4 ЖЫЛДА 62 ЖООКЕР КАЗА БОЛГОН. КЫРГЫЗСТАНДА СОГУШ ЖҮРҮП ЖАТАБЫ?

Аскер кызматын өтөөгө кетип өзү эмес, сөөгү келген жигиттер, артында сыздап, көз жашын төгүп кала берген ата-энелер... Аягы туңгуюкка такалып, жыйынтыгы канааттандырарлык чыкпаган мындай өлүмдөрдү биринчи жолу иликтеп жазып жаткан жокпуз. Бул ирет аскерлер арасында катталган өлүмдүн саны 4 жылдын ичинде 60тан ашкан деген маалымат төбө чачты тик тургузду. Кыргызстандын аскер бөлүктөрүндө согуш болуп жатабы?

«РЕФОРМА ЖҮРГҮЗҮП ЖАТАБЫЗ ДЕЙБИЗ, ЖЫЙЫНТЫГЫ КАНА?!»
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев («Республика-Ата Журт» фракциясы) 30-марттагы парламенттин жыйынында аскер кызматкерлеринин өлүмү тууралуу маселе козгоду. Ал: «Акыркы 4 жылдын ичинде ар түрдүү себептерден улам 62 аскер кызматкери көз жумуптур. Аскер прокуратурасынын маалыматына таянсак, каза тапкан аскерлердин 70 пайызы суицидден мерт болгон. Баарыбыз күч түзүмдөрүндө реформа жүргүзүү керек экенин айтып келебиз, жыйынтыгы кана?!»- деп суроо салды. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана укук тартиби боюнча комитетине акыркы 2 жылда эле 1488 арыз келип түшкөн. Алардын басымдуу бөлүгүн аскерлерге уставдан сырт жасалган мыйзамсыз мамилеге жана командирлерге болгон нааразычылык түзгөнүн айтат. Маалыматтын чын-бышыгын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабына кайрылсак, штабдын маалымат кызматкери Азамат Дүйшөмбеков 2 жумадан кийин жооп болорун кабарлады. Башкы штаб эки жума кенен ойлонгуча буга чейин гезит бетине уулдарынан ажырап, арманын төгүп кеткен ата-энелердин күйүтүнө даба табылдыбы, кайрылып көрдүк.

«ЭКСПЕРТ ӨЗ СӨЗҮНӨ КАРШЫ СҮЙЛӨДҮ»
2014-жылдын 25-октябрында Бишкектен Оштогу 2024-аскер бөлүгүнүн «Төө-Моюн» чек ара тозотуна кызмат өтөөгө кеткен Кубаныч Ногойбаев 18 жашында аскерде кызмат өтөп жүрүп каза болгон. Ал тууралуу гезитибиздин №654-санында «Неберемди өлтүрүп, асып коюшкан» деген макала чыккан. Маркумдун чоң энеси Замира Ногойбаева төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кубаныч аскерден каза тапкандан бери чоң атасынын оң капталы кыймылдабай, эки операцияны башынан өткөрүп, азыр эки көзү көрбөй калгандыктан үчүнчү операция жасатканы турабыз.
Ошондо Кубанычтын денесинен ар түрдүү көк ала тактарды көрбөсөк муунуп өлдү дегенге макул болуп кала бермек белек, ким билсин. Бул өлүм боюнча кылмыш иши козголгон жок. Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы «дайындалган экспертизада токмоктоонун белгилери жок, андыктан кылмыш ишин козгоо негизсиз» дешти. Буга макул болбой Бишкектен көз карандысыз эксперт катары Жанболотов деген адисти жалдадык. Ал: «Ногойбаевдин башына каза болгонго чейин 2 саат мурун туюк нерсе менен сокку урулган. Эрдине кан уюп, сол колунун муштуму, ээги жана оң ийини сыйрылган»,- деген тыянак чыгарып берди. Жанболотов чыгарган жыйынтык боюнча Аскер прокуратурасына кайра арыз жаздык. Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасынан Элдияр Караев деген тергөөчү ишти карап жаткан. Тергөөчү Жанболотовду суракка алса, ал жогорудагы өзү чыгарган тыянактын баарын жокко чыгарып, «экспертизадагы аныкталган жаракаттын баарын жоокер асынып жатканда алышы мүмкүн» деп жазып бериптир. «Өзүң чыгарган жыйынтыкка өзүң каршы чыгыптырсың. Эмнеге мындай кылып жатасың?»- десем, «мен кыргызча жакшы түшүнбөй калып ошентип жазып берип коюптурмун» дейт. Ушундай да жооп болобу?

«БАШ-АЯГЫ 4 ЖОЛУ ЭКСПЕРТИЗА ДАЙЫНДАЛДЫ»
– Ошентип бул экспертке да ишенбей, юристтердин кеңеши менен комиссиялык экспертиза дайындаттык. Бул эксперттердин тобу дагы Жанболотов чыгарган жыйынтыкты тастыктап, «өлгөнгө чейин уруп-согуу болгон» деп чыгарышты. Бирок тергөөчү Элдияр Караев Жанболотов берген көрсөтмөгө таяп, ишти кайра жаап салды. Президентти баш кылып, башкы прокурор Индира Жолдубаевага чейин кат жөнөттүм, жооп келбеди. Бир күнү Башкы прокуратуранын имаратына бардым. Кудай жалгап коомдук кабылдамага кирүүгө уруксат беришти. Үч посттон өтүп, тиешелүү кабинеттин номурун издеп жүрүп, Жолдубаеванын кабинетине туш болуп калдым. Күзөтчүлөрдүн тосконуна карабай башкы прокурорго кирдим. Ал дароо Аскер прокуратурасынын башчысын чакырып, Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасынан ишти Бишкекке алдырууга буйрук берди.
Ооба, Жолдубаеванын буйругу менен ишти Оштон Бишкекке алдырышып, шаардык Аскер прокуратурасынан Атамбиев деген тергөөчүгө дайындашты. Акыркы экспертизанын жыйынтыгы менен иш жабылып калганын айтсам, ал комплекстүү экспертиза дайындоону сунуштады. Мукашев деген эксперт баш болуп кайра экспертиза дайындашты. Бирок акыркысынын жыйынтыгы көңүл жылытарлык болгон жок. Себеби неберемдин терисинен алган калдыктар 1 жылдан бери целлофанга жакшы сакталбай, бузулуп кетиптир, «аныкташ кыйын болуп калды» деп коюшту. Азыр тергөөчү Атамбиевди Канат Биримкулов дегенге алмаштырып коюшту. Жаңы тергөөчү деле "акыркы чыгарылган экспертизанын жыйынтыгына таянабыз" деп жатат.

«БИР ЖЫЛДАН БЕРИ ТЕРГӨӨ ЖЫЛА ЭЛЕК»
2015-жылдын июнь айында гезитибиздин №658-санына «Аскерге кеткен уулумдун көк ала болгон сөөгү келди» деген иликтөөдө маркум Нурсултан Карагуловдун ата-энеси да зар какшап кала беришкенин айтышкан. Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 1997-жылы туулган тургуну Нурсултан Карагулов да аскерге кеткен боюнча тирүү кайтпай калган. Ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына бөлүнүп, Чүй облусундагы Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы №3-түзөтүү абагын күзөтүүгө бөлүнгөн. Аскердик антын бергенден бир ай өткөн соң Нурсултандын апасына аскер комиссариатынан «уулуңуз күзөткө биринчи жолу чыккандыктан окко учуп каза болуп калды» деп угузушкан. Сөөктү күтүп жатышканда Бишкектен чалышып, экспертиза жүргүзүүгө уруксат сурашат. Болору болду деп сөөктү сойдурбай таза алып келип берүүнү өтүнүшкөндө «ал окко учкан жок, кызмат учурунда абакка көз салуучу күзөт мунарасына курунан сыйыртмак жасап асынып калган» дешет. Мындан аркы баян көпчүлүк уулунан айрылган ата-энелердикине окшош: сабалган, денесинде көк ала тактар, башы-көзү жарылган жана башка. Карагуловдордун үй-бүлөсү уулун жерге бергенге чейин акыйкаттык издейбиз деп анын денесин эки ирет сойдуруп да чындыкка жетпедик дешет. Бул тууралуу Бактыбек Карагулов буларды айтат:
– Уулум тирүү болсо эмгиче кызматын өтөп бүтүп, үйгө келип калмак. 1 жыл болуп калды, дагы эле тергөөдөн тергөөгө өтүп, иш жыла элек. Баары эле жеңин түрө иликтеп жатышкансыйт. Элдин баары эле «уулуңардын иши сотко өттүбү?» деп сурашат. Сотко кайдан өтсүн, иликтөө иштери бүтпөй жатса...
    Эске сала кетсек, 2015-жылдын 30-сентябрында уулдары аскерге барып каза болгон ата-энелер чогулуп, «балдардын өлүмүнө күнөөлүүлөр жазасын алышсын» деген талап менен Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан. Андан бери 7 ай өттү, жыйынтык болсо жок. Мейли, өз өмүрүнө кол салышты дейли, бирок мекенге кызмат өтөйм деп барган ден соолугу чың жигиттердин өз өмүрүнө кол салуусуна эмне себеп болгон? Же аскерде кызмат өтөө өз өмүрүнө кол салганчалык оорбу?

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
Zarger59
2016-04-11 20:50:48
Озу биздин элде ото зле орчундуу маселеге айлвнып баратат ушул армиядан балдарды олтуруп койгондор муну тез арада чечишпесе эл балдарын армияга жибербейт
+9
bektemiroff994
2016-04-12 01:09:48
Армияда тартип керек,балдарды тарбиялаш керек дешет!анчалык уруп сабап,тепкилеп тарбиялаштын эмне кереги бар?!болуш керек мындайлар да,бирок чеги мн да!ал да бироонун баласы,Аллахтын каарынан корккула туугандар,бул дуйнодо билбейт,корбойт деп кылып коебуз,жаратканыбыз коруп,билип турат,так что козду чонураак ачып,жакшылап ойлонолу!
+5
Nadyrbekkg
2016-04-12 11:26:24
Дембилдерди 1 жылдан кийин кетирип анан жаныларды алып келиш керек.
0
Magusi
2016-04-12 17:58:28
Ушуларды угуп журогум тушот.Менин инимда 14 апрелде аскерге чакыруу алды.Ар нерсени угуп журогум тилинип кетет..Кудай сактасын.
0
Bekzat.15
2016-04-12 20:58:48
Ата-эне уулун мамлекетке ишенип тапшыргандан сон мамлекет башындагылар да аман соо кайтарууга милдеттуу экенин унутпаса.
+4
Aruwka.89
2016-04-12 22:41:48
Жазаларын алышсын устубуздо Алла карап турат!
+1
Mercedes.Benz7777
2016-04-13 06:50:11
Военный адамдар айлык маянасы жакшы кутуруп кеттигоо военныйлар акчаны кообунон жаны барган балдарды дембилдер каалаганын кылат неге мамлекет карабайт ушуну Армия Турмо сизого окшоп калды кыргызстандандын Армиясы хм
+3
Kybylai1990
2016-04-13 09:00:09
Мунун баары кадырларды туура эмес тандагандыктан ким СДПКчы же АШАнын жакыны болсо эле кызматка коюп жатышат буга СДПКны шайлаган эл биз куноолубуз
+2
Kybylai1990
2016-04-13 09:03:10
Аскер тармагын тушунбогон базар соодагери же бизнес адамы же мугалим маиистр болуп алып курутуп жатат. Исмаил Исаков коргоо министри болгондо бир топ жакшырган эсиниздерде болсо азыр тескерисинче болуп баратат
+1
kursantvs
2016-04-14 00:31:57
ар кандай балдар болот. Ар кимисинин ойу ар башка. Бираз кыйынчылык болсо эле качкандар асынгандар канча. Дед дейсинер ошо дед деле солдат,
0
aszyma
2016-04-14 09:28:38
Аскерлер тамагына да жакшы караш керек. Келген азык-тулукторду жакыныраак камок дукондорго откозуп жиберет. Май, ун, слив.майларды,тушенкаларды. Армияга баргвн жигиттер жей турган, кайраттуу,кучтуу болуп чек араны кайтара турган болуш керек. Эки кусок нан, бир кружка чай бербей...
0
aszyma
2016-04-14 09:32:37
Коргоо министр тарабынынан тынбай текшеруу келип турса Ушундай окуялар азаймак. Командирлер баш болуп уруп сокпой жоош балдарга дед-седдерди тийиштирбеш керек.
0
chalmagrad
2016-04-17 01:06:18
Аскерге баргандарды чындыгында ашыкча кыйнап атышат ,кыргыз болгондон кийин поддержка берип машыктырып мекенди душмандардан сакташ керек да,азыркы аскерге барып келгендер оружие кармабай бир жыл бою лопатка кармап кул болуп келип атышат,ушул кантип болсун.
0
KANAT85
2016-04-17 17:45:43
Ар бирибизге ыйман берсин!ыйман ынсап болсо мындай көрүнүштөр болбойтбеле(((
0
manas_skf
2016-04-18 07:19:19
Дембельдер менен жаны баргандарды болуп салуу керек!
0
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан