Суроолорго «Арстанов и Ко» компаниясынын юристи Айнура Мамашова жооп берет.
– Күйөөм Казакстандын жараны. Экөөбүз Кыргызстандан таанышып, Алматыдан үйлөнгөнбүз. Тилекке каршы, 5 жыл жашагандан кийин ажырашып кеттик. Ортобузда бир балабыз бар. Ал азыр башкага үйлөнүп алган. Балама эч кандай алимент төлөбөйт. Уулум гепатиттин С түрү менен да ооруйт, эч кандай жардам берген жок. Кат жазсам жооп бербейт, телефон чалсам албайт.
Аида, Ош шаары
– Сиз Кыргызстандагы эле өзүңүз жашаган аймак боюнча сотко кайрылыңыз. Эл аралык конвенция бар, бири-бирине жардам берүү боюнча мамлекеттер арасындагы келишим. Бул жактагы сот аткаруучулар кандай чечим чыгарып берсе, ал чечим Казакстандагы сот аткаруучулардын жардамы менен аткарылышы керек.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg