ДОЛЛАР КУНУН ЖОГОТУУДА

Кыргызстанда АКШнын жашыл акчасы баасын жоготуп жатат. Жыл башында 76 сомдун тегерегинде сатылып жаткан доллар 31-март күнү акча алмаштыруучу жайларда 69,50 сомдон сатылды. Валюта базарында стабилдүүлүктү сактоо үчүн Улуттук Банк март айынын башынан тарта 74,2 миллион доллар сатып алды.
Адистер долларга болгон суроо-талаптын жоктугу, сатуу-алуу иштери улуттук валютада жүрүп жаткандыгы аны 65 сомго чейин түшүрүүсү мүмкүн экенин айтышууда. Экономист Азамат Аттокуров бул боюнча: «Доллардын түшүшү убактылуу гана көрүнүш. Менимче, түшсө 68 сом, жогоруласа 75 сомдун тегерегинде болот. Доллардын арзандап кетиши биздин экспортко зыянын тийгизет. Себеби биздин улуттук валюта кымбат, ал эми коңшуларыбыздыкы арзан болсо, коңшулардын товарлары бизге келе баштайт. Бул өз кезегинде биздин өндүрүүчүлөрдүн атаандаштык кылуу жөндөмүн алсыратат»,- деп билдирди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан