РОЛЬ ТАНДАБАС - ЭРКАН ПЕТЕККАЯ

Түркиядагы эң көп гонорар төлөнгөн актёрлордун бири, атактуулукка он жылда араң жеткен Эркан Петеккаяны биз «Барксыз өткөн өмүр» сериалындагы капитан Алинин ролунан улам жакшы тааныйбыз. Түрк басылмалары бул актёрду «салабаттуу, сүрдүү, узун бойлуу, кең далылуу, бүркөлгөн кабагы менен сексуалдуу» деп сүрөттөшөт. Ролдордон себепсиз баш тарта бербеген Эркан Петеккая кинодо терс каармандын ролун аткарса да эл сүймөнчүгү боло ала турган күчкө ээ.

Туулган жылы-күнү – 1970-жыл, 11-декабрь
Туулган жери – Түркия, Элязыг провинциясы
Бою – 189 сантиметр
Салмагы – 78 килограмм
Билими – Анатолия мамлекеттик университетинин музыка жана драма бөлүмүн бүтүргөн
Тартылган тасмалары – «Менин дале үмүтүм бар», «Кожойке Дила», «Барксыз өткөн өмүр», «Турмуштун таш-талканы» жана башка

ЖЕТИШПЕГЕН ТУРМУШТА ЧОҢОЙГОН
Эркан туулган жеринен кичинекей кезинде эле үй-бүлөсү менен Стамбулга көчүп келе беришкен. Анткени болочоктогу актёрдун ата-энеси борбордо жумуш табуу оңой, балдардын келечеги да чоң шаарда оңой түптөлөт деп ойлошкон. Кичинесинде учкуч болууну кыялданганы менен, мектепти бүткөндөн кийин музыка жана драма факультетине тапшырат. Актёрдун чыгармачылыкка болгон сүйүүсү мектепте окуп жүргөндө башталган, ал кароо-сынактарды калтырбаган, уюштуруучулук жөндөмү мыкты, активист окуучу эле. Университетте окуп жүргөндө жетишпеген турмуштун айынан Эркан күркөлөрдө соода кылып, бармен болуп, короо сугарып да иштеп жүргөн.

КЕЧ КЕЛГЕН АТАКТУУЛУК
Каарманыбыз алгачкы жолу 1990-жылы тасмага тартылып, актёрлук тушоосун кесет. 1993-жылы окуусун аяктап, Стамбулдагы мамлекеттик театрга актёр болуп жумушка орношкон. 1998-жылы «Күзгүсү бар Тахир» тасмасындагы ролунан кийин көпчүлүк түрк режиссёрлору актёрдун талантын байкап, киного тартылууга сунуш киргизе башташат.
Эркан Петеккаяга атактуулук кеч келет, бирок эч бир режиссёрдун сунушун четке какпай, ким роль сунуштаса тартыла берчү. Ага чыныгы популярдуулук алып келген тасма 2008-жылы тартылган «Менин дале үмүтүм бар» тасмасы болгон. Дал ушул тасмадан кийин Эркан театрды таштап, кинону тандап кетүүнү туура көрөт. Ушул күнгө чейин актёр баш-аягы 15 фильмде роль жаратып, терс каармандын да, оң каармандын да ролун катыра аткара алгандыгы менен өзгөчөлөнөт.

ТУУГАНЫНА ҮЙЛӨНҮП...
Миллиондогон күйөрман кыздардын кумири Эркан Петеккая кыз жандап же жубайынын көзүнө чөп салып папараццичилердин кылтагына илине элек. Жубайы Дидем Петеккая менен 13 жылдан бери түтүн булатып, 12 жаштагы Жем Жано деген уулун тарбиялап келет. Берген маектеринде жубайы тууралуу мындай дейт: «33 жашымда үйлөндүм, 30 жашка чейин каалагандай бастым-турдум, бирок бул нерседен да тажап каласың. Көрсө, үйлөнүп, балалуу болгон милдет эле эмес, эркек кишиге чоң бакыт тартуулай турган нерсе экен. Жубайым Дидем экөөбүз үлпөт тойлордун биринде таанышканбыз. Сүйлөшө келгенде алыс туугандардан болуп чыктык. Кийин аны менен жолугушуу үчүн Анкарага баргам. Экөөбүз бир күн кечке сейилдедик, ал мага шаарды көрсөттү. Экинчи жолу жолугушканда эле лифттен баратып колун сурагам, ал макул болду».

«КЫЗДУУ БОЛГУМ КЕЛИП ЖҮРӨТ...»
-Режиссёрлордон өбүшкөн эпизоддорду кыскарткыла деп көп суранам. Андай сценаларды көргүсү келгендер кинотеатрга барып деле көрсө болот. Ал эми үй-бүлөсү менен күтүп көргөн, теледен кетчү сериалдарда өбүшүү азыраак болсо дейм. Мен актёрмун, бирок андан да биринчи мусулманмын.
-Спирт ичимдигине көз каранды болуп, дарыланган учурларым болгон. Аны таштоо оңойго турган жок. Ошол убакта бир стакан арак ичсем эле аракеч болуп калмак белем деп ойлочумун. Бирок баары бир стакандан башталат экен. Бир жолу жубайым менин мас болгонумду видеого тартып алыптыр. Ошол видеону көргөндөн кийин бул адатымды таштабасам аягы жаман бүтөрүн туйдум.
-Көп жылдан бери эки бөйрөгүм ооруйт. Бир нече жолу операция жасатып, бөйрөгүмдөн таш алдыргам. Ошондон бери тасма аянтчасында суук жерде тартылып калсам бул оорум козголот.
-«Барксыз өткөн өмүр» тасмасындагы капитан Али терс каарман болгонуна карабай өзүмө жагат. Чынында эл кандай кабыл алат деп аброюң үчүн кооптонот экенсиң, бирок күйөрмандарым ролума абдан жакшы деген баа беришти.
-«Турмуштун таш-талканы» сериалындагы кызым Жансунун ролун ойногон актриса Лейла Танлар менен чынында эле ата-кыздай болуп калдык. Азыр аябай кыздуу болгум келип жүрөт. Анткени ушул тасмадан кийин кызы бар ата кандай бактылуу болорун билдим. Лейланын жашоодогу атасы да аны абдан жакшы көрөт, жадакалса кызын менден кызганып жүрдү.
-«Турмуштун таш-талканы» сериалына тартылуу үчүн арыкташ керек эле. Тартуу иштери башталарга жакын үй-бүлөм менен Африкага эс алганы барганбыз. Ал жактын ашканасы мага жаккан жок, курсагым ач болгонуна карабай мөмө-жемиштен башка эч нерсе жей албай койдум. Ошентип Африкадан арыктап келгем.


"Барксыз өткөн өмүр" тасмасындагы капитан Алинин ролу өзүмө аябай жагат".


"Турмуштун таш-талканы" сериалындагы өнөктөштөрү менен.

Жубайы Дидем менен уулу тартуу аянтчасында актёрду коштоп жүрүшөт.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
aizada15
2016-04-11 11:24:44
Турктордун бойлору узун болот окшойт
0
Aidowi
2016-04-11 14:04:40
Барксыз омур сериалы..канча ыйлатты го чиркин
+1
anipa11
2016-04-11 22:59:37
Жансунун аты Алина Боз, адашып калдынар.
0
bela77
2016-04-12 16:28:48
anipa11 сиз адашып калдыныз,Алина Боз-Хазалдын,Лейла Танлар-Жансунун ролун аткарат.
0
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан