БИР БҮРКҮМ

  • «АК ШООЛА» балдар хору май айында Санкт-Петербург шаарында өтчү эл аралык фестивалга катышат.
  • Ырчы КУБАНЫЧ САТАЕВ Toyota 4Runner үлгүсүндөгү темир тулпарлуу болду.
  • Жаш режиссёр КЫМБАТ АДЫЛБЕКОВАНЫН "Таксист" аттуу кыска метраждуу тасмасы Канн кинофестивалында көрсөтүлөт.
  • ЭМИЛ БАЛТАГУЛОВ, АЗАМАТ САРЫБАЕВ Түркияда өткөн түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы фестивалга катышып келишти.
  • АЙНУРА САЛАХИДИНОВА, АЗИЗА, РОЗА ШАКИРОВА «Шат күндөр» деген ырына клип тарттырышууда.
  • АСКАТ МУСАБЕКОВДУН кызы Акзыйнат «Сары кыз», «Ала-Тоонун ары жагында» деген ырларды жаздырып ырдап чыкты.
  • Жаш ырчы АЙДАНА ДЕКА «Бакытым» деген ырына клип тарттырууда. Мындан сырткары өзүнүн бий тобун ачууга камынып жүрөт.
  • АТАЙ ОГОМБАЕВДИН «Маш ботой» күүсү «Акак» жана «Камбаркан»
    фольклордук-этнографиялык тобунун аткаруусунда Нью-Йорктогу БУУнун имарат залында жаңырды.
  • «КЫЗ-БУРАК» тобу «Энекебай», «Эх, байке» ырына, Сайкал Садыбакасова «Кыялымда жашайсың», «Ойлорумда» деген ырларына клип тарттырышууда.
  • ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ май айында Гүлжайна Атаканова менен бирге өлкөнүн түштүк аймагын кыдырып концерт берет.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан