10 ЖЫЛДАН КИЙИН КАЙСЫ КЕСИПТЕР КИРЕШЕЛҮҮ БОЛОТ?

Учурда Кыргызстанда суроо-талап жогору жумуштар болуп алдыңкы үчтүктө тигүүчү, ашпозчу, айдоочу турат. Ал эми келечекте кайсы кесиптер актуалдуу болот?

КЕЛЕЧЕКТЕ ӨТҮМДҮҮ КЕСИПТЕР

Инженер
Кыргызстанда жол куруу, кен казуу, энергетика, айыл чарба өндүрүшүндөгү, темир жол инженерлери бааланат. Учурда айлык акылары 25 000-50 000 сомдун тегерегинде.

IT кесиби
Бул таң калычтуу деле эмес, компьютер биздин жашообузга терең кирди. Андыктан маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча адистиктер актуалдуу. Азыр бул кесипти аркалагандар 100 000 сомго чейин маяна алышат.

Маркетолог
Рынок бар жерде сатып алуучунун суроо-талабы, товардын өтүмдүүлүгү иликтөөгө алынат. Учурда айлык 50 000 сомдун тегерегинде.

Тейлөө кызматкерлери
Тейлөө кызматкерлерине тигүүчү, айдоочу, ашпозчу, официант, газ-электр ширетүүчү, чачтарач, электромонтажчы, тракторист сыяктуу кесип ээлери кирет. Бул жумуш ээлери иштегендерине жараша айына 20 000-50 000 сомдун айланасында табышат.

Медик
Адамдын саламаттыгына байланышкан кесиптер эч качан жоголбойт. Маянасы 20 000 сомдун айланасында.

Химик
Химия жаатына байланыштуу кесиптер биринчи кезекте энергетиканын альтернативдүү булактарын өнүктүрүүдө керектүү. Ушул тапта 20 000 сомдун айланасында маяна алышат.

Эколог
Жаратылышты коргоо дүйнө жүзү боюнча глобалдуу. Учурдагы айлыгы 15 000 сомдон ашат.

Мугалим
Мугалим – мөмөлүү дарак. Билим алуу бүтүндөй дүйнө элинин суроо-талабы. Бул кесип эч качан өлбөйт. Учурда мугалимдер ставкасына жараша 5000-15 000 сомго чейин маяна алышат.

Мал доктур
Азыр бааланбаганы менен, келечекте мал доктурлар талашка түшөт дешүүдө. Анын үстүнө кыргыз этсиз жашай албайт эмеспи. Элди сапаттуу эт менен камсыз кылуу үчүн сөзсүз мал доктурлар керек. Учурда айлык акы 15 000 сомдон жогору.

Унаа устасы
Чет өлкөдө унааны роботтор оңдойт. Бирок бул кесип бизде жок дегенде дагы 15-20 жыл актуалдуулугун жоготпойт. Азыр 20 000 сомдон жогору табышат.

Ширетүүчү
Мисалы, ар кандай курулуш объекттери, машина, көпүрөлөр ширетүүчүсүз бүтпөйт. Ширетүүчүлөрдүн айлыгы 20 000-30 000 сомдун тегерегинде.

АЛДЫДАГЫ 10 ЖЫЛДА ОРДУН ЖОГОТЧУ КЕСИПТЕР

Кассир
Өнүккөн өлкөлөрдө соода түйүндөрүндө адам кассирлердин ордуна робот кассирлер пайда болгон. Мисалы, мындай дүкөн Англияда биринчи жолу 2009-жылы орун алып, азыр ар бир бешинчи дүкөн электрондук касса менен иштейт.

Конвейер
Конвейер болуп иштегендердин ордун техниканын өнүгүшү менен машинкалар басат. Машинкалардын бузулуп калганын эсепке албаганда ишине так жана эффективдүү десек болот.

Турагент
Дүйнөлүк бир нече агенттиктердин 2013-жылкы сурамжылоосунда эс алууну каалагандардын 62 пайызы саякаттоо үчүн планды өз алдынча түзүп, авиабилеттерди сатып алары маалым болгон. Интернеттин жайылышы бул кесипти да жокко чыгарарына аз убакыт калды.

Почточу
Учурда элдин көбү электрондук почта аркылуу кабарлашып калышты.

Кара жумушчу

Дүйнөлүк божомолдордо майда чарбалар биригип, чоң-чоң чарбалар пайда болот. Анан ал жерге азыркыдай көп жумушчунун кереги жок болуп, бардык жумушту техника аткарып калат.

Китепканачы
Азыр мектеп окуучулары да интернеттен сабакка даярданып калган учур. Бара-бара китепканачы деген да жумуш жоголот дешет.

«ЖОЛ КАЙГУУЛЧУЛАР ЖОК БОЛОТ»
Кыргызстанда, АКШнын белгилүү окуу жайларында билим алып, чет өлкөлөрдө эмгектенген, учурда Ысык-Ата районундагы «Кейин» бизнес жана илимдер институтунда мугалим болуп иштеп жаткан профессор Аскар Мамбеталиев абитуриенттерге кесип тандоо жагынан кеңеш берип, атайын тренингдерди өткөрүп келет.
– Кесип рыногунда дагы 20-30 жыл өчпөй турган кесиптерди тандоо керек. Бизде ксерокопия менен иштегендер бар. Америкада булардын баары карточка менен жүргүзүлөт. МАИ кызматкерлери да жакында жумушсуз калышат. 2000-жылы Германияга барып машинамды саатына 160 чакырым ылдамдык менен айдап жүрө бериптирмин, ал видеого тартылып калып, оңбогондой айып пул төлөп кутулгам. Слесарь-механик сыяктуу кесиптер да актуалдуулугун жоготот. Европада машинаны сырдоо, дөңгөлөгүн алмаштыруу сыяктуу жумуштарды роботтор кылат. Пол жуугучтар да бара-бара жумушсуз калат, Америкада кычыктарынан бери тазалап жууп койчу аппараттар бар. Көптөгөн жумуштар техниканын өнүккөнүнө байланыштуу азайды, анын жакшы жактары адамдын ишин жеңилдетет, анан ыңгайлуу. Жаман жагы: Биринчиден эл жумушсуз калат, Экинчиден кайда, ким менен, эмне кылып жүргөнүңдүн баары көрүнүп, эркиндигиң чектелет.
Абитуриенттер социология, технология жаатындагы кесиптерди, бизнес-менеджмент адистигин жана дарыгер, мугалим болушса келечекте утулушпайт.

КЕРЕКТЕН ЧЫГЫП КАЛГАН КЕСИПТЕР

Телефонист
19-кылымдын аягында акча төлөөчү телефон линиялары пайда болгон. Телефонист катары алгач өспүрүм уландар алынган. Алар телефондон ар кандай тамашаларды уюштурганы үчүн ал жумушка жалаң аялдар алынып, 2 телефонду коммутатор аркылуу байланыштыргандар 1980-жылдары автоматтык телефон станциянын пайда болушу менен жумуштарын жоготушкан.

Ойготкуч
Ойготкуч кесиби англис тилинде knocker-up деп аталган. Бул кесип Англия, Ирландия өлкөлөрүндө бир топ убакыт өкүм сүргөн. Ойготкучтар эртең менен узун таяк менен үйдүн терезелерин ургулап жашоочуларды жумушка чакырган. Ойготкучтун ордун азыркы коңгуроосу бар сааттар ээлеп алган.

Лектор
Лектор десе билим берүү жайларда лекция окуган адамды элестетебиз. 20-кылымдын башында лекторлор фабрикада иштегендерге гезит-журналдарды окуп берүүчү милдетти аткарышкан. Бул кесипти радио сүрүп чыккан.

Фонарь жагуучу
Электр энергиясы менен иштеген фонарь пайда болгонго чейин шаарларда фонарды ширеңке менен күйгүзчү. Мисалы, Нью-Йоркто бир адам бир саатта 300 фонарь күйгүзчү.

«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ
КАЙСЫ КЕСИПТИ ТАНДАЙСЫҢ, АЛ КЕСИП СЕНИ БАГАРЫНА ИШЕНЕСИҢБИ?

АЙНАЗ ГАПЫРОВА, БАТКЕН, МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮСҮ:
– Мен келечекте мугалим болууну самайм. Билимдүү-илимдүү балдарды тарбиялап чыккым келет. Албетте, мугалимдик кесип адам баласы билимге умтулган заманда эч качан өлбөйт, андыктан жанымды багып кете алам.

ТУРАР ИШЕНБЕК УУЛУ, ЫСЫК-КӨЛ, МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮСҮ:
– Кыргыз улуттук агрардык университетине тапшырганы жатам. Ойлонуп көрсөм, өзүм ошол жаатта шыктуу экем. Кыргызстан дыйкан, мал чарбага ылайыктуу жер болгондуктан, келечекте жумушсуз калбайм деп ойлойм.

ШИРИН БОЛОТБЕКОВА, НАРЫН, МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮСҮ:
– Азыркы учурда өлкөбүз жогорку квалификациялуу мугалимдерге муктаж. Өзүм англис тилин жакшы көргөндүктөн, чет тилдеринен мугалим болууну каалайм. Бул кесип өлбөс кесип, ошондуктан өзүмдү жана үй-бүлөмдү каржыласам болот.

КАНЫКЕЙ АБДРАХМАНОВА, ЖАЛАЛ-АБАД, МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮСҮ:
– Мен Медициналык академияга тапшырам. Келечекте кесипкөй дарыгер болгум келет. Адам өмүрүн сактап калган бул кесиптин келечеги кең. Келечекте кесибим менен нан таап, жакшы жашап кетериме ишенем.

ЖУМАКАН КАСЫМЖАН КЫЗЫ, ОШ, МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮСҮ:
– Мен Кыргызстанды улуттук кийимдер менен дүйнө элдерине тааныткан мыкты дизайнер болгум келет. Ийгилик сага барбайт, сен ага барасың, ошондуктан ийгиликти көздөй аракет кылам. Бул кесип мени багарына ишенем.

ЭРМЕК ЧАБАЛИЕВ, ЧҮЙ, МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮСҮ:
– Мен 18 жашка чейинкилер арасындагы футбол боюнча Кыргызстандын курама командасында ойнойм. Дене тарбия институтуна тапшырам жана кыргыз футболуна салым кошкум келет.

АЙГЕРИМ ЭСТЕБЕСОВА, ТАЛАС, МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮСҮ:
– Мен келечекте журналист болгум келет. Жалпы республикалык тесттин жыйынтыгына ишенип жатам. Журналисттик кесип эч качан өлбөсө керек жана да маянасы жакшы эле деп ишенем.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кайсы кесиптер актуалдуулугун жоготпойт?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
mamashovich88
2016-04-04 11:51:23
Дагы деле байкуш мугалимдердин эмгек акысы аз. Бирок билгенге булардын эмгеги ото жогору
+5
fanatkg
2016-04-04 12:34:19
mamashovich88, бирок мугалимдердин иш убактысы аз болгондугу учун аз айлык алса керек деп ойлойм...
0
Komrad
2016-04-04 16:18:14
урматтуулар, Америкадагы жарыкты куйгузгон кесип бар болгонун да жок болгонун да биз билбейбиз да. Теманы ачкан сон эмнеге кыргыздардын тарыхындагы жумуштар айтылбайт. Тарыхка карап келечекти пландоо керек го. Бизде кандай жумуштар болду эле, откондо футбол куйорман кыздар бейсболка киет деп да чет олкодон алынган эле. Бизде мисалы оймо чийме кылган аялдар жок болуп баратат. Эгер чапкан эркектер аз.Тактекени айтпайле коеюн. Ушерде тактеке деген эмне экенин унутту Эмне учун кошо кеткенге болбойт?
0
Yahoo
2016-04-04 21:35:59
Komrad,
Балдарынызга айтып кордунузбу Ээр чапкан уста бол деп?Ээр чабуу, оймо чийме жасоо бул мектептен уйротулуучу эмгек сабагы.Чонойгондо билип журуучу кошумча онор деп койсок болот.Жылда эле ар ким кечтесин же атынын, эшегинин ээрин жанылай бербейтта.кимге сатып жан багат?
+2
nurka1993
2016-04-08 14:32:18
Негизи окууга тапшырып жатканда Козунду чон ачып,озуно жаккан,жан дуйноно топ келген,ошол эле учурда келечеги бар кесипти тандаш керек экен,Мен ойлоптурмун 1курс кезимде,а дагы мен 5курсту буткончо Замандын талабы озгоруп,менин кесибим пристиждуу болуп калаар деп,бирок ал да бат эле экен,окуунду деле коз аып жумгуча бутот экенсин!Учурунда ата энем мед колледжге тапшырып ал десе,мен намыстанып,мен деген жогорку билим алышым керек дедим эле,бирок менин мед тармагына дегеле жан дуйном тартпайт
0
nurka1993
2016-04-08 14:40:04
Бирок медик болсон талаада калбайсын,жумуш табылат,айлык маянасы да аз эмес,жок дегенде тороп уйдо олтуруп калсан деле оз уй булоонду даарылай бересин!Негизи ар бир кесип ардактуу деп айтат элем,Албетте кесибинди мыкты денгээлде билсен!жана тын болуш керек,тил билиш керек!Мени учурунда окууну бутуп жатканда,мугалимдер журналисткага тапшыр дешти эле.бирок апам нан таап жей турган окууну окуш керек деди эле,бирок кесибин журналист болбосо да,акыркы барып ошол тармака аралашып,радиолордун биринде,
0
nurka1993
2016-04-08 14:42:40
Студент болуп жургонумдо нан таап,ошол маянам менен эле жан багып журдум!
0
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан