ЖЕРГИЛИКТҮҮ ШАЙЛООЛОРДО «АТА МЕКЕН» АРТТА КАЛДЫ

27-март күнү Кыргызстанда 6 шаардык жана 21 айылдык кеңешке депутаттарды шайлоо болуп өттү. БШКнын башчысы Туйгунаалы Абдраимов айрым бир мүчүлүштүктөрдү эске албаганда шайлоо тынч жана штаттык режимде өткөнүн билдирди. Шайлоолорго көз салуучу «Таза шайлоо» коомунун өкүлдөрү «шайлоо таза өттү деп айтканга ооз барбайт» деп, айрым аймактарда добуштарды сатып алуу катталганын билдирүүдө.
БШКнын маалыматына ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаттарын тандоого шайлоочулардын 56 пайызы катышты. Ош шаарында адаттагыдай эле шайлоочулардын активдүүлүгү байкалды, башкача айтканда, шайлоочулардын 62,32 пайызы катышты.
Жыйынтыгында Ош шаарында бийликчил КСДП 30,6 менен көпчүлүк добушту алып жеңишти камсыздады. Буга катар «Кыргызстан» 15,7, «Мекеним Кыргызстан» 11,8, «Республика-Ата Журт» 9,7, «Бир бол» 8,5, «Өнүгүү-Прогресс» 8 добуш алуу менен шаардык кеңешке жолдомо алышты. Өзүнчө шайлоого аттанган «Ата Журт» 3 пайыздын тегерегинде добуш алуу менен барьерден ашып өтө алган жок.
Ал эми Каракол шаарында болсо «Табылга» партиясы шайлоочулардын 28,5 добушун алып, биринчи болуп чыкты. Андан соң КСДП 13,9, «Кыргызстан» 10,2, «Республика-Ата Журт» 8,8, «Өнүгүү-Прогресс» 8,3 менен 7 пайыздык чекти аттап өтүштү.
Балыкчы шаарында шайлоочулардын 20,8 пайызынын ишенимине ээ болгон «Замандаш» партиясы алдыңкы боло алды. Андан кийинки орундарды «Кыргызстан», «Республика-Ата Журт», КСДП, «Өнүгүү-Прогресс» ээлешти.
Кемин шаарында да КСДП ийгиликке жетишти. Президенттик партия 35,7 добушка ээ болду. Андан ары «Республика-Ата Журт», «Замандаш», «Өнүгүү-Прогресс», «Улуу Кыргызстан» болду.
Токмок шаарында да КСДП 36,7 добуш алып, алдыңкы боло алды. Ошону менен катар «Кыргызстан», АК саясий партиясы, «Республика-Ата Журт» барьерден өтүштү.
Ал эми Майлуу-Суу шаарында болсо «Республика-Ата Журт» партиясы 40,2 добуш алуу менен биринчи болуп өттү. Анын соңунан эле КСДП 37,9, «Өнүгүү-Прогресс» 9,9, «Ата Мекен» 7,9 добуш алууга жетишти.
Көрүнүп тургандай, жергиликтүү шайлоолордо «Ата Мекен» партиясына ийгилик жылмайбады. Социалисттер 6 шаардын бирөөндө гана илең-салаң чектен өтүштү.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан