«КАРЫГАН КИШИ КИЧИНЕКЕЙ БАЛАНЫ КАРАГАНГА БОЛБОЙБУ?»

Суроолорго «Арстанов и Ко» компаниясынын юристи Айнура Мамашова жооп берет.

– 2010-жылы жолдошум менен ажырашып кеткем. Ортобузда нике күбөлүгү жок болчу. Кийин башкага турмушка чыктым. 3 кызымды кайын журтум алып калган. Сотко арыз берсем «ортоңордо нике күбөлүгүңөр жок экен» деп карабай койгон. Күйөөм ичет, кайненем 60тан ашкан. Кары кишилерге кичинекей балдарды караганга болбойт деп уккам, ушундайбы? Балдарымды кантип кайтарып алам?

Элиза, Талас облусу

– Балдар ким менен жашаш керектигин сот чечет. Карыган киши бала бакканга болбойт деген мыйзам жок. Сотко психологдор да катышат, алар балдардын кимге жакын экенин, ким менен жашагысы келгендерин аныкташат. Андан сырткары баланын татыктуу тарбияланышы, жетиштүү тамак ичүүсү, кийим-кечек менен камсыз болуусу, кайсы жерде ыңгайлуу, мунун баары сотто каралат. Социалдык кызматкерлер эки тараптын жашоо-шартын иликтеп чыгат, ушулардын жыйынтыгы менен балдардын кайсы жерде жашашы аныкталат. Нике күбөлүгүңөр жок деп карабай коюу сотторго жат көрүнүш.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
aikokul14
2016-04-04 09:45:38
Бир эрди деп уч кызды таштап кеткен сенин дагы журогун таш экен.
+3
simone
2016-04-04 22:20:03
Жан талашып эрге тийбей турбайт белен, кыздарыны эми кантип алаар экенсин!!!
0
kyzburak87
2016-04-10 13:41:23
Озунун канынан жаралган баласынын балдарын кантип жаман карашы мумкун . Небере баладан да ширин болот деп айтат атам апамдар . Мен балдарымды желкелеринен тушурбой карашат уйго барганда карылар караса болбойт деген болбогон соз кыргыздын менталитетине туура келбеген демекчимин
0
№ 700, 01-апрель-07-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан