ПРЕЗИДЕНТТИН АЙЛАНАСЫНДАГЫ КЛАНДАР КҮРӨШҮ. ЖЭЭНБЕКОВ VS КАРАШЕВ

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев «мен ордума бирөөнү калтырып кетпейм. Эл өзү каалаганын президенттикке шайлап алсын» деп көп айтат. Бирок ошондой болушуна анын тегерегиндегилер жол береби? Колундагы бийликти, демек, мамлекеттик ресурстарды башкаруу рычагын жөн гана башкаларга өткөрүп берип салууга макул болушабы? Кыргызстан басып келе жаткан жолго, окуяларга көз чаптырсак андай болбойт. Учурда бийлик башында тургандар аны кармап калууга, кийинки президенттикке өздөрүнө ишенимдүү адамды алып келүүгө сөзсүз аракет көрүшөт.
Кийинки президент түштүктүн өкүлү болот деп өткөн күндөргө көз чаптыруу менен ишенимдүү айтууга болот. Негизи, Кыргызстанды түндүк жана түштүккө бөлүү терс көрүнүш. Анткен менен канчалык карапайым калкка «бөлүнбөйлү» деп чакырык таштаганына карабай саясий элита «түндүк менен түштүктүн балансын» жазылбаган мыйзам катары дайыма сактап келет. Алсак, Турдакун Усубалиев түндүктөн, кийинки эл башы Абсамат Масалиев түштүктөн, Аскар Акаев түндүктөн болсо, Курманбек Бакиев түштүктөн эле. Роза Отунбаева «убактылуу» президент болуп, кыска мөөнөткө иштеди. Андыктан кийинки президенттикке да түндүктүн өкүлү Алмазбек Атамбаев келди. Бул ырааттуулуктан улам кийинки ажолукка түштүктүн өкүлү даярдалып жатканын түшүнүү кыйын эмес.
Учурда президентти тегеректеп жүргөндөрдүн арасынан кийинки президенттикке талапкер катары түштүктүн кайсы өкүлүн алып чыгуулары мүмкүн? Мындай мүмкүнчүлүк учурдагы биринчи вице-премьер министр Аалы Карашев менен улам кресло которуп, улам президентке жакындап келе жаткан Сооронбай Жээнбековдо жогору.
Башкарууга ыңгайлуулугу, амбициясы азыраак болгону Сооронбай Жээнбековду Аалы Карашев менен атаандаштыкта бир кадам алдыга алып чыкты. Бул адам канчалык нааразычылыктар болуп жатканына карабай Ош облусунун губернатору катары 5 жыл иштеди. Губернаторлуктан алынгандын эртеси Мамлекеттик кадрлар кызматынын башчылыгына дайындалды. Ал эми үстүбүздөгү жылдын март айында Президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басарлыгына келди. Башкача айтканда, президентке жакын келип жайгашты. Демек, Аалы Карашевди бир кадам артта калтырды.
Карашевди учурдагы президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, ал эми Сооронбай Жээнбековду учурдагы Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов колдоп, алдыга сүрөп жатат деп жоромолдоого мүмкүн.
Эске салсак, президенттик шайлоо 2017-жылдын аягында өтөт.Учурда президентти тегеректеп жүргөндөрдүн арасынан кийинки президенттикке талапкер катары түштүктүн кайсы өкүлүн алып чыгуулары мүмкүн? Мындай мүмкүнчүлүк учурдагы биринчи вице-премьер министр Аалы Карашев менен улам кресло которуп, улам президентке жакындап келе жаткан Сооронбай Жээнбековдо жогору.
Башкарууга ыңгайлуулугу, амбициясы азыраак болгону Сооронбай Жээнбековду Аалы Карашев менен атаандаштыкта бир кадам алдыга алып чыкты. Бул адам канчалык нааразычылыктар болуп жатканына карабай Ош облусунун губернатору катары 5 жыл иштеди. Губернаторлуктан алынгандын эртеси Мамлекеттик кадрлар кызматынын башчылыгына дайындалды. Ал эми үстүбүздөгү жылдын март айында Президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басарлыгына келди. Башкача айтканда, президентке жакын келип жайгашты. Демек, Аалы Карашевди бир кадам артта калтырды.
Карашевди учурдагы президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов, ал эми Сооронбай Жээнбековду учурдагы Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов колдоп, алдыга сүрөп жатат деп жоромолдоого мүмкүн.
Эске салсак, президенттик шайлоо 2017-жылдын аягында өтөт.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан