КАПЧЫГЫ КАЛЫҢ СТУДЕНТТЕР

Нанга майонезди сүйкөп жеп, «Дюшестен» ууртаган студенттер калктын эң кедей катмары болуп саналат эмеспи. Бирок Бишкектеги №27-лицейде «Аймактык стипендия» программасы аркылуу окуп жаткандар, тескерисинче, үй-бүлөсүнө каралашып, кайрымдуулук иштерин да жасап келишет.

СТИПЕНДИЯСЫНАН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ, ЭЛГЕ ЖАРДАМ БЕРГЕН ЖАШТАР
Алардын бири – 3-курстун студенти Темирлан Бейшеналиев. Ал жогоруда аталган программага катышып,  №27-лицейде бекер билим алуу мүмкүнчүлүгүн утуп алган. Механиктин дипломуна ээ болуу алдында турган Темирлан мектеп курагында жогорку окуу жайдан билим алууну кыялданчу. Бирок үй-бүлөлүк шартка карап лицейге тапшырууга туура келгенин айтат: «Апам да, атам да жогорку окуу жайларын бүтүрүшкөн. Атамдын бир эмес, эки диплому бар. Бирок жумуш жок, экөө тең үйдө отурушат. Ошондуктан механик болууну чечтим. Тандоодон жаңылбаптырмын. Азыр практика учурунда тапкан каражатымдан үйдөгүлөргө жардам берип, мектепте окуган иним менен карындашымдын кийим-кечесин, окуу куралдарын камсыздап турам».
Кезинде жогорку билимдүү болууну самаган Темирлан 1-курсту аяктаганда Политехникалык университеттин дистанциондук бөлүмүнө тапшырып койгон. Удаалаш энергетика тармагы боюнча да кесипти өздөштүрүп жаткан ал долбоордун түптөөчүлөрүнө ыраазы.

БЕКЕР БИЛИМ АЛУУГА АРНАЛГАН ПРОГРАММАГА КИМДЕР КАТЫША АЛАТ?
«Аймактык стипендия» программасы Көл кылаасындагы аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жана ата-энеси жок мектеп бүтүрүүчүлөрүн орто кесипке окутуу максатында 2000-жылы ишке киргизилген. Анын алкагында жыл сайын сынак өткөрүлүп, жеңүүчү аталгандар автослесарларды, ширетүүчүлөрдү даярдаган №27-лицейден бекер билим алууга жолдомо алышат. Окууга, тамак-ашка, жатаканага кеткен чыгымды «Кумтөр» каржылайт. Ошондой эле компания долбоор алкагында студенттерге 1-курстан тарта алтын кенине барып практикадан өтүп турууга шарт түзгөн. Мында алар эки ай лицейде алган теориялык билимин эки ай практика жүзүндө алтын кен ишканасынын унаа оңдоочу жайларында бекемдешет жана бул үчүн кошумча стипендия берилет.
Кубандырганы, студенттер стипендиянын эсебинен Тоң жана Жети-Өгүз аймактарынын жашоочуларына жардам берүү демилгесин да колго алышкан. Бул үчүн программанын жүздөн ашык катышуучусу «Достук» жана «Ынтымак. Жашасын Кыргызстан!» биримдиктерин түптөшүп, спорттук иш-чараларды жана кайрымдуулук иштерин өткөрүп турушат.
Алсак, «Достук» биримдиги мектеп окуучулары арасында айыл аралык футбол мелдешин өткөрсө, «Ынтымак. Жашасын Кыргызстан!» волейбол биринчилигин уюштурат. Мындан сырткары 9-Май – Жеңиш күнүндө айылдарды аралап парад өткөрүшөрүн айткан 3-курстун студенти Рүстөм Султаналиев: «Бул иштин максаты – ардагерлерге таазим кылуу жана жаштарды патриоттуулукка үндөө. Ал эми 25-майда мектептеги жакшы окугандарга акчалай сыйлык тапшырып, 1-сентябрда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына окуу куралдарын, китептерди сатып беребиз»,- дейт.
Ал эми тогуз бир туугандын кичүүсү Рахатбек Токтомуш уулу 2-курста окуп жаткан кези. Үч жашында ата-энесинен ажырап калган студент «эгер «Кумтөрдүн» программасы болбосо кесиптик билим алат белем, албайт белем, ким билет» дейт. Алты жашына чейин бир тууган агасынын колунда чоңойгон ал тагдырдын буйругу менен мектепти аяктаганга чейин Ак-Суу балдар үйүндө жашап калат. Мектеп курагында аскер кызматкери же унаа оңдоочу болууну кыялданган Рахатбектин багына программа туш келип, бекер билим алууга мүмкүнчүлүк алган. Учурда механик кесиби боюнча лицейдин экинчи курсунда окуп жаткан ал буларга токтолду: "Кендеги практикадан алган каражатым өзүмө кенен жетет. Азыр улуу агам менен Барскоон айылында жашайм. Стипендиянын эсебинен агаларыма, эжелериме жардам берип турам. Үйгө эки торпок алып бердим. Мындан сырткары өзүм тарбияланган балдар үйүнө майрамдарда белектерибизди алып, ал жактагы туугандарыбызды, эжелерибизди куттуктап турабыз. Былтыр мен мүчө болгон «Ынтымак. Жашасын Кыргызстан!» биримдиги каражат топтоп 1-Июнь – Балдар күнүнө карата кой союп, 100 балага байпак, топуларды белек кылдык. Алтын кен ишканасына жана окууга тапшырууга жардам көрсөткөн ага-эжелериме абдан ыраазымын. Алардын колдоосу менен минтип өз жолумду таап, бир туугандарыма жана элге жардамым тийүүдө".
Жогорудагы биримдиктерди түзгөн демилгелүү жаштар Көл жергесиндеги майыптардын дарылануусуна, балдар жана карылар үйлөрүнө да каржылык көмөк көрсөтүп турушат. Биримдикке мүчө балдардын айтымында, иш-чараларды уюштурууга кенде туруктуу иштеп жаткандар көбүрөөк, стажёрлор андан азыраак, ал эми экинчи жана үчүнчү курстагы студент-практиканттар алына чактап каражат чыгарышат. Биринчи курстар болсо иш-чарага конок катары барышат.
Биримдиктеги жаштардын жасап жаткандары башкаларга үлгү болорун билдирген лицейдин окутуучусу Салимбай Мамаев: «Бүтүрүүчүлөр менен окуп жаткандардын башын кошкон биримдиктер чындыгында баарыбызды кубандыра турган жакшы иш. Улуусу кичүүсүн жетелеп үйрөтүп дегендей. Өзүлөрү студент болсо да жумуш жоктугунан жакырчылык чегинде жашап жаткан үй-бүлөлөргө жардам берип жатканы абдан жакшы көрүнүш. Башкаларга да үлгү болуучу иш. Мына ушундай жаштар көп болсо, келечекте Кыргызстан тез эле өнүгүп кетерине ишенем»,- деген жылуу пикирин билдирди.

Айтемир Аскеров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
jemile
2016-04-11 11:28:36
Мынча жакшы!
Студенттер ата-энесин отургуза койчу эле бир келип кеткенде..

Ийгилик!
0
Sofy
2016-04-11 13:07:22
Vot molodcy!
0
Aisalkun
2016-04-11 13:07:40
Ушундай жаштарыбыз бар болсун. Ишине ийгилик.
+2
vangolu
2016-04-12 01:00:34
Мени абдан кубандырдынар инилерим
+1
marik10
2016-04-12 18:53:45
жаштарды колдогон долбоорлор туура натыйжа берет. келечек биздин жаштарда!
+2
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан