БИШКЕК ЖАНА ОШ ШААРЛАРЫНДА MEGACOM’ДОН ВЕЛОЖҮРҮШ

Велосипеддерге жол ачкыла! Чайыттай тийген жазгы күн нуруна чагылышкан MegaCom байрагы алдында Бишкек менен Ош шаарларында чоң веложүрүш өткөрүлүп, ал миңдеген тажрыйбалуу велоспортчулардын жана велоспортко кызыккан мекендештерибиздин башын бириктирди. Бул иш-чара компаниянын уюлдук байланыш тармагындагы ийгиликтүү иш алып барып жатканына 10 жыл болгондугунун, аны менен катар жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясын масштабдуу ишке киргизилгендигинин урматына уюштурулду. Катышуучуларга эч кандай чек коюлган жок, башкысы тепкенге жарактуу велосипеди менен жакшы маанайы гана жетиштүү эле.

ВЕЛОЖҮРҮШТҮ MEGACOM'ДУН ЖЕТЕКЧИСИ ӨЗҮ БАШТАП ЖҮРДҮ
«2016-жыл – MegaCom үчүн мааракелүү жыл. Бул жылы компания өзүнүн 10 жылдыгын белгилеп жатат, аны менен катар 4G LTE жогорку ылдамдыктагы технологиясы ишке киргизилди. Ошондуктан биз ойлонбостон туруп велосезонду ачууга көмөк көрсөтүп, кыргызстандыктар менен кубанычыбызды тең бөлүшүүнү чечтик. Сөзүбүзгө аралжы, Ош шаарынын тургундары үчүн да майрам уюштурулуп, ал эми спорт менен машыгуучулардын санын көбөйтүүгө өбөлгө боло турган масштабдуу веложүрүштөр Ош жана Бишкек шаарларында өттү. MegaCom – спорт жана сергек жашоо үчүн!»- деп белгилей кетти өз сөзүндө компаниянын башкы директору Азат Базаркулов.
Салтка айланган веложүрүш Бишкекте 27-март күнү болуп өттү. 2016-жылдын веложүрүшүнүн ачылышы мурда болуп көрбөгөндөй сандагы катышуучуларды чогулта алды, тагыраак айтканда, сезондун ачылышына миңге жакын адам келди. Уюштуруучулар саат 10до велосипедчендерди бүйүрдү кызыткан музыканын коштоосунда MegaCom’дун фирмалык футболкалары менен тосуп алышты. Мүнөт сайын борбордук аянтка жакын «Революциянын каармандары» эстелик комплексинин жанына чогулуп жаткандардын катары арбып, түрдүү курактагы адамдар: мектеп окуучулары, студенттер, велоспорттун сүйүүчүлөрү жана тажрыйбалуулар топтолуп жатышты. Веложүрүшкө үй-бүлөлөрү менен келгендер да болду, анткени бала кезинен баштап сергек жашоого болгон сүйүүнү ойготуу маанилүү да.
Айланада майрамдык маанай өкүм сүрүп, катышуучулар стартты чыдамсыздык менен күтүп жатышты. MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркулов баштаган велоколонна шаар аралап түштүк дарбазадагы «Жеңиш» сейил багы тарапка жол тартышты. Шаардыктар велосипедчендерди суктануу менен таң калып карап, аларды колдоп салам узатып жатышты. Автомобилчендер болсо сабырдуулук менен велокербен аягына чейин өтүп бүткүчө күтүп, алар менен тилектеш экенин билдирип сигнал берип турушту. Убакыт бир саамга токтоп калгансып көп сандаган автоунаалар, маршруттук таксилер, автобустар жок болуп, Бишкектин борбордук көчөлөрүн жүздөгөн велосипедчендер ээлеп алгандай таасир калтырып турду.
Түштүк дарбазадагы «Жеңиш» сейил багында болсо шайыр алып баруучулар бир аз чарчай түшкөн велосипедчендерди шаң менен тосуп алышты. Алар кызыктуу оюндарды уюштурушуп, оюндун катышуучулары мобилдик оператордун ар кандай фирмалык белектерин утуп алышты. Бир аз эс алгандан кийин велосипедчендер майрамды андан ары улантып, Орто-Сай айылынын үстүндөгү Боз-Бөлтөк тоосуна финалдык пикникке жөнөштү. Ал жакта иш-чаранын катышуучулары ат жалына казан асып, атайын даярдалган даамдуу палоодон даам сызышты. Ал эми шаар толугу менен көрүнгөн панораманын катышуучуларга калтырган таасири тууралуу айтуунун кажети жоктур. Жолугушууну шаардын «R-Bikers» бейрасмий велоклубу «BOOM Studio» ассоциациясынын колдоосу менен уюштурду.

"ВЕЛОЖҮРҮШ МЫНДАН АРЫ ОШТО ДА САЛТКА АЙЛАНАТ"
Ал эми бир күн мурда, 26-март күнү түштүк калаабызда шаар башкармалыгынын жана MegaCom компаниясынын колдоосу менен Ош шаарынын тарыхында эң биринчи жолу масштабдуу, чоң веложүрүш уюштурулду. Биринчи вело-иш-чаранын башталышын 500дөн ашык катышуучу чыдамсыздык менен шаардын эң башкы аянтында күтүп турушту. Мындай сандагы велосипедчендердин тобун Ош шаары али көрө электей. Веломарафондун маршруту шаардын Ленин жана Курманжан датка чоң көчөлөрү аркылуу өттү. Маршруттун жалпы узундугу 6 чакырымды түздү. Жүрүштүн аягында катышуучуларды иш-чаранын алып баруучулары тосуп алып, кызыктуу оюндарды өткөрүп, мобилдик оператордун фирмалык белектерин тапшырып жатышты. Экстремалдык номурларды көрсөткөн велосипедчендер көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырса, чимириле бийлеген «Роза» жана «Let’s GO Pro» бий топтору чогулгандарды кайдигер калтырышкан жок. Ошондой эле мукам үндүү ырчы кыз Айзирек жана «Blade Stars» топтору өз өнөрлөрүн элге тартуулашты.
«MegaCom компаниясы спорттук иш-чараларды активдүү колдоп, спортту жана сергек жашоону даңазалап келет. Ошондуктан мындан ары Ош шаарында да веложүрүштү жыл сайын өткөрүп, бул саамалыкты салтка айландыргыбыз келет»,- деди компаниянын коммерциялык директору Нурбек Ишекеев.
"Веломарафон – дене-мүчөңдү калыбына келтирип, бир калыпта кармоого жакшы мүмкүнчүлүк. Бул жерге жаштардын көп келгени аябай кубандырат, демек, бизде сергек муун өсүп келатат. Улгайып калган адамдар дагы бар. Ден соолукту сатып алууга мүмкүн эмес. Дене-мүчөң жакшы формада болсо, бул баа жеткис байлык",- деди Оштун дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин адиси Фарух Сыдыков.
Велосезондун ачылышы велоспортчулар үчүн жаздын башталышы, бул календардагы же метеорологиялык түшүнүк эмес – спорттук түшүнүк. Бул эски достор менен жолугуп, жаңылар менен таанышканга, алар менен сезонду чогуу өткөргөнгө ыңгайлуу мүмкүнчүлүк болсо, ал эми жаңыдан велосипедге отургандарга велоспорт дүйнөсү менен жакындан таанышуу. Анда эмесе, велосезон ачык деп жарыяланды!


Боз Бөлтөк тоосунун башында MegaComдун желеги желбиреди.

Бөбөктөр да четте калган жок. Ош шаары.

Бишкек шаары буга чейин мынчалык велосипедчендерди көрө элек эле.

Жумгалбек Өмүрканов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Stervashka
2016-04-05 03:49:57
Кыргызстанда болгонумда мен да чыкмакмын.
+1
Abdyrawit
2016-04-05 22:07:57
Жакшы жанылык экен... Мегаком сатылат деп жатышат эле. Эмне болду?
0
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан