Ла Лиганын 31-турдук оюнунда Испаниянын дөө-шаа командалары «Барселона» менен «Реал Мадрид» 2-апрелде «Барселонанын» «Камп Ноу» стадионунда кез келишти. Бул оюн «актардын» машыктыруучусу Зинедин Зидан үчүн абдан маанилүү эле, анткени чемпиондукка ат салышуудан четтеп калгандыктан күйөрмандарга жагымдуу маанай тартуулоо керек болчу. Ал эми Луис Энрике баштаган «Барселона» 39 оюн бою утула элек болуп, өздөрүнө болгон ишеними курч эле. Оюндун ыргагы башында үй ээлеринде болуп, эсепти Жерар Пике ачкан. Бирок оюндун соңку мүнөттөрүндө «Реал» мыкты ойноп, жыйынтыгында Бензема менен Роналду гол жарата алышты. Ошентип оюн 1:2 эсебинде коноктордун пайдасына чечилди.