Султан десе сахнада домбра кармап «Кудача кыз» деп ырдаган баланы элестетчүбүз. Андан кийин чыгармачылыгы солгундай түшүп, өзү айтмакчы, кагылып-согулуп жүрдү. 3 жыл мурун чыккан «Кыргыз бийи» деген ыры Султанга кайра жаңы дем бердиби, айтор, ырчы мырза кайрадан эл оозуна алынып, тойлор ансыз өтпөй калды.
– Султан, кышында Акбар Сүйүнбаев, Мирбек Иманбеков үчөөңөр берген концерт купулуңа толдубу? Ушул концерттен кийин өзүң жыйынтык чыгарсаң керек...
– Бул концертке жакшы даярданбай, бири-бирибизге ишенип таштап койдук. Чуркап уюштурганы эле Акбар болду. Мен эч нерсе кылган жокмун, формамды көтөрүп барып эле ырдап бердим. Жандуу ырдагандыктан ырларымдын сөздөрүн жаттаганга жетишпей, кагаздан караганым да чындык. Муну трагедия кылуунун кереги жок. Чыгармачылыкта өйдө-төмөн боло берет. Бир кезде жылына канча концерт берсем да аншлаг менен өтүп, жылдыз оорусуна катуу кабылган элем. Концертим ар дайым ушундай болот деп ойлосом керек. Бир жолу Кара-Балта шаарына барсам, эл залдын жарымы болуп калса болобу?! Ошондо көзүм ачылып өзүмө келип, бул жашоодо ак-кара деген бар экенин билип катуу чыйралгам. Көрсө, турмуш өзү эле кагылтып-согултуп жатып тарбиялап коёт экен.
– Ошондо чыйралып, ак-караны ажыратып калгандан кийин катуу иштей баштадыңбы?
– Мурун ай сайын жаңы ыр жаздырып, ойлонбой эле ырдай берчүмүн. Азыр маанисине карап тандап калдым. Фонограмма менен ырдагым келбей калгандыктан концерт да бербей жүрөм. Жаш өткөн сайын өзүңдү сын көз караш менен карап калат экенсиң. Токтолуп, сахнада мурункудай жулкуна албайм. Бирок кээде бийлегим келет, ошондуктан бий ийримине катышып жатам.
– Үй-бүлөң тууралуу айтып берсең. Балдарың деле чоңоюп калса керек? Сени тартып чыгармачылыкка жакыны барбы?
– Балдарым чоңоюп калышты. Акмырза 5ке чыкты, кызым Айсанат 3 жашта. Чынын айтсам, өнөрлөрү жок. Болгону кызым балама караганда тың болгондуктан кээде ырдап калат. Баламдан чыгармачыл адам чыкпаары көрүнүп эле турат. Ал эми келинчегим жөнүндө айтсам, эки окууну бүткөн, кесиби экономист, юрист. Азыр бир компанияда иштеп жатат, андан сырткары кайнатам адвокат, ошого жардам берип сотторго катышат. Үй-бүлөнү өзүм эле багам, аялдын акчасы менен жашаган, аялга баш ийген эркек эмесмин. Кудайга шүгүр, азыркы жашоомо ыраазымын. Жашооңду артка кайрыса барат белең десе, ойлонбой туруп жок демекмин.
– Сен үчүн идеалдуу үй-бүлө кандай болушу керек, үйдө өзүң түзгөн мыйзамдар барбы?
– Идеалдуу үй-бүлө деген – бул уул-кызың, жакындарыңдын жаныңда болуусу. Анан да жубайыңа болгон сүйүү жылдан жылга күчөп турса идеалдуу үй-бүлө деп ойлойм. Албетте, үй-бүлөмдө өзүбүзгө тиешелүү мыйзамдар бар. Мисалы, 14-февралды, туулган күндөрдү майрамдабайбыз.
– Аялзатынын баркын качан биле баштадың эле?
– Апам менен келинчегимдин, деги эле аялзатынын баркын кыздуу болгондо түшүндүм. Аялзаты назик, табышмактуу, акылдуу өзгөчө жан болот эмеспи. Кыздуу болгондон кийин апамды мурункудан да сыйлап, келинчегимдин да баркын билип сүйүп, эркелетип калдым. Себеби кызым чоңоюп турмушка чыкканда аны да күйөөсү мен сүйгөндөй сүйсө экен дейм.
– Атагың таш жарып турган кезде үй-жай алып алсам болмок экен деген ой келеби? Анткени азыркы жаш ырчылар биринчи кезекте үйлүү болуп жатышпайбы?
– Ал кезде продюсер менен иштешип, тапканың экиге бөлүнчү да. Азыр деле Кудайга шүгүр, жер там салып жатам. Бишкекке жаңы келгенде эле жер тамда жашасам деп ниет кылып койгом. Бак тигип, эшиктин алдына суу сээп, чарпаяда уктаганды каалайм. Балдарды тарбиялаганга да жер там ыңгайлуу. Кабат үй аарынын уюгундай болуп тар болот, кысылып кетем. Бүтө элек болсо деле үйүбүзгө бат-бат барып балдарымды ойнотуп, шишкебек жасап жеп эс алып келебиз. Байлыкка кызыкчу эмесмин, көрсө, балдарыңа шарт түзүү үчүн акча да керек экен. Эң негизгиси, эки балама жакшы билим берсем дейм. Байлыкты талаадан эмес, баладан изде дешет эмеспи. Балдарыбызга жакшы тарбия берип алсам, өлкөбүзгө пайда келтирип, эл «ушул баланчанын балдары эле» деп айтышса, мага мындан өткөн байлык жок. Үйүмдү бүтсөм, ата-энемди алдыртам. Анткени ата-энемден мен алган тарбияны балдарым да алса дейм.
– Калп айткан учуруң болобу?
– Калпты 100 пайызга жакшы айтам. Калптын да пайдалуу жактары бар. Мисалы, эки адамды бири-бири менен жараштырыш үчүн калп айтса болот. Зыяны тийбесе, айта берсе болот деп ойлойм.
– Акыркы жолу качан ыйладың эле?
– Ата-энемди жоготуп алуудан корком. Апам улгайганына байланыштуу көп ооруп калат. Мындан 2 жыл мурун бөйрөгүндө таш бар деп операция болуп 4 саат ойгонбой койгондо аябай ыйлагам. Баарын ордуна койсо болот, бирок апаны ордуна кайтара албайсың. Өчүп баратсаң, 1 жыл ырдап мурунку калыбыңа келип жылдыз боло аласың. А эне дегенди кайдан тапмак элек?
– Байкасам, бир топ токтолуп калыптырсың, жаш кезде кетирген каталарыңа өкүнөсүңбү?
– Жаш кезде көп ката кетиргем. Мурун ачуум келгенде оюма келгенди жасап аша чаап кетип, эртеси көчөгө чыга албай, уялып үйдө жатып калчумун. Студент болгондо чылым чегип, ичкилик ичкенди үйрөндүм, жаштыгым армансыз өттү. Бирок булардын баарын айтып, жаштарга терс тарбия бергим келбейт. Азыр эмоцияны башкарып, сабыр кылганды билем.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg