Мурат Жалиев: «СОО ЖЕРИМ ЖОК, МУРДУМ СЫНГАН, МЭЭМ ЧАЙКАЛГАН»

«Ошто «No name» командасынын атын жамынгандар көбөйүп кетти, чыныгы «No name» бизбиз» деген Мурат Жалиев бизди балалыгына алып барып келди. «Мен жакшы окугам, тартиптүү баламын десем, калпычы атка коном, мени тааныгандар да күлөт. Бала кезде жок дегенде күнүгө 5 адам атама «сенин балаң кызымды ыйлатыптыр, баламдын башын жарыптыр, айнегимди сындырыптыр» деп арызданып келчү»,- дейт Мурат балалыгын эскерип отуруп.

«ДОКТУРЛАР "АДАМ БОЛБОЙТ" ДЕШКЕН»
– Мен беш бир туугандын үчүнчүсүмүн. Аида, Динара деген эки эжем, менден кийин Турат деген иним, Айнур деген карындашым бар. Өзүм жөнүндө айтсам, төрөлгөндө эле талма оорум бар экен. Мени көтөрүп алып апам ооруканадан башы чыкпай калганда доктурлар «убара болбо, балаң адам болбойт» деп коюшуптур. Апам байкуш ыйлап, мени көтөрүп алып элдик дарыгерлерге көрсөтөт. Бир табып кыргызчылык менен дарылап, «баланы көтөрүп суунун агымына каршы бас» деген экен, апам күн сайын эртең менен ошентип жүрүптүр. Кудайдан тилеп жүрүп акыры мени адам кылып алышат. Ошону эле күтүп турганмынбы, "2 жашыңдан шоктукту баштагансың" дешет. Эсимде, балдар бакчасында бурч меники болчу. Балдарды ыйлаткан, шоктук кылган, укта десе уктабаган кежир бала элем. Тамак бергенде тарбиячы эже «биринчи боткону же, анан компотуңду ичесиң» деп айтып бүтө электе компотту ичип салып тил уга берчүмүн. Балдар бакчасынан кеткенче эжейлер бул адатымды калтыра алышкан жок. Анан да орус балдарды жаман көрчүмүн. Алар орусча сүйлөсө «кыргызча сүйлө» деп башка бир чабар элем. Ошолордун каргышы тийген окшойт, кийин такыр орус тилин үйрөнө албай койдум.

«КАРЫНДАШЫМДЫН КАШЫН КЫРЫП САЛГАМ»
– Ата-энем жумушка кетерде «иниң менен карындашыңды карап отур» деп таштап кетчү. Анан мен аларга «шеф» болуп идиш жуудуруп, үй жыйнатып ойночубуз. Бир жолу «келгиле, чачтарач ойнойбуз» деп мен мастер болдум. Инимдин чачын кыркып, карындашымдын чачын алып, анан кичине башкачараак кылайын деп кашын кырып салдым. Ошону менен эле тим болуп калбай, кирпигин кайчы менен түбүнөн кыркып койдум. Кечинде атамдар жумуштан келип, карындашымды көрүп эле «эмне болду буга?» деп кыйкырды эле, мен «эч нерсе болгон жок, баарын «лысый» кылып койдум» десем, атам менен апам мени аябай урушкан.
Ошто Ак-Тилек жаңы конушуна көчүп келгенибизде ылай сууга иним экөөбүз чумкуп ойноп, суудан чыкчу эмеспиз. Топуракка ойногон баланын колу-бети жарылып, кесилип кетет го, биздики бүт денебиз кесилчү. Кийим такыр кийчү эмесмин. Эртең менен чыгып кеткен боюнча мени издеп кечинде араң таап келишчү.

«50 СОМ УУРДАП ТАЯК ЖЕГЕМ»
– 5-класста болсом керек, атамдын чөнтөгүнөн 50 сом уурдап, карындашымды ээрчитип барып дүкөндөн шоколад алып жегенбиз. Анан билдирбегенге аракет кылып шоколаддын кагазын катып  койдум. Карындашымдын шоколад болгон оозун аарчып, өзүмдүкүн унутуп калыптырмын. Үйгө келсек атам «менин чөнтөгүмдөн ким акча алды?» десе «билбейм» дедим. Эжем «шоколад жептирсиң, каяктан алдың?» деп баштады. Карындашым жөн турбай мени сатып салды. Атам аябай сабады. Атам уруп жатканда апам болуша койчу, ал да унчукпай койду. Ошондо атама аябай ачуум келген, 50 сом үчүн өз баласын ушунча сабабай эле койбойбу деп. Ошол кезде атама таарынганым менен, азыр ойлосом туура эле кылган экен. Болбосо колум туткак болуп калса кантип калтырат элем? Азыр уурулук кылбайм, бирок бир буюм жагып калса каратып туруп «нагло» тартып алам. Кичинекейимден таяк жеп кабыргам сынган, башым жарылган. Кыскасын айтканда, соо жерим жок. Ал аз келгенсип Кумар акеме (ред. кикбоксчу Кумар Жалиев) окшошом деп 4 жыл бокс менен машыгып мурдум сынып, баш мээм чайкалган.

«ДОСТОРУМ МЕНИ ЭЧКИГЕ ЖАБЫШТЫРЫШЧУ»
– Элдин баары мени Баткендин бир айылынан деп ойлошот экен. Орус тилин билбегеним менен, Ош шаарында чоңойгон эле баламын. Айылга жайкы каникулда эле Кумар акем, мен, иним болуп «сүргүнгө» барчубуз. Жайы бою капкара болуп мал багып, чөп чаап тынбай иштээр элек. Каникул бүтүп, окуу башталат  десе айылдын жумушунан кутулганыма сүйүнчүмүн. Үйгө келсем ата-энем мектеп кийимин алып койгон болот, аларды көрүп алып эртерээк таң атса деп 1-сентябрды күтүп жатканымчы, «2ге» окуганым менен ишим жок.
Мектепте окуганда эле тамашакөй элем. Балдар күлөбүз деп атайын кечинде биздин үйдүн жанына келип алышчу. Классташтарыма окшоштуруп "кличка" коюп койчумун. Бир жолу айылдан сатабыз деп атам бир көзү сокур эчки алып келиптир. Анысын эч ким албай, биздин үйдүн алдында көпкө байланып турду. Балдар келген сайын «Мурат, бул сулуу сенин девушкаңбы?» деп шылдыңдай беришчү. Бир күнү тамашалап «аяшка айт, чай койсун» деп башташты. Алар мыскылдаган сайын эчкини жаман көрүп, «ата, сокур эчкиңизди жок кылыңызчы» деп чыр салдым. Атам эмнеге антип жатканымды билбейт да, «бул сага эмне кылып жатат, абысындардай жаман көрөсүң да» деп урушкан. Иши кылса эптеп ошол эчкини жок кылып, балдардын шылдыңынан кутулгам.
Орусияда метродо аялды сактап калган Марат Исаев экөөбүз классташпыз. Класста экөөбүз эле капкара болгондуктан бизди баары «негрлер» дешчү. «Ак калпак» кубогунда Марат калыстар тобунда отурганда «шап жата калып, шап тура калып калыстар тобуна келип отуруп алдың» деп тамашалагам. Муну айрымдар Мурат Маратты көрө албайт деп кабыл алышыптыр. Бул менин классташым, досум болгондуктан ушундай тамашаладым, болбосо башкача деле сөз тапмакмын.


"Эжемден таяк жеп, боз ала болуп жүргөн кезден бир элес. Баса, ушул карындашымдын кашын кырып салгам".

"No name" командасын Кадыр, Эмил үчөөбүз түптөгөнбүз".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
“50 сом уурдаганым үчүн атам сүйрү башым тоголок болгончо сабаган” дейт Мурат Жалиев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
mila6ka
2016-04-11 22:44:25
Кумар байкеси болобу?
0
Stervashka
2016-04-12 01:34:31
Красавчик Мурат,тамашакойлугу,жонокойлугу менен жагат.Жонокойлук адамдын кузгусу дейт беле.
0
pepeshka-12
2016-04-12 02:19:55
Өзүм да күлкүчү жан элем) күлө берип ичим ооруду. Азаматсыз, ийгилик!
0
gulaza
2016-04-12 04:06:17
Мураттын канына кошулуп калганго бул талант ! Ийгилик суудан курук чыгат бул точно
0
Sagidko88
2016-04-12 08:11:24
Супер инфо, Кумар менен Элинадан интервью алгылачы. Той качан экен? Красивая пара бактылуу болуп баш кошсо сонун болмок. Дагы деле биргеби алар? Мурат болсо просто красавчик!
0
admin_superstan
2016-04-13 12:15:25
Sagidko88, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+1
akuna.matata
2016-04-12 14:39:06
Ishinizge iygilik bar bolun)))
0
ilana
2016-04-12 15:24:20
мен маршуткада элем.куло берип ичим ооруп калды)))
.азамат ишинизге ийгилик
0
nuti98
2016-04-12 17:57:22
"Мы играли 40,а играем 41"-дегендей,орусчаны анча оздоштурбосонуз деле жашоо улана берет Кудай буйруса ака. От души #
0
piramida
2016-04-12 20:58:39
Мурат бул сулуу девушкаңбы аяшка айт чай койсун.ха ха ха күлө берип көздөн жаш куйулду.
0
Positive
2016-04-12 23:06:14
уххх ииий сооонуун маэк болуптургооооо. Ахзаматсыыыыыыз. Ишинизгееее ийгилиииииииииииик. Супер инфо уй-булосунун суротун да киргизип койгулачы бир туугандарынын. Карындашы инилерини коруш кызык болутат мындай талантттууу инсандын. суйлогондоруго соз жооооооккк. менда жыргап калдым. духовный интервью жасалма эмеес
0
admin_superstan
2016-04-13 12:16:20
Positive, саламатсызбы? Сунушуңуз эске алынат, рахмат.
0
kyrgyz.girl
2016-04-13 00:41:17
Сиз суперсиз! Алла Таалам колдосун!
0
sultan89
2016-04-14 01:21:26
Баткенден болосунбу десе эмне болуптур,канчалаган кучтуу инсандар чыккан Баткендин,эли жакшы башка областун элдерине окшоп кун чыкпай калса да митинг кылбайт
+3
chyngyzbeka
2016-04-15 12:29:44
Жакшы жакшы бала Мурат
0
Almazbek-1987
2016-04-15 15:46:22
Жеке жашооно жана, Чыгармана ийгилик.
0
kaktus.vn
2016-04-23 21:11:13
ха ха хааааа.....азаматсыз ийгилик.
0
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан