АПТАП

Сүйүү, жаштык, бакыт сыяктуу адамзаттын жашоосунун өзөгүн түзгөн түшүнүктөрдү камтыган «Аптап» фильми улуу муундун да, кичүү муундун да кызыгуусун жарата алды. Фильмде атактуу «9-рота» фильминде катышкан актёрлордун дээрлик баары ойношкондуктан, анын уландысы катары таасир калтырат. Бирок, фильмде 9-ротадагыдай трагедия эмес, жаштардын бактылуу турмушу сүрөттөлөт.

Режиссёру -
Резо Гигинеишвили
Продюсерлери - Федор Бондарчук, Дмитрий Рудовский, Александр Роднянский
Башкы ролдордо - Алексей Чадов, Артур Смолянинов, Константин Крюков, Тимати, Анастасия Кочеткова, Агния Дитковските

ФИЛЬМДИН КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Өзгөчө ысык, үп күндөрдүн биринде шаардан төрт дос жолугуп калат. Алар мектепти бүткөн­дөн кийин өз жолдору менен кеткендер эле. Бул учурда Алексей аскер кызматын өтөп келген болот. Артур болсо театралдык орто окуу жайына тапшырып, каникул убагында иш издөө менен алек болуп жүрөт. Кос­тя бардар атанын уулу болгондуктан, Лондонго окууга барып, бирок, окуунун аягына чыкпастан үйүнө кайтып келе жаткан болот. Ал эми төртүн­чүсү Тимати музыка дүйнө­сүнө аралашып, карьера жасоо менен алек болуп жүргөн болуп чыгат. Үч жылдан кийин жолугуп, кубанычка баткан достор жолугууну белгилөө үчүн кафеге киришет. Кафеде отурушуп акчасын төлөө учуру жеткенде кызык окуяга туш болушат. Баарынын акчасы жок. Ал эми акчалуу Костяда болсо америкалык доллар гана болот. Долларды рубльга алмаштырып, кафеге төлөө үчүн Артур сыртка жөнөйт. Анын артынан экинчиси, үчүнчүсү кетип, аягында жалгыз гана Костя калат.
Ушундан кийин төрт достун башынан ары кызыктуу да, ары күлкү­лүү да окуялар өтөт. Ушу күнү өздө­рү байкабай көп жылдан бери издеп келе жаткан нерсесин табышат. Алексей кафеден чыгып келе жатып жаш бийчи кыз менен таанышып, түбөлүк сүйүүсүн табат. Артур күтүү­сүздөн өзү каалап жүргөн ролду аткарууга сунуш алат. Ал эми Тимати көчөдөн селсаяк балдардын тобуна жолугуп калып, алардан качып кутулат. Ал эми Костя Лондондон келип сагынган атасынын жана досторунун арасында өзүнүн бактылуу экенин сезет. Аягында достор ошол эле күнү милиция бөлү­мү­нөн жолугушат. Кыскасы, бир күндүн ичинде каармандар кубанычтуу да, коркунучтуу да, күлкү­лүү да сааттарды баштарынан өткөрүшөт.

ФИЛЬМДИ ТАРТУУ ИДЕЯСЫНЫН ЖАРАЛЫШЫ
Фильмдин режиссёру 24 жаштагы Резо атактуу Фёдор Бондарчуктун «9-рота» фильминде экинчи режиссёрдун милдетин аткарган. Бир топ тажрыйба топтоп калгандыктан, көптөн бери тилек кылып жүргөн өзүнүн тасмасын тартууга бел байлайт. Фильмин алгач «Шаар жомогу» деп атайт. Адатта, режиссёр бир идеянын негизинде сценарий түзүп алып, анан ролдорго бөлүштүрүп берет эмеспи. Кызыгы, бул жолу режиссёр фильмге катыша турган бардык актёрлорду столго чакырып, диктофонду ортого коюп, ар биринен башынан өткөн кызыктуу окуясын айтып берүүсүн өтүнөт. Кызуу талкуу жүрүп, кээси өздөрүнүн, кээси досторунун башынан өткөн окуяларды баяндашат. Ошентип сүйлөшүп отурганда болочок фильмдин идеясы, сценарийдин өзөгү түзүлөт.
Даяр болгон сценарийди Резо алгач өзүнүн устаты жана досу Федор Бондарчукка алып барат. Ал кесиптештери менен акылдашып көргөн соң фильмди тартууга киришсе болоорлугун айтат.

ФИЛЬМ КАЙДА ТАРТЫЛГАН ЖАНА КАНЧА АКЧА САРПТАШКАН?
Режиссёр фильмде шаардык жаштардын табитин жана психология­сын ачып берүүнү көздөгөн. Фильм Москва шаарындагы жаштардын шаңы толуп турчу көрүнүк­түү жерлерде, ресторанда, түнкү клубда, театрда жана ооруканада, шаардын мыкты мейманканаларында тартылган.
Фильмди тартууга 1 миллион 700 миң доллар каражат кеткен. Продюсери Федор Бондарчук мындай фильм үчүн бул арзыбаган гана акча экенин, «9-ротага» салыштырмалуу бул фильмге аз каражат кеткенин айтып өткөн. Фильм 6 айдын ичинде толук тартылып бүткөн.

ЫРЧЫДАН АКТЁРГО АЙЛАНГАН «ЖЫЛДЫЗДАР»
Фильмде реп-музыканттын ролун ойногон адам Тимур Юнусов. Тимур элге Тимати деген ат менен ырчы катары таанылган. Элдин сүймөн­чү­­лүгүнө арзыган жаш ырчы «Фабрика звезд - 4» конкурсунан улам таанымал боло баштаган. Бул теле-шоудан соң Тимати «Банда» тобунда ырдап жүргөн. Тиматинин биринчи жолу фильмге тартылышы болсо да эч кыйынчылыксыз аткарып кеткен.
Ал эми бийчи кыздын ролун аткарган сулуу бийкеч Анастасия Ко­четкова жогоруда аталаган теле-шоуда ырчы катары элге таанылып, Тимати менен бирге «Банда» тобунда ырдап жүргөн.
Анастасия фильмдин режиссёру Резо Гигинеишвилинин сүйүк­түү жары.
Ошондой эле бул фильмде атактуу адамдар катышкан. Атай кетсек, Федор Бондарчук өзү эпизоддук роль аткарган. Ал эми Бондарчуктун аялы Светлана Бондарчукка сатуучунун ролун беришкен. Ал эми «9-рота» фильминде достордун ролун ойногондор Артур Смолянинов, Алексей Чадов, Константин Крюков бул фильмде да достордун ролун аткарышат. Булар чыныгы жашоосунда да ажырашкыс достор.

ФИЛЬМДЕГИ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР

  • Фильмде эч кандай ойдон чыгарылган ролдор жок. Анткени, жаш актёрлордун аты, андан сырт­­кары жашоо образы чындыктан алынып өзгөр­түлбөй берилген.
  • Фильмде шаардын эң ысык мезгилин берүү керек болсо да айрым эпизоддор болгону 7 градус жы­луулукта тартылган. Үшүп кеткен актёрлор улам жылынып турганга аргасыз болгон.
  • Үч дос жолугуп кафеде отурушканда кайдан-жайдан булут пайда болуп, жаан жаай баштаган. Сюжетте мындай аба ырайы болбошу керек болсо да тартууну токтотушкан эмес.

Даярдаган Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 219, 12-18-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан