элек. Бирок окумуштуулар организмде зат жана кан алмашууну жакшыртканы менен, бөйрөк оорусу жана кант диабети барлардын оорусун курчутуп жиберерин айтышат.


ЧЫРЫШ МЕНЕН ТОКОЧ

Керектелүүчү азыктар:

Ун – 2 стакан
Сода – бир чымчым
Чырыш – 8-10 даана
Көк пияз – жарым боо
Өсүмдүк майы – 100-120 грамм
Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  • Туурамжы. Жуулган чырыш, көк пияздын суусун сарыктырып, майда туурайбыз. Көмөч казанга май куюп, тууралган көк чөптөрдү бир сыйра кууруп алабыз. Туз, калемпир, мурч кошконду унутпаңыз.
  • Унга туз татыган суудан куюп камыр жууруп, 15 мүнөт тыныктырабыз. Эми камырды майда тоголокчолорго бөлүп, ар бирин калыңдыгы 2 миллиметрдей кылып жаябыз. Анан бир четине туурамжыдан салып, четин бекитебиз.
  • Көмөч казанга май куюп, токочтун эки бетин бышырып алабыз, токочтор даяр.

Эскертүү: Кычкылды жактыргандар ат кулакты көбүрөөк кошсо болот. Туурамжыга куйрук, жумуртка кошуп да бышырууга мүмкүн.

 ТООК ЭТИ МЕНЕН КОТЛЕТ

Керектелүүчү азыктар:

  • Тоок эти – 1 килограмм
  • Бөлкө – 0,5 даана
  • Сүт – 500 грамм
  • Көк пияз – 1 боо
  • Укроп, кинза – жарым боодон
  • Алабата – 5-6 жалбырак
  • Беде – 1 кочуш жалбырак
  • Жумуртка – 2 даана
  • Помидор (черри) – 8-9 даана
  • Салат жалбырактары – каалоого жараша
  • Өсүмдүк майы – 200 грамм
  • Туз, мурч, калемпир – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  • Сүткө бөлкөнү салып жибитип коёбуз.
  • Эт туурагычтан алгач этти, артынан сүттөгү бөлкөнү сыгып алып өткөрөбүз.
  • Көк чөптөрдү жууп, кургатып, майдалап туурап, фарштын үстүнө кошобуз. Туз, мурч, калемпир, жумуртканы кошуп жакшылап аралаштырабыз. Эми фарштан аздан алып, котлет формасына келтиребиз. Майды көмөч казанга куюп, котлеттерди бышырып алабыз. Тарелканын бетине салат жалбырагын салып, үстүнө котлеттерди коюп, тегерегине помидорлорду жайгаштырсак, тамак даяр.

СЫР ТОКОЧУ (СЫРНИК)

Керектелүүчү азыктар:

  • Быштак – 300 грамм
  • Сыр – 150 грамм
  • Жумуртка – 1 даана
  • Ун – 1 аш кашык
  • Упаланган нан күкүмдөрү
    (панировочные сухари) – 2 аш кашык
  • Каймак – 100 грамм
  • Жалбыз, райхан – 6-7 жалбырактан
  • Петрушка, укроп, кинза – 5-6 талчадан
  • Туз – татымына жараша
  • Салат жалбырагы, мурч – каалоого жараша

Даярдоо ыкмасы:

  • Көк чөптөрдү жууп, кургата аарчып майда туураңыз. Сырды сүргүчтөн өткөрүңүз.
  • Быштакты кашык менен эзип, үстүнө жумуртка, ун, сыр, көк чөптөрдү, туз, мурчту кошуп жакшылап аралаштырыңыз. Четинен аздан алып, токоч формасына келтирип, упаланган нан күкүмдөрүнө оонатыңыз. Электр мешинин табасын майлап, үстүнө упаланган нан күкүмдөрүнөн себелеп, токочторду абайлап жайгаштырасыз. 200 градуста ысып турган электр мешине салып, 5-10 мүнөт кармасаңыз, токочтор даяр. Тарелкага салат жалбырагын төшөп, токочту коюп, үстүнө каймакты куясыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
Arabella
2016-04-04 10:25:04
Сураныч! Кашанын ичине жашылчанын орусча котормосун жазып койгулачы!
+3
tursunbaev2016
2016-04-09 20:00:04
Arabella,(Эремурус)
0
nursultan67
2016-04-05 11:24:21
Чырышты быйыл куп эле жедимго
0
aiyma887
2016-04-05 12:28:55
Супер!!!
0
alykul
2016-04-05 15:08:21
Чырыш дегени не мен жалалабаддан болом бизде да барбы .болсо кандай аталат .
+2
sely
2016-04-05 20:09:20
alykul,Ооба силерде да бар адырларда осот болбосо эрте жазда базарда сатылат
0
chika91
2016-04-07 01:33:15
alykul,бизде деле жалалабатта деле чырыш омот адырларда жайлоолордо же базарларда бар
0
Asyl.jazi
2016-04-05 22:41:04
Алабата деген кандай болот?
0
ayildik_kiz
2016-04-11 09:12:34
Asyl.jazi,кадимки отоо чоп.Бирок муну да жесе болоорун укпаган экем.
0
taku95
2016-04-06 00:02:47
Бизде кок деп койот аябай жейбиз корсо пайдасы коп тура
0
orun
2016-04-07 11:26:12
Чырыш дегени демек улкон турбайбы. Бизде Баткенде улкон деп коюшат. Анан дагы мандил деген жашылча осот тее бийик тоолордо. Мандилден самсы бышырса ото соонун болот. Башка тамак аштарга колдонсо да болот.
0
bemka.703
2016-04-08 18:41:02
Чырыш деген эмне?орусчасын же башка соз менен тушундургулочу
0
aminali
2016-04-09 00:05:46
bemka.703,Мен да тушунбодум кыргыз болуп, уялып жатам сурагандан. Улконду да Билбейм, пияз же жуусайбы? Суротту карап болжолдоп койдум.
0
Gulinaza
2016-04-08 23:58:49
Ушундай кокторду жебегениме кооп болду бул макаланы окуп алып жегим келип кетти
0
Juztilla92
2016-04-09 00:14:59
Баарынарды Баткенге чакырамын бизде осот баары...улкондон самсы бышырсан соонун болот.
0
baska
2016-04-09 12:20:16
Смалак,жалбыз денг чопптордон жасаса отто отто даамдуу болот ден соолукка да пайдалуу
0
zoichka
2016-04-10 11:11:23
Жалбыз.кок беденин да пайдалуу жактары коп.апам пирожки бышырчуу.аябай даамдуу сонун болгон
0
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан