«КҮЙӨӨМ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЖАЛААСЫНАН УЛАМ АСЫНЫП АЛДЫ»


Ушул жылдын 30-мартында Талас районунун Козучак айылынын Азамат Анарбеков аттуу 20 жаштагы тургуну (жакындары аны Болот деп аташчу) өз үйүндө асынып алган. Маркумдан туугандары анын өлүмүнө тергөөнүн жүрүшүндөгү жалган жалаа себеп болгондугун айтышууда.

«ТЕРГӨӨЧҮ КҮЙӨӨМДҮ КЫЙНАП КҮНӨӨНҮ МОЮНУНА АЛДЫРЫПТЫР»
Окуя толугу менен түшүнүктүү болушу үчүн алгач маркумдун келинчеги Уулжанды кепке тарттык:
– Жолдошум бош убактысында унаасы менен эл ташып акча тапчу. Март айынын башында үйдө отурсак, айылдашыбыз Калмурат деген байкенин 2 баласы келип күйөөмө: «Азамат байке, унааңыз менен төө буурчак сатып келеличи. Жол киресин төлөп беребиз»,- дешти. Күйөөм макул болуп, алар менен кеткен. Алар 1 кап төө буурчакты Арашан деген айылга алып барып сатышып, күйөөмө жол киресине деп 200 сом беришиптир. Көп өтпөй ошол балдардын улуусу күйөөмө: «Байке, дагы төө буурчак сатып келеличи. 8-мартка кыздарга белек алууга акча керек болуп жатат. Үйдөгүлөр "төө буурчактардын машактарын сатып акча кылып ал" деп беришти»,- дептир. Азамат макул болуп 3 кап төө буурчакты мурунку саткан жерине алып барышса «төө буурчагыңар эски экен» деп албай коюшуптур. Алар ал күнү төө буурчактарын ошол жакка таштап баса беришет. 2-3 күн өткөн соң Азамат тиги балага барып «жол киремди төлөбөйсүңбү?» десе, «Байке, баягы төө буурчактар ошол жерде турат. Ошону Талас шаарына алып барып сатып, жол киреңизди алып, калганын мага алып келип бербейсизби?» деп суранат. Күйөөм макул болуп аны Талас шаарына алып барып сатып, жол киресине деп сүйлөшкөн акысын алып, калганын ал баланын өзүнө бериптир. Көрсө, ал төө буурчактар ошол баланын коңшусунун үйүнөн уурдалган экен.
Өзүм Талас шаарында базарда соода кылам. Бир күнү жумушта отурсам, ошол балдардын атасы Калмурат байке менен анын аялы Асел эже экөө келишти. Асел эже мага «Сенин күйөөң 3 кап төө буурчакты алып кетип калыптыр. Анын айынан менин баламды аймактык тескөөчү камап койду. 3 күндөн бери ошол жакта жатат. Күйөөңө айтып кой, 3 кап төө буурчакты төлөп берсин!» деп кыйкырып кетти. Андан соң ал эже күйөөмө чалып, «Сен 3 кап төө буурчакты төлөйсүң. Төлөбөсөң моюнуңа алдырам. Сенин кимиң бар эле?» деп коркутуптур. Ал эженин таекеси милиция кызматкери экен. Көп өтпөй Улан деген аймактык тескөөчүсү жана жаш балдар менен иш алып баруучу инспектор жолугуп күйөөмө түшүнүк кат жаздырып алышты. Күйөөм «мен ал төө буурчактардын уурдалганын билген эмесмин, билсем сатпайт элем» деп жазып берди. Ошондон тарта аймактык тескөөчү күйөөмдү «келгин, тиги бала менен беттештиребиз» деп каалаган убагында иш бөлмөсүнө чакыртып арак, колбаса ар нерсе алдыртып, күйөөмдүн унаасын ар кайсы жакка жөнү жок айдаттырып жүрүштү. Бирок ал аралыкта берки бала менен беттештиришкен жок. 29-март күнү дагы Талас РИИБине чакыртышыптыр. Барса машинасын айып аянтчасына токтоттуруп коюшуптур. Ошол күнү тиги баланы да алып келишип экөөнү беттештирип, анан аны кетирип жиберишип, күйөөмдү алып калышат. Тариел деген тергөөчү «эгер сен мага 1000 сом берсең, сени жөн гана таксист деп жазып бошотом» дептир. Азамат «мен ансыз деле таксистмин, патент алып иштейм» десе, «чыккың келсе бер» дейт. Күйөөм макул болуп айткан акчасын берсе, ал чөнтөгүнө салып алып «эми 3 капты алгам деп жаз» дейт. Азамат «азыр эле 1000 сом берсең бошотом дедиңиз эле го» десе, «Сен ал тууралуу бирөөгө ооз аччу болсоң, сени жерден чукусам да таап алам. Анын үстүнө сенин таянар эч кимиң жок турбайбы» деп аны ошол жерден коркутуп-үркүтүп, кыйнап «3 кап төө буурчакты мен алгам» деп жаздыртып алышат. Ал күнү биз таежемдердикинде элек, ошол жакка күйөөм түнкү саат 12лерде такси менен келди. Биз «Машинаң кана?» деп сурасак, «милиция жетекчиси «2 күн убакыт берем, 2 күндө чыгарып кет» деп токтотуп койду» деди. Ошентип ал күнү сүйлөшпөй эле жаттык. Жатканда «ичим ооруп жатат» деди. «Эмне болду?» деп сурасам, ыза болуп «Ушундай болуп калды. Тариел деген тергөөчү 1000 сом алган соң «3 капты мен алгам деп моюнуңа ал» деп кыйнады. «Эч кимиң жок» деп ар кайсы сөздөрдү айтып намысыма тийди. Акыры мейли, 3 кап төө буурчагын төлөсө төлөп берип коёюнчу деп кагаздарына кол коюп бердим. Эми кайын журтумдун, туугандарымдын бетин кантип карайм? «төө буурчак уурдаптыр» деп элдер шылдыңдашат да эми» деп ыйлап жиберди.
Эртеси Азамат маанайы жок болуп сүйлөбөй отурду. Бир маалда эшикке чыкты, артынан чыгып карасам кан түкүрүп жатыптыр. «Эмне болду? Сени уруштубу?» десем, «тишим ооруп жатат» деп койгон. Менимче, милиция кызматкерлери моюнуна алдырабыз деп сабашкан. Ошентип мени жумушума таштап коюп, өзү кетти. Түшкө маал ага чалып жаттым, такыр албай койду. Акыры тааныштарыбызга чалып суранып, алар үйгө барса асынып алыптыр. Азаматтан машинасын чыгарууга жетекчиси көп акча сураптыр. Аны бизге айткан эмес. Өкүл атабыз жакында эле машинасын саткан, ага айтып, карызга акча сураптыр. Ошондо жанында 6 миң сом бар эле. Азыраак сурашса ошол акчаны бермек беле?..

«АЗАМАТ АРАКЕТЧИЛ ЭЛЕ»
Маркумдун таякеси Алмаз Мамытов буларга токтолду:
– Азаматтын атасы кичинекей кезинде эле каза болуп калган. Апасы болсо оорукчан. Таянар адамы жок болгондуктан турмушка эрте бышты. 7-классынан баштап айылда велосипед оңдоп каражат таба баштаган. 9-классты аяктагандан кийин Талас шаарындагы базардан ижарага контейнер алып иштеп оорукчан апасын багып жүргөн. Айылга өз эмгеги менен 2 бөлмөлүү үй курду, анан машина алды. 6 ай мурун үйлөнгөн. Ичимдик ичпеген, тамеки чекпеген, намыскөй, аракетчил бала эле. Анын өлүмүнө милиция кызматкерлеринин жалаасы жана төө буурчак уурдаган баланын апасынын каралоосу себеп болду окшойт.

Андан соң биз «төө буурчак уурдады» делген өспүрүм баланын апасына байланышсак, ал окуя тууралуу эч нерсе айта албасын билдирип, телефонун өчүрүп койду.

«МАРКУМ КҮБӨ КАТАРЫ СУРАККА АЛЫНЫП ЖҮРГӨН»
Талас ОИИБинин басма сөз кызматкери Максат Абдысеитовго кайрылып, окуя тууралуу жооп алдык:
– 2016-жылдын 17-мартында Талас районунун Козучак айылынын 69 жаштагы тургуну Кабыл Жапаров милицияга кайрылып, кампасында турган 9 кап төө буурчагын белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген. Бул боюнча кылмышка шектүү катары аталган айылдын тургуну, 1999-жылы туулган Б. аттуу өспүрүм кармалып, ата-энесинин катышуусунда суракка алынган. Ал кылмышты жасагандыгын толук моюнуна алган. Ошондой эле бул кылмыш боюнча Азамат Анарбеков күбө катары суралып, кылмышка шектүүнүн төө буурчагын Хонда Фит унаасы менен 2 жолу ташып бергенин айткан. Бул кылмыш боюнча 27-мартта Талас РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «уурдоо» беренеси боюнча иш козголгон.
Иш козголгондон кийин күбө катары суралган Азамат Анарбековдун унаасы Талас РИИБинин имаратынын короосуна киргизилген.
2016-жылы 30-мартта Азамат Анарбеков өз үйүндө жипке асынып алган. Бул боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда каза болгон жарандын туугандары анын өлүмүнө милиция кызматкерлеринин тиешеси бар экендигин айтышууда. Бул боюнча Талас ОИИБи тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат, азырынча жыйынтыгы чыга элек.

Бул окуя боюнча Талас райондук прокуратурасына байланышсак, алар иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын, азырынча экспертизанын жыйынтыгы чыга электигин айтышты. Бул иш акыйкат тергелип, эгер маркумдун туугандарынын айткандары далилденсе, анда бейкүнөө адамды өлүмгө кириптер кылгандар татыктуу жазасын алышат деп үмүт кыла туралы.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (68)
batsam
2016-04-13 12:50:56
Айланып кетейин акты кара деген милиция кызматкерлери. Жашоо бумеранг, жалган жашоо экенин эсинерге тутуп койгула. Озунордун башынарга келбесе, баланарга же болбосо неберелеринерге созсуз келет. Аркы дуйнону дагы эстеп жургуло. Ал жакта тааныш билиш деген тушунук жок. Аллах Таалам адилеттуу зат.
+6
mambo-1984
2016-04-13 13:04:02
Мындай ментерди эл астына чыгарып ташбаран кылыш керек жакшылык корбой отсун
+2
ALBIKA
2016-04-13 17:11:18
Болоор иш болду,боесу канды болуп милиция соройлор карганын козун карга чукубайт кылышат да.Жаткан жери жайлуу болсун!!!Олумго турткондорду жигиттин убалы урсун...
+2
Duulat
2016-04-14 03:32:43
Кубо катары отуп жаткан адамдын машинасы эмне себептен РИИБнин короосуна киргизилет? Бул жерде табышмактар коп эле экен.
+3
admin_superstan
2016-04-14 11:23:50
joni_91, chalmagrad, кимдир-бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
Venus_22_02_86
2016-04-14 12:07:48
Оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун деген ушул экенго аттин Онгулунун бири ачылы элек экенго 3кап фассоль учун ушунча басынтпай эле койсо болмокко
0
RainaDiamond
2016-04-14 17:32:23
akili jok milisia eken jumuwtan alip ani da owondoi sabasa kilgan iwi uchun !!!
0
begimai1989
2016-04-15 19:23:15
Жаткан жери жайлуу болсун.
0
cezim01
2016-04-16 09:34:25
Милиция кызматкерлери только жешет экен тешип чыксын арам акчалары. Эптеп моюнуна алдырып мынанча сом бересин анан бошотом дегенди билишет баары. Ошол акчалар жаман кундоруно буйуратта созсуз
0
KG-Oligarh
2016-04-16 12:12:20
Жатып олгучо атып ол дейтко ошондой намыской болуп олот экен ошол кыйнап мойнуна алдырган милиция кызматкеринин башын алып алып анан олуш керек эле да.
0
akulya.92
2016-04-16 22:03:31
Жараткан Алла талаам бейишин берсин байкуш аябай кыйынчылык көргөнго акча акча деп акчанын айынан кандайгана жолго кетип жатышат Аллахым жүрөгүнө ыйман ынсап берсин байкуш баланын өлүмүнө себепкер болгон милицияга
+1
fcmessi
2016-04-16 23:53:30
Эх адамдар эмне болуп бара жатабыз ээ абийр,намыс,уят дегенди унутуп эле койдуко бул жалган дуйнодо бири бирибиздин конулубуздуу орутпай,бугунку кун учун эмес келечек ти ойлоп жашасак.
+1
Araika
2016-04-17 21:06:04
Аябай каргап шилеп корсом бетине тукуруп салгым келди ушул милицияны. Милиция десе кичине укук коргоочу адамдарды тарбиялоочуну элестетчуу элем. Бара бара жан жуткан желмогуздар болуп баратышат. Эч кимдин иши тушпосун. Журогу жок таш журоктор. Алланын алдында жооб беруучу кунунор келет ошондо билесинер акмактар.
+1
mikana
2016-04-19 18:07:26
мен коншу айылынан болом. бул бала айабай эмгекчил мээнеткеч жаштайынан кыйынчылыкты коп коргон бала. оз мээнети менен нан таап жечу.8-клкссында велосипед ондоп,времянка салган,оз кучу менен машина алып,уйлонгон. уурдаган баланын апасы Асел айылындагы китепканада иштейт. ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2016-04-20 10:00:48
mikana, далилсиз кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
clipok
2016-08-31 10:18:10
карга карганын козун чукумак беле, дагы бир шылтоо менен жабып коет да. милициялар копту,акмак болушту. Кудай озу таразалайт...
0
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан