Анжелина Жолинин өтө арыктап кеткенин батыш басылмалары тынбай жазып жүрүшкөн. Жакында эле актриса 169 сантиметр бою менен 35 килограммга чейин арыктап кеткендиктен шашылыш түрдө ооруканага жеткирилгени белгилүү болду. Айрымдар аны эмчек рагы менен ооруйт десе, кээ бирлер жолдошу Брэд Питт анын көзүнө чөп салганынан депрессияга түшүп жүрөт деп божомолдошот. Ал эми Жоли азып кеткени тууралуу бир да ооз ача элек. Эске салсак, Анжелина 2013-жылы операция жолу менен эки эмчегин алдырганын айткан. Акыркы жылдары режиссёрлук менен алектенип жүргөн актриса чындап эле оор илдет менен алышып жүрөбү же жөн гана үй-бүлөлүк кризиспи, аны убактысы келгенде өзү ачыктаар.
Лунара Бекиева
star@super.kg