“Кыз-Бурак” тобунун мурунку солисттери Айжамал Кабылова, Гүлнара Калдарова, Кенже Дүйшеева турмушка чыккандан кийин өздөрүнчө “АГК” деп аталган топ түзүшкөнү маалым. Ошондон бери “Кыз-Бурак” тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова менен мамилелери солгундай түшкөн эле. Ага кошумча жакында эле шоу чөйрөдө "Айжамал Кабылова менен Гүлнара Калдарова устатынан кечирим сурашыптыр" деген кептер тарады. Окуянын чын-бышыгын билүү максатында Гүлшайыр Садыбакасовага байланышканбыз.
Ал өз сөзүндө: «Ооба, жакында эле Гүлнара менен Айжамал мени Оштогу ресторандардын бирине чайга чакырышты. Үчөөбүз 4 сааттай отуруп сүйлөштүк, сырдаштык, кучакташып ыйлаштык, кечириштик. Өздөрүнүн да башынан көп жамандык-жакшылык өтүп, эненин баркын түшүнүп калышыптыр. Ортобузда чоң таарыныч деле жок болчу, болгону «Кыз-Бурак» тарагандан кийин мамилебиз солгундап, мурункудай катташпай калганбыз. Мен да капа болуп унчукпай, көңүл бөлбөй койгом. Айжамалды 5-класстан баштап карамагыма алгам, жарым жыл мурун атасы каза болуп калган, ага куран окудук. Өзүңөр билгендей, азыр ал башынан катаал мезгилди өткөрүп жүрөт. Айжамал менен сүйлөшүп, анын үй-бүлөсүнүн урашына кымындай да күнөөсү жок экенине ынандым. Мен кызымдын үй-бүлөсүн сактап калууга болгон аракетимди жумшайм. Керек болсо күйөө балам менен да сүйлөшүүгө даярмын. Турмушта өйдө-ылдый болот, аны чогуу жеңбесе, жылдап курган уяны бузуп коюш оңой эле. Бузукулардын айынан чырактай жаш үй-бүлөнүн урап калышын каалабайм»,- дейт.