Суроолорго «Арстанов и Ко» компаниясынын юристи Айнура Мамашова жооп берет.
– Жакында эле Бишкекте машинаcы менен бара жаткан айдоочуну бак басып каза тапты. Мындай учурда кырсыкка ким жооп берет?
Айжамал, Бишкек шаары
– Шаардык мэриянын алдында жашылдандыруу бөлүмү бар. Мыйзам боюнча ошолор жооп берүүгө, материалдык, моралдык чыгымды төлөөгө милдеттүү. Эгер ал тараптан жооп болбой, карабайбыз дешсе, анда кырсык болгон район боюнча сотко кайрылуу кажет.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg