Каныбек Иманалиев: «ДЕПУТАТТАР ЭЛЧИ КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВДУН ИШИНЕ ЖАКШЫ БАА БЕРИШТИ»

29-март күнү Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде элчиликтин 2015-жылы жасаган иштери тууралуу отчёт берди. Отчёт комитет мүчөлөрү тарабынан жогору бааланды.
"Кыргыз өлкөсүн Малайзияда таанытуу, медиа жана коомчулук менен иштөө, мектеп окуучуларына шык берүү багытында жасаган иштери депутаттарды канааттандырды",- деди депутат Каныбек Иманалиев. Ал эми эл өкүлү Айнуру Алтыбаеванын айтымында, Малайзиянын тажрыйбасын үйрөнүү боюнча өкмөткө, Тышкы иштер министрлигине сунуштамалар берилди. «Аталган өлкө туризм жактан аябай өнүккөн жана коррупцияга каршы да катуу күрөшөт. Малайзияда бул багытта кандай мыйзамдар иштей турганына кызыгып жатабыз»,- деди Айнуру Алтыбаева.
Аталган комитеттин мүчөсү Бахадыр Сулейманов биринчи жолу элчиден ушундай кыска-нуска, так жана ачык отчёт угушканын айтты. Анын билдиришинче, Кылычбек Султанов кыргыз-малайзиялык алакасында акыркы жылдары орун алган тыныгууну ийгиликтүү калыпка келтирди. «Малайзияда 3 жыл бою элчибиз болгон жок. Аталган мамлекет менен Кыргызстандын өз ара мамилеси солгундап кетпегендиги, ошол деңгээлде экендиги биз үчүн маанилүү. Сынактан жеңип чыккан окуучуларыбыздын сапары жана тажрыйба алмашуусу аябай жакшы иш болду»,- деди Сулейманов.
Жыйында эки өлкөнүн ортосундагы саясий жана экономикалык маселелер да сөз болду. Финансы министрлигинин сайтында жарыяланган маалымат боюнча, мурунку жылдарга салыштырмалуу 2015-жылы Кыргызстандан Малайзияга экспорттолгон товарлардын көлөмү 85 эсеге өскөн.
2014-жылдын ноябрь айында элчилик кызматка дайындалган Кылычбек Султанов кабыл алынган эреже боюнча Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчисине кошумча Бруней, Индонезия, Таиланд өлкөлөрүндө да элчилик кызматты аткарыш керек. Ал үчүн аталган өлкөлөрдө аккредитациядан өтүшү кажет, бирок эмдигиче аккредитация боло элек. Отчётто ошол иштин кечиктирилип жатышы тууралуу да талкуу болду. Комитет мүчөлөрү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге бул ишти эртелетүү тапшырмасын беришти.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан