ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (11-АПРЕЛДЕН 17-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИН)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын башында кыйынчылык туудурган иштер көп чыгып, майда-чүйдөгө деле итатайыңыз тутула берет. Апта ортосунда бир маселелер юристке барууга түртөт. Апта аягында гардеробду жаңыртууга киришесиз. Мүмкүн, досторго барып ичтеги букту чыгарып, керектүү кеңештерди угуп кайтасыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Айрымдар ашыкча салмактан арылууга киришишет. Дүкөн же базар кыдырууда сатуучунун бал тилине кирип өзүңүзгө жакпаган буюмду алуудан алыс болуңуз. Жума күнү чогуу иштегендердин бири сөзү, кылык-жоругу менен ачууңузга тийип, кер-мур айтышасыздар. Эс алуу күндөрү массажист же косметологдун жардамына кайрыласыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Акча тартыштыгынан кооптуу кадамга барууга жетпеңиз. Артында өкүнүп калууңуз бышык. Аптанын башында көпчүлүк ортосунда сөз сүйлөөңүз мүмкүн. Шаршембиде иштин көптүгү катуу чарчатат. Бейшембиде үй, короо-жайды тазалап, буюмдарды ордуна жайгаштырасыз. Жекшембиде кечеге барып жаңы досторду табасыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Учурда алыста жүргөн жакыныңыздан бир топ жаңылыктарды угасыз. Шейшембиде жүрөгүңүзгө жакын адам менен сейилдеп, сыр чечишиңиз мүмкүн. Шаршембиде коомдук унаада сумкаңызга сак болуп, акча, документ сыяктууларды уурдатып албаңыз. Жума күнү мактоо сөздөр сиздин дарекке жаап, кубантат.

 

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптада келбетти калыпка келтирүү үчүн чуркоо же фитнес менен алектенүүгө өтүүңүз ыктымал. Шейшембиде ачууңуз мурдуңуздун учунда болуп, үйдөгүлөр менен мамилени териштирүүгө чейин жетесиз. Жума күнү буга чейин сизди күнөөлүү деп келишкен иштин чындыгына жетип, ак экениңиз айкындалат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Аптада тамак-аш, газ сыяктуулардан ууланып калуу коркунучу бар. Андыктан тамак-аштын жаңы, сапаттуу экенине көз салып, газдын бекем жабылганын текшериңиз. Каалаган суммадагы акчага ээ болуп, үйдөгүлөрдүн керектөөлөрүн канааттандырасыз. Туугандар кайсы бир чыгарган чечимиңиз менен макул болбой чырдашат.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Шейшембиде эски идеялар ишке жарап кетет. Шаршембиде үйүңүздү уурулардан сактооңуз кажет. Бейшембиде тилегиңиздин биринин ишке ашышына жылдыздар колдоо көрсөтүшөт. Ишембиде керектүү маалыматтарга ээ болосуз. Жекшембиде хоббиңиз менен алаксууга убакыт табылат.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада жумушта ким жакшы иштеп жаткандыгын билүү үчүн жетекчилик тарабынан көзөмөл күчөйт. Мыкты адис экениңизди көрсөтүңүз. Дүйшөмбүдө күтүлбөгөн телефон чалуу өткөн жашооңузга кайрылып барууга аргасыз кылат. Шаршембиде маанилүү иштер менен жол жүрөсүз. Ишембиде балдарды музейге же сейил бакка алып барасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада гимнастика менен достошуп, остеохондроздон арылууга бел байласаңыз туура болмокчу. Дүйшөмбүдө бир топ иштерди чуркап жүрүп бүтүрөсүз. Шейшембиде бойдоктор болочок сүйүктүүсүн кездештирип, таанышуулары мүмкүн. Бейшембиде сизге туура сезилген нерсе башкаларга туура эмес деген пикир жаратып, талаш чыгат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кээ бирлер билим деңгээлин жогорулатуу максатында өз алдынча окуй башташат. Шаршембиде сатып алган буюмуңузду кайсы бир жерге унутуп калтырбаңыз. Ишембиде чач кырктырууңуз, тааныштарга конокко барууңуз ыктымал. Жекшембиде кокустан чыккан кырдаал жашоого башкача көз караш менен кароого жеткирет.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Дүйнө таанымды өстүрүүгө, жаңы нерселерди өздөштүрүүгө ыңгайлуу апта. Шейшембиде ойлонулбаган жерден бир иш-чарага катышууңуз мүмкүн. Жума күнү кайсы бир ишиңизди бүтүрүү үчүн таанышыңызга күнүңүз түшөт. Дем алыш күнү үйдү оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн керектүүлөрдү сатып келүүңүз ыктымал.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Мурун бир кезде чогуу окуган досуңуз сиз менен жолугууга келет. Шаршембиде жол жүрүүдө кыйынчылыктар болуп, бара турган жериңизге кечигип барасыз. Жума күнү жаңы кызмат орду сунушталат же жаңы ишке чакырышат. Баарын таразалап, анан чечим кабыл алуу оң. Жекшембиде үйдөгү сынган-бүлүнгөндөрдү оңдотуу менен убараланасыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан