1-апрель күнү режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун «Сүтак» тасмасы «Ника» сыйлыгын алды. Фильмге «КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы» наамы берилди. Аталган наамга Эстония, Грузия, Украина, Литва режиссёрлорунун тасмалары ат салышып, ийгилик кыргыз тасмасына буюрду. Жаш режиссёрдун эмгеги «Ника» сыйлыгын алган алгачкы кыргыз тасмасы катары тарыхта калды.
«НИКА» – ОРУСИЯНЫН «ОСКАРЫ»
«Ника» – Орусиянын улуттук киносыйлыгы. 1987-жылы СССР кинематографисттер бирикмесинин секретариаты тарабынан негизделген. Учурда академиянын курамында 621 өкүл бар. Аталган сыйлыкты Орусиянын «Оскар» сыйлыгы деп аташат. 1990-жылдан тартып жеңүүчү жашыруун добуш берүү менен аныкталып келет. Сыйлыкты Михаил Калатозовдун легендарлуу «Турналар учат» тасмасынын баш каарманынын ысымынан аташкан. Артында канаты бар келишимдүү кыздын элеси түшүрүлгөн алтын жалатылган статуэтка байыркы грек Кудайы Ника сыяктуу эле жеңиштин символу болуп саналат.
Мирлан Абдыкалыков сыйлыкты алганына кубанып турган учуру. Режиссёрду куттуктап, тасма тууралуу учкай кеп козгодук.
– Аталган тасманы тартып жатканда кандай максат койдуңуз эле? Кошул-ташыл ийгиликтерди алып келерине ишенгенсизби?
– Бул тасма менин толук метраждуу биринчи эмгегим. Буга чейин кыска метраждуу, документалдык тасмаларды тарткам. Аталган фильмди тартып баштаганда киночуларга, атама (ред. Актан Арым Кубат), фильмдин продюсерине уят болбой, эмгегим акталса экен деп максат койгом. Мындай ийгиликтерди багынтат деп күткөн эмесмин. Жетишкендиктердин баары күтүүсүз болду.
– «Ника» сыйлыгын алганыңызды укканда кандай сезим болду?
– «Ника» сыйлыгынын жыйынтыгы 1-апрелде чыкты. Киносыйлыктын жүрүшүн интернеттен онлайн кылып көрсөтмөк. Бизде интернет жакшы болбодубу же алардын чагылдыруусунан ката кеттиби, көрө албай койдук. Түнкү саат 12ге чейин күтүп, жатып алганбыз. Саат 3тө интернет сайттарга чыгып, тааныштарым куттуктап башташты. 1-апрель болгондуктан тамашалап жатат го деп ишенбей, киносыйлыктын сайтына кирип, ынандым. Аябай кубандым. Тасманы жараткан чыгармачылык топ бири-бирибизди куттуктадык.
– Тасма прокатта көп кармалган жок. Кайрадан эл назарына коюуга эмне түрткү болду?
– Тасманы кинотеатрларга коюп баштаган учур шайлоого туш келип калды. Жарнама жайгаштыруучу такталар бош болбой, тасманы элге жайылта алган жокпуз. Азыр кайрадан элдин суранычы менен «Манас» кинотеатрында коюп баштадык.
– Жыл айланбай фильм ондогон эл аралык сыйлыктарды алды.Алдыдагы пландарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?
– Буюрса, жакында Түркияда чоң фестивалга катышканы жатабыз. Ушуга катар эле Америкада да фестивалга көрсөтүлгөнү жатат. 11-апрелден тартып «Сүтак» тасмасы Германиянын 30 шаар, 41 театрында көрсөтүлүп баштайт.
– Тасма аркылуу кандай ойду айткыңыз келген? Мазмунуна токтоло кетсеңиз?
– Фильмдин өзөгүндө адамдардын ортосундагы мамиле кандай болуш керектиги айтылат. Ата-бабаларыбыздан келаткан каада-салтыбыз сүрөттөлөт. Бир жылкычынын үй-бүлөсүнүн жашоосу чагылдырылып, алардын бири-бирине болгон мамилеси, трагедиясы, сүйүүсү баяндалат.
- Алдыдагы сынактардан да сыйлык алып кайтыңыз. Ийгилигиңиз арта берсин!
Султан Төрөбеков
star@super.kg