БЕЙБАШ ЧЕМПИОН КОНОР МАКГРЕГОР

Бул мушкер UFC уруштарын жаңы деңгээлге чыгарды. Атаандаштарын сөгүп же чемпиондук курларын колунан жулуп алган кадамга чейин барган чемпион мыкты мушташкандан тышкары элдин көңүлүн өзүнө буруу касиетине да ээ.

КОНОР ЭНТОНИ МАКГРЕГОР
Жашы – 27
Туулган жери – Дублин шаары, Ирландия
Бою – 173 сантиметр
Салмагы – 66 килограмм
Каймана аты – Notorious («терс жагы менен атагы чыккан» деген мааниде)
Учурда жарым жеңил салмакта UFC чемпиону.
(ММА`да 19 жеңиш, 3 жеңилүү, UFC`де 7 жеңиш, 1 жеңилүү)

«Атам мени бир кесиптин ээси болсун дечү. Сантехниктин окуусуна киргизген, бирок ичимден максатым башкада экенин сезчүмүн. Бир күнү уйкудан ойгонуп атама «мен сантехник боло албайм» деп ачык эле айттым».

Конор Макгрегор Дублинде төрөлүп, спортко жакын болуп чоңоёт. Окуучу кезинде «Лудерс Селтик» аттуу футболдук клубда ойноп, «Манчестер Юнайтеддин» ашынган күйөрманы эле. 2006-жылы үй-бүлөсү Лукан шаарына көчүп келип, 16 жаштагы Конорду атасы сантехниктин окуусуна киргизет. Келечектеги мушкер аталган шаардан Том Иган аттуу машыктыруучуну жолуктуруп, күрөш менен алектене баштаган. Өзүн башынан эле өзгөчө сезген Макгрегор дүйнөгө таанылуу үчүн командалык спорт эмес, жеке спорт керек экендигин баамдайт. Футбол артта калып, уруш спортуна жакындайт.

«Уруш өнөрү мен үчүн жөн гана спорт эмес, бул сенин эмнеге татыктуу экениңди далилдейт. Сегиз бурчтукта атаандаш менен гана бетме-бет болосуң. Мыкты болсоң, ушул жерден далилде».

Өжөрлөнгөн Конор эрежесиз уруш менен машыгып жүргөндө «SBG Ireland» командасына кабыл алынат. Күнү-түнү машыгуу залынан чыкпаган Макгрегор 2007-жылы алгачкы расмий беттешине чыгат. Анда Сиаран Кэмпбеллди 1-раундда нокаутка учуратып, мушкердин карьерасы башталат. Кийинки эки беттешти удаасынан утканы менен, 2 жолу утулууга мажбур болот. Уруш өнөрү канына сиңген мушкер кийинки 12 беттешти удаасы менен утуп, өз салмагында Британиянын мыктысы аталууга жетишет. Колдору жана буттары менен бирдей мыкты иштей алган мушкерди алдыда UFC уюму келишими менен күтүп турган эле.

«Октагондо менин тилим эмес, муштумум акыркы сөздү айтат».
UFC менен келишим түзгөндөн тарта Конордун материалдык абалы да оңолот. Анын алгачкы беттеши 2013-жылы апрелде өтүп, Маркус Бримейжди техникалык нокаутка учуратат. Дагы 4 мушкерди удаасы менен уткан соң убактылуу чемпиондук кур үчүн Чед Мендес менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк алат. Өзүнө ишене түшкөн Макгрегор атаандаштарын муштуму эле эмес, сөздөрү менен да чабуулга өткөндү өздөштүрө баштайт. 2015-жылдын 11-июлунда Макгрегор-Мендес беттеши орун алып, 2 раунддан соң Чед нокаутка кулайт. Эми күйөрмандар расмий чемпион Жозе Алду менен беттешти самап турушкан.

«Мен көп акчалуу чемпионмун, калганыңар жөн гана селсаяксыңар».

Жылдызы жанган Макгрегор «сүйлөгөн муштум» атка конот. Анткени анын жаагын жабуу мүмкүн эместей сезилчү. Беттеш алдында жана соңунда айткан "уулуу" сөздөрү эч кимди жөн калтырчу эмес. «Анын жаагы сынса да, тили сынбайт» деген тамаша тараганы бекеринен эмес. Муну менен ал боло турган беттешти жарнама кылуу менен бирге UFC`нин күйөрмандарынын санын көбөйтүп келет. Жарым жеңил салмагынын чемпионун аныктоочу беттеш ошол эле жылдын 12-декабрында өтөт. Бул беттеште трештокинг мушкер үчүн кандай таасир этерин көргөздү. Уруш жаатын анча түшүнө бербегендер үчүн бул Конордун 13 секунданы камтыган тири укмуш жеңиши деп билишсе, калгандары 1 жылдык психологиялык согуштун натыйжасы деп билишет. Ооба, Ноториус беттештин 13-секундасында 10 жылдан бери утулуу эмне экенин биле элек Алдуну нокаутка учуратып, бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө чемпион аталып келет.

«Жеңил орто салмактагы мушкерлердин соккуларын сезбей калдым. Ошон үчүн бир салмак өйдө көтөрүлдүм».

Бир орунда жөн тура албаган Конор Макгрегор 2016-жылы бир салмак өйдө көтөрүлүп, жарым орто салмагынын чемпиону Рафаэл Дос Аньосту беттешке чакырат. Эки салмактын айырмасы дээрлик 10 килограммдай айырмачылыкты түзсө да, ирландиялык мушкер жеңишке жетерине ишенимдүү эле. Бул беттеш алдында Дос Аньос жаракат алып, анын ордун Нейт Диас алмаштырат. Стоктон жерлигинен чыккан Диас чектен ашып сүйлөгөн мушкерди 2-раундда муунтуп жеңип, асмандан жерге түшүрөт. Ноториус утулса да, анын жүз миңдеген долларлык гонорары азайган эмес. Ызаланган Макгрегор Нейт Диасты реваншка чакырып, эми алар 9-июлда кайрадан кезигишмекчи.

«Биз 8 жылдан бери чогуубуз. Башында Дублиндин четиндеги батирде 188 евро болгон жөлөк пулга күн өткөрчүбүз. Менин жумушум жок болчу, анткени мен машыгуу залда эле жүрчүмүн. Чемпион болорума ошондо эле көзүм жетчү. Ал да мага ишенчү. Акча тартыш болсо да тамактануумдан тарта көзөмөлдөп турчу. Залга мени менен кошо барып, машыгуу учурунда да колдойт эле. Учурда миллиондоп акча табам. Каалаган машина, каалаган кийимди алууга мүмкүнчүлүгүм бар. Ал азыр да жанымда, дагы деле мага ишенет».
Конор сүйүктүүсү Ди Девлин менен түнкү клубдардын биринде таанышкан. Девлин эч кимге тааныла элек мушкердин чемпиондукка чейин жеткирген негизги себептердин бири деп айтышат. Жеңиш кубанычын, жеңилүү ызасын 8 жылдан бери чогуу бөлүшүп келет. Учурда Ди Девлин Конордун каражат булактарын башкарат.

«Үйдө отурганды жактырам. АКШга UFC үчүн гана барам, Ирландияга эч бир өлкө жетпейт».
Макгрегор өзү кайдан чыкканын унутпайт, ар бир беттешинде Ирландия желегин желбиретип жүрөт. Жеке жашоосуна кайрылсак, Конор саркеч кийинип, мыкты унааларды жактырат. Учурда 6 автоунаанын ээси жана өзүнүн жеке стилисти бар. Ошондой эле анын «сакалдуу» стили канадалык моделди туурап алганы айтылат. Денесин каптаган татуировкаларды каардуу көрүнүү үчүн жасатканын белгилеп келет.


Макгрегор беттешке чейин эле элдин назарын бурат.

Сүйүктүүсү Ди Девлин мушкерди дайыма колдоп келет.

Чед Мендес соккулардан кача алган жок.

Конордун эң маанилүү жеңиштери. Жозе Алду терең нокаутта.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
zhusaliev89
2016-04-11 10:53:30
Жакпайт мага ушул опкосу жок
-2
suarez09
2016-04-11 14:18:45
Денесине да,тилине да качка берип алган го.Аялы да жакшынакай экен
0
Nasyrkg
2016-04-11 23:13:27
Бир куну бул да уктайтда
-2
OMURBEK.
2016-04-12 01:08:46
Мушкерлердин арасынан ен еле баалаганым Эмиленка
+2
suarez09
2016-04-12 01:58:39
Кокустан Емельяненко эмеспи брат
+5
nuti98
2016-04-12 20:04:56
Хабиб Нурмагомедов дагы жакшы ))
+2
Gulzarbek92
2016-04-13 00:38:28
Эн эле борзый мушкер Ufc'де. Красавчик
+2
mavlyan1993
2016-04-23 23:49:50
Конор UFC звездасы нейт диаз менен урушпай турган болду конор менен ufc ортосунда пикир келишпестик болду
0
ArGeN4iK
2016-06-09 15:13:05
э достор тжелый весте кейн веласкезби чемпион
0
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан