Адатта рэп ырчысы десе чолок шым, майка, кепка кийген, чынжырларды моюнуна илип, денесине татуировка тартылган көчө баласын элестетебиз. Каарманыбыз Мот жогоруда биз сүрөттөп жаткан рэп ырчыларына такыр окшошпойт. Ал жаз музыкасын сүйгөн, бекем тартипте өсүп, мектепти алтын медаль менен аяктаган. Анан да денесине татуировка чегүүгө олуттуу себеп керек деп эсептейт. Айдоочулук күбөлүгү жок, метродо жүргөн жөнөкөй Мот көпчүлүк ырларын учакта баратканда жазат.
Толук аты-жөнү – Мельников Матвей Александрович
Сахнадагы псевдоними – Мот
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 2-март
Туулган жери – Орусиянын Краснодар крайы, Крымск шаары
Чыгармачылыктагы багыты – Ырчы, рэп аткаруучу
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 72 килограмм
Популярдуу ырлары – «Капкан», «Бүтүндөй баары» («Абсолютно всё»), «Апа, мен Дубайдамын» («Мама, я в Дубае») жана башкалар.
Учурда – Тиматинин «Black Star Inc» продюсердик борборунун мүчөсү
БИЙДЕН РЭПКЕ КАРАЙ...
Жакында эле Бишкекке келип, түнкү клубдардын биринин ачылышында ырдап кеткен Моттун балалыгы Краснодар шаарында өткөн. Бала кезинен ырчыны ата-энеси билимге умтулууга, бекем тартипке көндүргөндөн сырткары өзүн чыгармачылыкта да сынап көрсүн деп 5 жашында бий ийримине беришет. Мектепте жакшы окугандан тышкары Мот элдик бий, латын-америка бийлерин үйрөнүп, 10 жашында хореограф Алла Духованын «Тодес» бий коллективине алынат. Аталган коллективде 5 жыл бийлегенден кийин хип-хоп бийине өтүп, бул бий түрү боюнча түрдүү эл аралык сынактарга катышып, ысымы тар чөйрөдө белгилүү боло баштайт. Аны менен катар ыр жаздырып, аны интернетке жүктөп жүрчү. Мот бул тууралуу «рэп ырчысы болуп каларым оюма келген эмес, мен үчүн рэп жөн гана хобби эле» деп айткан. Мектепти аяктаган соң Москва мамлекеттик университетинин экономист-менеджерлик адистиги боюнча билим алат.
ОКУУСУ МЕНЕН ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫ ЧОГУУ АЛЫП КЕТКЕН
Мот 19 жашында «Битва за респект» деп аталган таланттар сынагында өнөрүн татыктуу көрсөтүп, көзгө көрүнө баштайт. Дал ушул убакта ырчы кесиптештеринин кеңеши менен Мот деген псевдонимди алат (Мот – өз аты Матвейдин кыскартылып айтылышы). Ал эми Тиматинин «Black Star» продюсердик борборуна кантип келип калгандыгы тууралуу мындай дейт: «Бир күнү таң атпай «Black Star» борборунан чалып «сиз менен чогуу иштешели дегенбиз» деп кайрылышты. Ал убакта экономист-менеджерлик адистигинде аспирантурада окуп, аны менен бирге маркетолог болуп иштечүмүн. Ойлондум да «Black Star» берген мүмкүнчүлүктү колдонууну чечтим. Бирок окуумду таштаган жокмун, анткени окуу менен чыгармачылыкты чогуу алып кетким келди».
СҮЙҮҮДӨ ТУРУКТУУ
Туура жүрүм-туруму менен көпчүлүк рэп ырчыларынан өзгөчөлөнгөн Мот сүйүүдө туруктуу. Кыялкеч жигит бала кезинде «Spice Girls» тобунун ырчысы Эмма Бантонго үйлөнгүсү келчү. Учурда Моттун жүрөгү бош эмес, 2 жылдан бери Мария деген бийкеч менен сүйлөшөт. Массалык маалымат каражаттарында, интернетте Мот тууралуу жагымсыз маалыматты дээрлик таппайсың. Орусиянын болочоктогу рэп ырчыларын Моттун жүзүндө көрөбүз дегендер көп. Бул жөнүндө ырчы: «Менин өмүр таржымалым таза, жаман эч нерсе таба албайсың. Бир жолу буга ишенбей өзүм жөнүндө жазылган комментарийлердин баарын окуп чыктым. Негативдүү пикирлерди тапса болот экен, айрымдарга жөн эле жакпасам, кээ бирлер өтө жупуну, жөнөкөй деп жазышыптыр. Биздин коом рэп ырчысы десе эле тентек бирөөнү элестетишет. Кээде «бул сенин сахнадагы образың, жашоодо андай эмессиң» деп жазгандар болот. Мен образ эмесмин, адаммын. Мыкты тарбия бергени үчүн ата-энеме рахмат»,- дейт.
Лунара Бекиева
star@super.kg