«СИҢДИМ ЭКӨӨБҮЗ БИР АДАМДАН ТӨРӨДҮК»

«ӨГӨЙ АПАМ СИҢДИМДИ УРУП, АЛ СҮЙЛӨЙ АЛБАЙ КАЛГАН»
– 1-класста окуп жатканда апам каза болуп, 3 жаштагы сиңдимди боорума кысып кала бердим. Ал учурдагы тарткан кайгы-азапты эстегим келбейт. Атам алган аялдарынын бизге кылган орой мамилесинен улам экөөсү менен ажырашты. Экинчи апабыз сиңдимди уруп, коркута берип сүйлөй албай калганда таенем алып кетти. «Мени да алып кетсе экен» деп көзүмдү жалдыратып кала бердим. Баладай болуп ойноп-күлгөн күндөрүмдү деле эстей албайм. Андай учур деле болбоду окшойт. Классташтарым дүкөндөн бир нерсе алып жеп жатса оозумдан кара суу агып кетчү эле. Кысылып жүрүп мектепти аяктадым.
Классташтарымдын баары окууга тапшырып, шаарга кетип жатышты. Мен дагы окуйм деп айта албай түйшөлүп жүргөнүмдө таякем «окутам» деп шаарга алып келди. Ойлогонум ишке ашып, медициналык окуу жайга тапшырдым. Туугандарыма жүгүмдү артпайын деп жатаканага чыгып, сабактан кийин кафеде официант болуп иштеп, окуумду да ийгиликтүү аяктадым. Анан борбордогу ооруканалардын бирине жумушка орноштум.
Бир күнү автокырсыкка кабылып бир жигит ооруканага түштү. Ийне сайып, сакайып кеткенче карадым. Ал мени тамашакөйлүгү менен арбап алды. Ооруканадан чыккандан кийин шаардын четине стол даярдап, романтикалуу кечки тамакка чакырды. Өзүмчө толкунданам десең, бутум жерге тийбей учуп алгам. Өмүрүмдө биринчи жолу жигит менен сүйлөшүп жатканымдан ошентсем керек. Ошол күндөн тартып анын тамашасын, күлкүсүн бир күн укпасам куса болуп калчумун. Караанын алыстан көргөндө жөн басып барбай, чуркап жеткенге шашат элем. Анын бооруна кирип эркелегим келчү. Энемден албаган мээримди андан алдым. Бир жыл сүйлөшүп, анан баш коштук. Өз алдымча үй-бүлө күтүп, мени коргогон адамым пайда болгонуна кубанып жүрдүм. Жыл айланбай балалуу болдук. Эне мээримине балкып, жолдошума болгон сүйүүм мурдагыдан дагы артты.
Бир күнү таенем чалып сиңдимди окууга жиберерин айтты. Акча тартыш болгондуктан «бир жыл баламды карап тур, кийинки жылы окутабыз» деп көндүрдүм да, жумушка чыгып алдым. Баламды карап, үйүмдү жыйнап колум бир топ узарып калды.

«ЖОЛДОШУМ СИҢДИМДИ КОЛДОНУП ЖҮРҮПТҮР»
– Бир тууган сиңдим келип сүйүнүп эле калдым. Бирок өспүрүм куракта болгон үчүнбү мүнөзү бир аз түнт, оңой менен чечилип сүйлөбөйт. Жумушка үч күн кечинде, үч күн күндүз чыкчумун. Мен жокто баламды карап, жездеси менен жакшы тил табышканын көрүп сүйүнүп калам. Сиңдим келип түгөл үй-бүлө болгонума кубанып, көп нерсеге көңүл бөлбөй жүрө бериптирмин...
Жарым жылдай убакыт өткөн соң сиңдимдин кош бойлуу экенин билдим. «Кимден экенин ачык айт» деп бурчка такасам, «жездем...» деп мукактанып ыйлап жиберди. Башыма таяк менен чапкандай нес боло түштүм. Кантип деп өзүмө да, сиңдиме да суроо бердим, ызаландым, ыйладым. Ачууга алдырып сабадым. Жолдошумду каргап, өзүмдүн жанымды кыймакчы болуп, анте да алган жокмун. Жолдошумдан «итчилик менден кетти, кечир» деп башын шылкыйткандан башка жооп чыккан жок. Ажырашып кетейин деп кайра баламды атасыз өстүргүм келген жок. Сурагандарга «сиңдимди боозутуп койду, ошого ажыраштым» демек белем. Айла жок, кечирдим. Дарыгерге алып барып көрсөтсөм, «3 айлык боюнда бар» деди. Нес болуп жүрүп сиңдимдин ай-күнү жеткенин билбей да калыптырмын. Ал кыз төрөдү. Туугандарга билгизбей өзүбүзгө каттатып алдык. Азыр өз баламдан кем көрбөйм, атасы да кызына жакын. Болгон азап-кайгыны анын бир жылмаюусу жууп кетет.
Сиңдимди болсо окууга тапшыртканбыз. Жакында эле сүйлөшкөн жигити менен тааныштырды. Ата-энеси таенемдердин алдынан өтүп, сөйкө салып кетишти. Ал жигит бир тууганымдын кызы бар экенин билбейт. Кийин билип калса кечиреби? Чындык баары бир калкып чыгат эмеспи, кызы өз апасы тууралуу билсе эмне кылам? Азырынча берер жообум жок.

Жаңыл
Абды Кадыров
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (72)
Bereke10
2016-04-06 14:40:36
Абдан сабырдуу адам экенсиз. Сабырдын тубу сары алтын дейт. Ылайым Кудай сизге сабыр менен кошо бакыт берсин. Акмактык кылган куйоонуздун журогуно ыйман-ынсап толтурсун жана жасаган куноосун сезип омур бою сиздин каш кабагынызды карап жашасын. Ал эми синдиниз жаштык кылып алданган,аны кечириниз жана кызы тууралуу эч кимге айтпай эле азырынча озунуз багып турганынз дурус го деп ойлойм. Турмуш озу таразалайт.Ото акылдуу,сабырдуу,кучтуу айым экенсиз.
0
elif
2016-04-07 02:31:15
Menin jakin taanishtarimda da ushunday okuya bolgon,degi ele kim bolso dagi erkek menen kiz boldubu etiyattash kerek,Alla baaribizga iyman bersin!
0
Zhenishbek.kyrgyz.2014
2016-04-07 07:55:58
Кудай озу сактасын.
+1
Truelensk
2016-04-07 15:28:42
Сериал го.
+1
Mercedes.Benz7777
2016-04-07 23:30:33
Башы жок акмак экен баары жашоого болгон коз карашынар начар экен андан коро олуп алгыла лучше хм хм хм фу
0
Nazik0116
2016-04-08 03:08:18
Сырынды саткан адамга капа болбо, себеби өзүн сактай албаган сырды эч ким сактай албайт.
+1
Alinur
2016-04-08 11:42:09
Кудайым озу сабыр берсин!
0
djigit90
2016-04-08 18:32:15
сабырдуу болунуз, синдиниз болочок жолдошуна тушундурсун, эгер чын суйсо баш кошушат, болбосо той боло элек токтотуш керек. Куйоого тийип артынан ушак соз журсо жаман. Бойдок болсо озу бир айласын табат. Жездеси манкурт экен.
0
qwert123
2016-04-08 21:08:32
мен ишенбейм
0
Rasul_Rahmanaliev
2016-04-09 14:29:57
Мындай окуяга туш болгон кыз менен тааныш болгом.Бииир учурда.Аны колдочумун,ал азыр турмушка чыккан.балким ошол кыздыр.Бакыт каалаймын.
+1
Elika
2016-04-09 21:15:55
Жомокго.
0
Aigera_a
2016-04-10 03:39:22
Кудай сактааа кулагым укту козум корбосу
Аллах озу кечирсин айтпаныз эже
Кудай озу кечирсин деп омур бою эалынып кечирип сураныздар кудайдан
Бирок айтпаганыныз он деп ойлойм синдиниз да озунун айыбын билип куйоосуно чыдап сабыр кылып шугур кылып жашасын намаз окуп Алладан кечирим сурагыла
0
abc123
2016-04-11 09:34:56
Жездеси менен эжеси ажырашып кеткени он. Эгер синдисинин куноосу жок болсо. Эгер синдиси оз каалосу менен ушул ишке барса анда башка тенин тапсын "Тен тени менен тезек кабы менен" деген соз бар. Боодо башка бир баланы алдап тагдыры менен ойнобой. "Алжаке кызга жалжаке куйоо" дейт озуно окшош кайнежеси менен жаткан балдар менен тааныштырыш керек.
0
Nuris_Ala-Buka95
2016-04-11 11:06:58
Эмнеси болсо да жакшы иш болбоптур.Эми аллахтан туура жол корсотуусун сурап ага ишеним менен жашаган он.Кыргыз жигиттерине,эркектерине айтаар элем намысты бекем кармайлы кыргыз деген атыбыз очпосун келгиле айымдарыбызды антип катаал кырдаалга салып кыйнабайлы тескерисинче аялдар коргоого муктаж коргойлу
0
OmurKanysh
2016-05-08 16:30:08
Менда ишендим! Чын эле азыр эмнелер гана болбойт! Автор Азамат Адам экенсиз ошончо нерсени тушунук, акыл менен чечиптирсиз! Сизге ийгилик, куйоонузго акыл эс!
0
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан