КАБЫРГАДАН «ТААЖЫ» ЖАНА САМСА

Дүйнө жүзү боюнча койдун кабыргасынан түркүн даамдар жасалып, казанда, электр мешинде, тандырда, грилде жана башкаларда бышырылып келет. Төмөнкү рецепттерге муздаткычта тоңдурулбаган жаш этти пайдалансаңыз жакшы.

КАБЫРГА «ТААЖЫ»

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Койдун кабыргалары – 1, 2 килограмм (2 бөлүк, ар биринде 7-8 кабыргадан)
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Соя соусу – 2 аш кашык
Бал – 1 чай кашык
Пияз – 1 даана
Сельдерей – 3 сабакча
Картошка – 4-5 даана
Сарымсак – 2-3 тишче
Сабиз – 2-3 даана
Көк пияз – каалоого жараша

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Жашылчаларды аарчып жууп, картошкаларды 7-8, сабизди узунунан 4-5 бөлүккө бөлүп туурайбыз. Пияз шакекче түрүндө, ал эми сельдерей жана сарымсак майда тууралат. Эгер сабиздин жаңы чыккандары болсо жууп, аарчып бүтүн кошуп жиберсеңиз болот.
  2. Кабыргаларды жууп, кургатабыз. Соя соусуна бал, туз, мурч кошуп маринад жасап, муну менен кабыргаларды сүртүп туруп 1 саатка тыныктырабыз.
  3. Кабыргалардын асты жагынын араларын (эттүү жагын) 1,5-2 сантиметр кылып кесебиз. Бул «таажы» формасына келтириш үчүн керек. Эми кабыргалардын үстү жагындагы араларын 2,5 сантиметрдей тилип, кабыргалардын башын ачып, эттерин алабыз.
  4. 2 бөлүк кабырганын ортосун бириктирип тигебиз (теменеге жоон ак жипти саптап алып). Эми кабыргалардын эттүү, майлуу жагын ичкери каратып тегерете тургузуп, ортодогу ачыкты да бириктирип тигип коёбуз.
  5. Көмөч казанга май куюп, кабыргалардын башынан кесилип алынган этти, пияз, сельдерей, сабиз, сарымсак, картошканы бир сыйра кууруйбуз. Туз, мурч салууну унутпаңыз.
  6. Электр мешинин табасына «таажы» формасына келген кабыргаларды тигинен жайгаштырабыз. Ортосуна куурулгандарды салып, кабыргалардын ачылган баштарын фольга менен ороп, 180 градуста ысып турган электр мешине салып 1,5 сааттай бышырабыз. Бышканда алып чыгып, үстүн көк пияз менен кооздойбуз.

КАБЫРГА САМСА

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Кой эти – 250 грамм
Койдун кабыргасы – 7 даана
Пияз – 2 даана
Куйрук – 1 кесим
Катталган даяр камыр – 1 таңгак (упаковка)
Туз, мурч – татымына жараша

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Койдун кабыргаларын ортодон тең экиге бөлөбүз. Кабырганын эти жумшак бышышы үчүн туурасынан ар жеринен тилип коёбуз.
  2. Туурамжы. Койдун этин, куйрукту жана пиязды майда туурап алабыз.
  3. Эми кабыргаларга туурамжыны кошуп, үстүнө туз, мурч салып, бир аз суу сээп 20 мүнөттөй дымдап коёбуз.
  4. Камырды жайып, ортосуна туурамжыдан аздан салып 1 кабырганы коюп, камырдын четтерин бекитебиз. Электр мешинде 200 градус температурада 30-40 мүнөттөй бышырабыз.

ФОЛЬГАДАГЫ КАБЫРГАЛАР

Керектелүүчү азыктар:
Койдун кабыргасы – 1 килограмм
Майонез – 100 грамм
Пияз – 2 даана
Лимон – 1 даана
Петрушка (же райхан) – каалоого жараша
Туз, мурч – татымына жараша

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:

  1. Кабыргаларды жууп, кургатабыз.
  2. Пиязды шакекче, петрушканы майда туурайбыз.
  3. Кабыргаларды чуңкур идишке салып, үстүнө тууралган пиязды, петрушканы салып, үстүнө лимондун ширесин сыгып, туз, мурч кошуп аралаштырып 20 мүнөт коюп коёбуз. Анан үстүнө майонезди кошуп аралаштырып, 1 сааттай тыныктырабыз.
  4. Электр мешинин табасына фольганы төшөп, үстүнө маринаддагы кабыргаларды салып, фольга менен ороп 180 градуста ысып турган электр мешине салып 2 сааттай бышырабыз. Анан фольганы ачып, кабыргалардын бети кызаргыча дагы меште кармай түшөбүз. Тамак даяр.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
beben
2016-04-11 13:17:27
Мммммм )))))
0
jetinur90
2016-04-12 00:51:57
Ушул макаланы окугвн 100 адамдын бироо ушинтин жесе эеп, жебесе шилекейин жутуп коюп журо берет. Андан коро кай жерде болсон да 4 ташты бири-бирине тиреп, комурго кабырганы же тапканындыбешилике откозуп, болбосо чыбыктан ийне жасап бышырсан ана сага шашлык.
+1
patsanskaya
2016-04-12 09:08:01
Кабырга самсыны Москвада бир кафеде иштеп жургондо коргом, озум эт жебегендиктен татып коргон эмесмин. Бирок ото жакшы эмес дешчу. Ага караганда говядина жакшы отчу.
0
megaton80
2016-04-12 10:12:36
patsanskaya,Эт жебеген адамды биринчи жолу угуп жатам
0
leonar
2016-04-12 12:58:26
megaton80,вегетариан деп поисковиктен издеп кор, коп мындай адамдар
0
Sweet-Lika
2016-04-12 12:26:12
Ииий, шилекей чуурат го тим эле…))
0
Aikokyl
2016-04-12 15:52:13
Vopshe sonynda byl kabyrga samsa
+2
ajo81
2016-04-14 10:20:43
азыр болсо кана эээ
0
Albert_89
2016-04-15 22:47:19
Мага жагат,
0
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан