БИР БҮРКҮМ

  • Автоунааларга жаңы үлгүдөгү МАМЛЕКЕТТИК НОМУРЛАРДЫ даярдоо үчүн тиешелүү жабдуулар келди. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдиргендей, жаңы номурлар 1-июндан тарта чыгарылат.
  • Коомдук, саясий ишмер АСЫЛБЕК ТЕКЕБАЕВДИН жаркын элесине арналган журналист Кудайкул Жусуповдун "Асылбек Текебаев: "Ата Мекен – элим-жерим, канатым, Бүт өмүрлүк айтып бүткүс санатым..." аттуу китеби жарык көрдү.
  • Орусиянын өкмөт башчысы ДМИТРИЙ МЕДВЕДЕВ Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жалындап күйүп ат чаап бара жаткан чабандестин жана Семёнов капчыгайында жергиликтүү элдин жылкы айдап бара жатканы тартылган сүрөттөрүн Таиландда өткөн сүрөт көргөзмөсүнө чыгарды.
  • Бишкек шаардык соту Туризм департаментинин мурунку директору МАКСАТ ЧАКИЕВДИ күчөтүлгөн режимде 3,5 жылга эркинен ажыратты. Эске салсак, ал 2015-жылдын 28-май күнү 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган.
  • 2015-жылы Кыргызстанда 650 бала АСЫРООГО алынган. Алардын 523үн жергиликтүү тургундар, 27 наристени чет өлкөлүк жарандар багып алышкан. Учурда дагы 151 бала асырап алууга муктаж. Чет өлкөлөрдүн ичинен кыргызстандык балдарды АКШ, Швеция, Нидерланд өлкөлөрү көбүрөөк асырап алат.
  • 2015-жылы аскердик кызмат өтөп жүргөн 62 адам КАЗА ТАПКАН. Аскер прокуратурасы ал өлүмдөрдүн 70 пайызын өзүн-өзү өлтүрүү деп тапкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев билдирди.
  • «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «кызматтык жасалмалык» беренелери менен айыпталган Бишкек шаарынын Жол-кайгуул кызматынын башчысы ЗУМРАД ЖАНАБАЕВА убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ал жүрөк оорусунан улам ооруканага түшкөнү маалымдалды.
  • Бишкекте суроо-талап жогору болгон кесиптердин сап башында ТИГҮҮЧҮ ЖАНА МУГАЛИМДИК кесип турат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлайт.
  • Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Ага ылайык, 14 жашка толгон адамды ТЕРРОРИЗМ ҮЧҮН жоопко тартуу каралууда. Белгилей кетсек, Сирияга учурда ата-энеси менен 10 жашка чейинки 85, 14 жашка чейинки 25 бала кеткен.
  • Кыргызстандын жолдорунда 12 миң жол белгилери жетишпейт. Дагы ушунчасы эскирип калгандыктан алмаштырууга муктаж.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан