Руслан Казакбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «МЕНИ АСЫЛДАРЫМ, ЧОҢ ЭНЕЛЕРИМ ТАРБИЯЛАГАН»

Эл өкүлү, мурунку тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен кенен маек курмакчы болуп иш бөлмөсүнө баш бактык. Чү дегенде эле дипломаттыгын байкатып ордунан тура калып, жылмайып тосуп алды. Жөнөкөй, тамашакөй адам менен балалыгы, өткүр өспүрүм кези, үй-бүлөсү, жумушу тууралуу кеңири маек курдук.

Казакбаев Руслан Айтбаевич
1967-жылы – Талас облусунун Кара-Буура районундагы Бейшеке айылында туулган.
1991-жылы – Фрунзедеги Политехникалык институттун машина куруу факультетин;
2002-жылы – Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.
2004-жылы – Орусиянын ТИМинин Дипломатиялык академиясын аяктаган.
1992-1994-жылдары – КРнын Илимдер академиясы, Кыргыз энциклопедиясынын илимий редактору;
1995-1996-жылдары – КРнын ТИМинин консулдук башкармалыгынын үчүнчү катчысы, экинчи катчысы;
1996-1999-жылдары – Стамбул шаарындагы КРнын Башкы консулдугунун вице-консулу;
1999-2005-жылдары – КРнын ТИМинин консулдук кызматынын кеңешчиси, бөлүм башчысы, Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, жетекчиси;
2005-2008-жылдары – Стамбул шаарында КРнын башкы консулу;
2008-2009-жылдары – КРнын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
2010-2012-жылдары – КРнын тышкы иштер министри;
2015-жылдан тартып – «Республика–Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.
Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.

«СССР, ЧОҢ АПАЛАР ЖАНА КОЛ ЖЕТКИС КЫЯЛДАР...»
– Мен 1967-жылы Кара-Буура районунун Бейшеке айылында төрөлгөм. Бирок 6 айлыгымда чоң ата-чоң энем Көк-Сай айылына алып кетишкен экен. Ушул жерден түшүндүрө кетейин, өзүмдүн чоң апам Сейденин Бурулкан деген эжеси болгон. Бурулкан апам чоң энемден «мен балалуу болбой калдым. Сен эми небере күтө баштадың. Улуу небереңди мага бер» деп мени багып алыптыр. Мен ошол Бурулкан апамдын колунда чоңойдум.
Балалыгым Советтер Союзунда, чоң ата-чоң эненин колунда өттү. Мени асылдарым, чоң энелерим тарбиялашты. Бурулкан апам мен биринчи класска барганда каза болуп калды. Кийин Жолдошаалы чоң атам Анаш аттуу кемпирлүү болду. Аны «кемпир апа» деп койчумун. Ал эми өз чоң энем Сейде азыр 90 жаштан өтүп калды. Өзүмдүн ата-апамды «байке-жеңе» деп калгам.
Ойлоп көрсөм, балалыгымда негизги эки кыялым болгон экен. Ал учурда СССРдин борбору Москва шаары болчу да. Ошол жактан Эл аралык мамилелер институту тууралуу маалыматты окуп алып, Москвадан билим алсам деп кыялдангам. Бирок ал кезде кол жеткис кыял болчу. Негизги кыялдарымдын экинчиси – дүйнөнү кыдырсам дечүмүн. Мектепти аяктаган соң Фрунзедеги Политехникалык институттун машина куруу факультетинде окудум. Биздин тайпада жалаң эркек балдар болчу. Студенттик куракта коомдук иштерге активдүү аралаштым. Грек-рим күрөшү, оор атлетика менен машыгып, окуу жайдын деңгээлиндеги сыйлыктарды да алгам. Бирок менин балалык кыялым дүйнөнү кыдыруу болчу. Кудайга шүгүр, кийин дипломаттык багытта алган билимдин аркасы менен дүйнөнү түрө кыдырдым. Алгач Тышкы иштер министрлигинде жөнөкөй атташелик кызматты аркалап, менин дипломаттык да, саясий да жолум башталды.

«УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТ ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ КЫЛЫП ДАЙЫНДАГАН»
– Убактылуу өкмөт 2010-жылы чечкиндүү кадамдарга бара алды. Ал учурда жакындык, жердештик, тууганчылык деген нерселер таптакыр бөтөн түшүнүктөр эле. Убактылуу өкмөттүн учурунда жердешчилик, тууганчылык түшүнүктөрү менен чоң кызматка баруу деген чанда болгон. Мен колумдан келген жардамымды берип жүргөн учурда Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Исаковна чакырып калды. Барсам, «эртең биринчи делегация келгени жатат. Тышкы иштер министрлиги министрсиз турат. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү менен макулдаштык, иштеп бер» деди.

«КЕНЖЕ УУЛУМДУ ӨЗҮМӨ ОКШОШТУРАМ»
– Жубайым Жылдыз экөөбүз студент кезде таанышканбыз. Мен Политехникалык институтта окучумун. Жылдыз башка окуу жайда. Аны сыртынан көрүп жактыргам. Сураштырып жүрүп таанышканбыз. Тааныштык, сүйлөштүк, калганы баягы сүйүү тууралуу аңгеме, романдардагыдай эле уланды (күлүп). Учурда 6 баланы тарбиялап жатабыз. Азырынча, Кудай сактасын, туу колубузда. Жаш кезибизде үйдө систем катуу болчу, бир эле президент болуш керек дегендей. Азыр болсо биздин үйдө да демократиялык принциптер ишке ашып баштады. Балдардын укугу, жубайымдын укугу, сөз эркиндиги бар. Айрыкча жубайым өзүнүн укуктарын катуу коргой алат (күлүп).
Балким, кичүү болгон үчүнбү, эң кенже уулум Алтайды өзүмө жакын тута берем. Өз оюн ачык айтып, эркиндикти жакшы көргөн сапаттарынан улам да мага окшоштой туюла берет.

«АЙДООЧУМ ЖОК, ЖАРДАМЧЫМ БОЛСО БЕКЕР ИШТЕП ЖҮРӨТ»
– Чынында, эл өкүлү болуп калам деп ойлобоптурмун. Бирок элдин ишеничинин аркасында, Кудайдын буйругу менен бул кызматты да аркалап баштадым. Азыр бир кеңешчим, бир жардамчым бар, бирок жардамчыма айлык төлөнбөйт. Ал тажрыйба алуу үчүн бекер иштеп жүрөт.
Айдоочум жок. Унааны өзүм эле башкарам. Кемчилигим, унааны катуу ылдамдыкта айдаганды жакшы көрөм. Мунун айынан МАИ кызматкерлеринин колуна түшүп калган да күндөр болот. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз, андайда «мен депутатмын» деп төш какпай эле, айып пул төлөйм. МАИчилер таанып, эскертип жөн эле коё берип койгон күндөрү да болот.

«ӨМҮРБЕК БАБАНОВ МЕНЕН ЖАКЫНБЫЗ»
– Ооба, Өмүрбек Токтогулович экөөбүздүн достук мамилебиз бар. Ал мамиленин уланып келе жатканына 10 жылдан ашты. Адегенде Өмүрбек Токтогулович экөөбүз бир мандаттуу аймактар менен шайлоого баратканда таанышканбыз. Көз караштар, пикирлер келишти. Бирок биздин достук «душман сүйдүрүп айтат, дос күйдүрүп айтат» деген принципте. Эгер кимдир бирөө мени дос санап жүрсө, мен ошол адамга татыктуу болгонго аракет кылам. Өмүрбек Токтогулович – күчтүү бизнесмен, күчтүү менеджер. Мен өмүр бою мамлекеттик жумуштарда келе жатам. Бул жагынан алганда экөөбүздүн жеке кызыкчылыктарыбыз жок, биз кадимки жигиттик достук мамиледебиз.

«РЕСПУБЛИКА–АТА ЖУРТ» ПАРТИЯСЫ АЖЫРАГАН ЖОК»
– Партия эки ажырым жолго түшкөн жок. Биз чоң максаттар менен бириккенбиз. Тилекке каршы, ар кандай иштерден улам ойлогон айрым ойлорубуз ишке ашпай калды. Өзүңөр билген себептерден улам Камчыбек Кыдыршаевич Жогорку Кеңешке келбей калды. Ал маселелерди чечүүгө мыйзамдуу түрдө аракеттерди көрө беребиз.
«Ата Журт» партиясы юридикалык жактан катталган өзүнчө партия да. Жергиликтүү кеңештерде партиянын тарапташтары өзүнчө барып көрөлү деген ойлорун айтышты. Эки лидер сүйлөшүп, макулдашышкан. Азыркы күндө юридикалык жактан партиялар ажыраган жок.

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун менен.

"Бурулкан апама ушундайымда баргам. Сүрөттө таенем менен".

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Депутат Руслан Казакбаевдин орундалган балалык кыялдары
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан