ИЗДЕЙМ СЕНИ

«ШЕЙШЕНБЕКТИ ТААНЫГАНДАР БАРБЫ?»
– Бир тууган иним 1934-жылы туулган Шейшенбек Сагынтаевди издеп жатам. Ал 1980-жылдары Орусиянын Челябинск шаарына кетип, ошол жакта жайланышып калып калган. Ошол шаардын трактор чыгаруучу заводунда иштеп жүрүп пенсияга чыккан. Акыркы жолу 1990-жылдары Кыргызстанга келип учурашып кеткен. Келинчеги каза болуп калган. Жамиля, Гүлмира деген эки кызы, Марат аттуу уулу бар. Челябинск шаары, Победа проспекти, 332-үйдүн 107-квартирасы деп дарегин берген, бирок өзүнөн дайын жок. Өзүм 1929-жылы төрөлгөм, Орусияга барып издөөгө алым жок. Тааныгандар болсо кабарлап коюуларын өтүнөм.

Дүйшөнбек Сагынтаев,
Чүй облусу, Аламүдүн району, Таш-Мойнок айылы. 
Телефон: 0778 05 73 21

«КЫЗЫМ АКАК ҮЙДӨН ЧЫГЫП КЕТКЕН БОЮНЧА ДАЙЫНСЫЗ»
– Кызым Акак Кенжебек кызы 2013-жылдын апрель айында Чүй облусунун Кемин шаарчасындагы үйдөн туугандарга таарынып чыгып кеткен боюнча кайрылып келген жок. Ошол жылы ал 14 жашта болчу (1999-жылы туулган). Мен ал күнү үйдө эмес болчумун, өз алдыбызча издеп таппай койдук. Ал эми милицияга арыз жазган эмеспиз. Өзгөчө деле белгилери жок, чачы кара, коюу болгондуктан каре кылып кесип жүрчү. 14-15 жаштагыларга салыштырмалуу бою узун. Кызымды көрүп-билгендер болсо кабарлап коюңуздар.

Нургүл. Телефон: 0773 65 45 40;
0555 22 40 33; 0702 22 40 33

«КУРСТАШ ДОСТОРУМДУ ИЗДЕЙМ»
– Өзбекстандын Ташкент шаарындагы Айыл чарбаны механизациялаштыруу жана электрлештирүү институтун 1979-жылы бүтүргөн тайпалаштарымды издейм. Алар: Субан Токтогулов жана Орос же Оросбек Карышкырбаев, акыркы жолу байланышканыбызда Талас облусунда экенин айтышкан. Ал эми Мирбек Тойчиев "Жалал-Абад облусунун Токтогул районундамын" деген. Достор, эгерде менин ушул жарыямды гезиттен окуп калсаңар, байланышып коюуңарды суранам. Силер менен жолугуп, чер жаза сүйлөшсөм дейм.

Рүстөм Турганов.
Телефон: 0777 07 80 35; 0770 42 38 19
  

«КЛАССТАШЫБЫЗ ЛИРА, КАБАРЛАШ!»
– Аты-жөнүм Кудаяр Джураев, Чүй облусунун тургуну, классташым Лира Сулайманованы издейм. Ал 1967-1969-жылдары Баткен облусунун Лейлек районундагы Сүлүктү шаарында №2-Т.Сатылганов атындагы орто мектебинде окуп кеткен. 2014-жылы бүтүрүүчүлөрдүн 45 жылдык юбилейин белгилөөгө чогулуп, классташтардын 33ү келди. Бирок Лира Сулайманованы таппай койдук. Ондон ашык классташтардын көзү өтүп кетиптир, аларды эстеп куран түшүрдүк. Эми 50 жылдык өткөрүүнү пландап жатабыз. Лира классташыбыз окуп калса келет деген үмүттөбүз. Таанып-билгендер болсо кабарлап коюңуздар.

Кудаяр Джураев.
 Телефон: 0773 68 98 97

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыңызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоңуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же
koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыңыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
makskyzy
2016-04-11 10:18:16
Кызык 14 15жаштагы кыз таарынып чыгып кетсе милицияга арыз жазбаганы эмнеси?
+6
makskyzy
2016-04-11 10:18:30
Табылып калсын
0
ZANIA-92
2016-04-12 01:29:03
Ой тобоо жаш кыз таарынып чыгып кеткенге уч жыл болуп калыптыр, анан эмдигиче милицияга арыз жазбай журобереби... Айтор аман эсен табылып калса экен.
+1
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан