(Башталышы өткөн сандарда)
Ал бөлмөдө эсине келди. Бетине суу чачып жаткан Расулдун сүйлөгөндөрү үзүл-кесил угулуп жатты.
– Коргонуш керек эле. Каршы чабуул жасабай жатып бердиң...
«Уф-ф» башы каңгырап жатты. «Мына карма! Өлүп калбаганың үчүн тагдырыңа рахмат де. Бул акчага дарылан. Кичине жоопкерчиликтүү болсоң»,- Расул нааразы болуп жатып Жанардын колуна бир аз акча карматты.
– Баса, сени сыртта бир кыз күтүп жатат.
– Ыя?- жанатан бери өзүнө келе албай жаткан Жанар жандана түштү. Ал кызды чын эле көрдүмбү же чарчагандан эле ошондой сезилип жатабы деп жооп таба албай жаткан.
– Бирөө күтүп жатат дейм.
Жанар арыдан-бери жуунду да, спорттук сумкасын ийинине асып сыртка чуркап чыкты. Эч ким көрүнбөйт. Бир гана жол тандабас кара түстөгү унаа турат. Жанар селейип туруп калды. Капысынан унаанын караңгылатылган айнектери ылдый болду да, ичинен рулда отурган кыз көрүндү. Аруукеси экен... Жүрөгү кабынан чыга жаздады.
Ушуга чейин дилинде метродо Аруукени көргөнү ага түш сымал эле сезилип келиптир. Кээде туруп «куса болгондон улам окшоштуруп алган жокмунбу?» деп арсар ойлорго кептелип келген болсо, азыр аны карап турган өтө эле тааныш, өтө эле жакын капкара сулуу көздөрдү көрүп көкүрөгү өзүнөн-өзү бошоп, каректери жашка толуп чыкты.
Селейип ордунда каткан бойдон эриндерин кымтып алып, кыздан көздөрүн ала албай турду. Анда сагыныч ашып-ташып турган, бирок буттары калтырап кадам шилтенбей калды. Кыз унаадан түшүп жанына келгиче эриндерин кымтып, көзүнөн жашын кылгыртып тура берди. Заматта баягы жырткыч мүнөздүү Жанар алсыз, ыйлаак бир жигитке айланып калды. Арууке өзгөрбөгөн бойдон экен. Баягыдай эле сулуу, баягыдай эле чырайлуу, болгону чачы гана бир аз кыскара түшкөндөй.
– Сен мени тааныйсыңбы?- кыз жигиттин көздөрүнө тик бага суроо берди.
– Аруш...- Жанардын деми кысылып чыкты. Кызды өзүнө шап тартып кучактап алды. Убакыт токтоп калгандай болду. Аруукенин тааныш жыты көкүрөгүндөгү кызды жоготкондо пайда болгон белгисиз боштукту заматта толтуруп, жаны жай ала түштү. «Шуу» эттире кыздын чачынан жыттап, мас болгон адамдай теңселип турду. Оюна койсо аны кучагынан бошотпой түбөлүк тура берчүдөй. Кыз анын кучагынан бошонууга аракет кылган жок. Бул адам ага чоочун, бирок эмнеге анын кучагында мынчалык тынч? Эбактан бери таанып жүргөн жакын адамынын кучагында тургандай. Бул кайдан ага мынчалык жакын болуп жүрөт? А бул жытчы? Жигиттин тер аралаш жыты да ага өтө эле тааныш.
– Мен сени тааныбайм,- кыз жигиттин кучагында туруп үн катты.
– Мен Жанармын.
– Жок, тааныбайм,- кыз артка кетенчиктеп Жанардын кучагынан бошонду. – Менин атым Джи.
– Жи?!
– Жи эмес, Джи. Негизи Жанна, бирок досторумдун баары Джи дешет. Менде толтура жоопсуз суроолор бар. Сени да бир жерден көргөндөй болуп жатам. Бирок кайдан экенин билбейм. Эстей албай турам. Сени атайын күтүп турдум. Сени кайдан көргөн болушум мүмкүн? Сен мага эзелки тааныштай туюлуп жатасың.
– Сен эч кандай Джи эмессиң! Сен Аруукесиң! Экөөбүз Кыргызстанданбыз. Эсиңде жокпу? Мен Жанармын, сен өлгөнсүң.
– Эмне?!
– Ишениш кыйын, бирок мен сени өз колум менен көмүп келгем. Бул жакка келерде эле сенин бейитиңе барган болчумун.
Кыз аны таң калып карап турду.
– Чын эле мен белем?
– Ооба.
– А мен ал жактан кантип туруп келдим?
– Аны мен сенден сурашым керек.
– Сенин акыл-эсиң жайындабы?
– Арууке, болуп жаткан нерселерге ишенип бүтө элекмин. Башымда азыр ар түркүн ойлор толуп кетти. Кээде туруп акылымдан аздым окшойт деп ойлоп кетем. Бирок сен Аруукесиң. Муну билип эле турам.
– Жок, менин атым Джи. Мен өмүр бою Москвада чоңойгом.
– Аруш?
– Кайдагы Аруш? Мен Джимин.
– Сен Аруукесиң! Эстесең Кыргызстан, Бишкек, университет...
– Түшүнсөң, мен Москвада чоңойгом. Ушул жакта университетте окуйм. Мен Джи экенимди анык эле билем. Менин ата-энем бар. Досторум... Мага болгону ачык айтып койчу, сен экөөбүз кайдан көрүшкөнбүз?
Жанар кыйлага чейин кызды үнсүз тиктеп турду. Бир убакта:
– Калия, ал сенин апаң, атаңдын аты Кадыр. Сен Аруукесиң, а мен... А мен сени чексиз жакшы көргөн Жанармын.
– Балким, сен көмгөн менин эгизим болуп жүрбөсүн? Эгиздердин ортосунда белгисиз байланыш болот деп коюшат го. Балким, сен менин эгизиме ашык болгон үчүн мага сенин элесиң
тааныш учурап жаткандыр?
– Сен Аруукесиң...- Жанар башка эч нерсе дей албай туруп калды.
– Бул түнү бардык суроолорго жооп таба албайбыз. Азыр тыңыраак да ой жүгүртө албай турам. Мен дагы эстегенге аракет кылып көрөйүнчү. Номеримди жазып ал, байланышабыз.
– Эмне, сен кетесиңби? Кайда?- жигит алактай түштү.
– Атың Жанар дедиңби? Жанар, мен бүгүн реалдуу жашоодо болбой турган окуяга кабылып отурам. Азыр мунун баарын аш кыла албайм.
– Сен бир нерсени жашырып жатасың.
– Эмнени?
– Айтчы, бир жерден элес-булас көргөндөй болгон үчүн эле мени ушунча күттүңбү? Сен эч нерсени жашырбасаң, суроолорго тезирээк жооп тапмакпыз.
Кыз үндөгөн жок. Унаасын көздөй басты. Жигит коркуп кетти. Азыр кызды кетирип жиберсе, анда экинчи жолу көрбөйт.
– Токто! Мен сени коё бербейм!
– Жашырбай эле айтайынчы. Мен жашоомдун жакынкы 2 жылдан ашыгыраагын гана билем, эстейм. Калганы туман. Эч нерсе эсимде жок. Бирок үйдө мага тиешелүү бардык
документтер бар. Керек болсо бала кездеги, өспүрүм кездеги сүрөттөрүм да, видеолорум да бар. Кыскасы, менин Жанна экендигимде күмөн жок. Бирок мен эстей албайм. А сени болсо
бир жерден көргөм. Кайдан экенин билбейм. Жооп табылабы деп сени күтүп тургам. Жооп табылмак тургай...
– Сени 2 жыл 9 ай мурун жерге бергем.
Экөө бири-бирин тиктеп туруп калышты...
(Уландысы кийинки санда)