Суроолорго «Арстанов и Ко» компаниясынын юристи Айнура Мамашова жооп берет.
– Былтыр август айында мени Көлгө дары чөптөрдү чогултуп, дары жасачу фирмага жумушка чакырышкан. Дары жасоочу станокторунун баарын чогултуп бергем. Жумушу жакшы болбой калды окшойт, иш токтоп калган эле. Ал жердин короо-жайы, алма багы бар, азыр ошону карап кароолчу болуп иштеп жатам. Ошондон бери айлык катары бир сом ала элекмин. Кожоюнга телефон чалсам албайт. Жанымда 2-топтогу майып келинчегим бар. Ошол жердеги бал челекчиге рахмат, тамак-ашыма жардам берип турат.
Жыргалбек, Ысык-Көл облусу
– Бул жерде жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосунда кагаз жүзүндө эки тараптуу келишим болушу керек. Кагаз жүзүндө келишим болбосо сотко кайрыла албайт. Ич ара чечишип алуулары керек. Сотко да, орган кызматкерлерине да кайрыла албайсыз.