Салтанат Ибрагимова: «СООДА-СЕРВИС МЕКЕМЕЛЕРИ ПОС-ТЕРМИНАЛДАР МЕНЕН ЖАБДЫЛЫШЫ КЕРЕК»

2016-жылдын 2-апрелинде «товардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы бир гана улуттук валюта – сом менен көрсөтүлсүн» деген өкмөттүн токтому күчүнө кирди. Ошондуктан бардык ички соода-сатык, карым-катнаш улуттук валюта – сом менен жүргүзүлүүсү тийиш. Ошондой эле «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, ар бир кардар төлөмдү нак же нак эмес түрдө жүргүзүүгө акысы бар. Нак эмес төлөм жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Төлөм системасы башкармалыгынын төлөм системасынын ишин анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Ибрагимова Салтанат Зулпукаровна менен маектештик.

– Нак эмес төлөм жүргүзүү боюнча кеп курууну учурда адатка айланып бара жаткан банктык төлөм карталарын колдонуудан баштасак. Айрыкча пос-терминал туурасында айтып берсеңиз.
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрында «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо чаралары тууралуу» №869-токтому кабыл алынган. Анда ишмердүүлүктүн түрлөрү кароого алынган. Айтсак, жеке ишкерлер жана юридикалык жактар жеке ишкерлик менен алектене турган болсо, анда өзү иштеген жерге банктык төлөм карталарын колдонууга шарт түзүп, атайын жабдуу менен камсыздалышы керектиги жана аны ишке ашыруусунун мөөнөтү такталган.
Учурда дүкөн, ресторан, сулуулук салону, мейманкана, май куюучу жайлар жана башка айрым соода-сатык жана сервистик жайлар атайын нак эмес төлөм жүргүзүүнү кабыл алуучу терминалдар менен жабдылган. Башкача айтканда, товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акысы үчүн пластикалык карталарды колдонушат. Дал ушул жабдуулар пос-терминал деп аталат. Мисалы, дүкөндүн кассири картанын ээсинин банктагы эсебинен тийиштүү сумманы дүкөндүн эсебине которо алат.
Ушундай төлөм жүргүзүүчү жерлердин баарында, мекеменин чыга беришинде, көбүнчө кассага жакын жерде бардык төлөм системаларынын логотиби илинип турат. Демек, соода түйүнүндө көрсөтүлгөн бардык төлөм системалары пос-терминалда кабыл алынат дегенди түшүндүрөт.
Ошондой эле пос-терминалдар сактык кассасында жана банктардын филиалдарында орун алгандыктан, алардын жардамы менен кардар өз картасынан тийиштүү каражатты чыгарып алуусуна, картанын балансын толуктоого же коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзүүгө шарт түзүлгөн.

– Пос-терминалдарды кайсы уюмдар же кимдер орното алат?
– Пос-терминалдарды бир гана коммерциялык банктар орнотушат. Анткени дал ушул коммерциялык банктар Улуттук Банктын лицензиясынын негизинде банктык операцияларды жүргүзүүгө укугу бар. Ал эми соода жүргүзүүчү жай пос-терминалды орнотуу, аны колдонуу боюнча окутууда жана көрсөтмөдө кеткен чыгымдар үчүн жооп бербейт. Бардык чыгымдарды коммерциялык банк өз моюнуна алат. Соода жүргүзүүчү түйүн коммерциялык банк менен пос-терминалды орнотуу үчүн келишим түзүп жатканда пос-терминал аркылуу соода жүргүзгөн учурда анын 0дөн 3 пайызга чейинки суммада комиссиялык сый-акысы төлөнөт же башка келишим шарттар каралат. Мисалы, банктан соода-сатык, сервистик мекемелери үчүн эсеп ачууда эсептик-кассалык тейлөө боюнча жеңилдиктер жана эки жакка тең пайдалуу шарттар каралат. Анын негизинде соода түйүнү инкассация, сактоо жана накталай акча каражатынын эсебин алуу боюнча ашыкча чыгымдардан арылат.

– Төлөм жүргүзүүнүн бул түрүн жайылтуу, нак эмес соода кылууга жалпылап киришүү үчүн кандай механизмдер керектелет?
– Улуттук Банк 2014-2015-жылдар аралыгында Экономика министрлиги менен биргеликте тийиштүү иштерди аткарган. Анын негизинде пос-терминалдар аркылуу төлөм жүргүзүүгө шарт түзүүчү бир катар нормативдик-укуктук актылар кабыл алынган. Тагыраак айтсак, 19-февралда «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине кошумча киргизүү тууралуу» №36-мыйзамы кабыл алынып, анын негизинде банктык жабдууларды киргизүүдө салык төлөмдөрү алынбайт. Бул мыйзамды ишке ашыруу үчүн Улуттук Банк тарабынан Экономика министрлигинде Улуттук Банк, Экономика министрлиги жана «Кыргызстандагы банктар Союзу» ЮЖУ ортосундагы бирдиктүү иш-аракеттер боюнча меморандум түзүлүп, ага кол коюлган. Ошондой эле коммерциялык банктар менен макулдашылып, 2015-2017-жылдардын аралыгында республиканын бардык аймактарына жалпысынан 499 банкомат, 3225 терминал, 445 төлөм терминалын киргизүү каралган. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча пландалган 193 банкомат менен 1213 пос-терминалдын ордуна 218 банкомат жана 1389 пос-терминал орнотулган.

– Нак эмес төлөм жүргүзүүнүн артыкчылыктарына токтоло кетсеңиз.
– Нак эмес төлөм жүргүзүүдө керектелүүчү жабдууларды киргизүү жана аны колдонуу калк арасында финансылык маданияттын жогорулоосуна өбөлгө түзүп, чекене төлөм рыногун өнүктүрүп, нак эмес төлөм жана эсептешүүнүн үлүшүн жогорулатат. 2016-жылдын 1-январынан баштап нак эмес төлөм жүргүзүүнү ишке ашыруу максатында НДС боюнча каттоонун босогосу 2 эсеге жогорулап – 4 миллион сомдон 8 миллион сомго жетип, товар, иш, кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо жана аларды Кыргызстандын аймагынан сырткары ишке ашыруу боюнча сатыкка алынуучу салыктар алып салынды.
Ошондой эле 2016-жылдын 1-июлунан баштап товарды сатуу же сатып алууга, жумушка, кызмат көрсөтүүгө карата салыктын төлөмү эгерде нак эмес түрдө жүргүзүлсө акысыз болуп бекитилди. Ал эми нак төлөм жүргүзүлсө, соода-сатык ишмердүүлүгүндө 1% жана башкага 2% өлчөмүндө кошумча нарк салыгы төлөнөт.
Мындан сырткары 2016-жылдын 1-июлунан баштап нак эмес төлөм жүргүзгөн жумуш, кызмат көрсөтүү же товар сатуу-сатып алуу боюнча салыктык система жөнөкөйлөшүп, бирдиктүү салыктын чени 2 эсеге төмөндөйт. Башкача айтканда, бүгүн 4 жана 6% болсо, 1-июлдан тартып 2 жана 3%га түшөт.

– Пос-терминалдарды Кыргызстанда жайылтуу идеясын кандай баалайсыз?
– Учурда банктык төлөм карталары боюнча операциялардын негизги үлүшү (жалпы операциялардын 90 пайызынан көбү) акча каражатын нак акчага которуу менен байланыштуу. Анын үстүнө көбүнчө аймактарда жайгашкан соода-сервистик түйүндөрдө пос-терминалдардын жоктугу нак эмес соодалашууга шарт түзбөй жатат.
Ошондуктан товар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн биздин өлкөдө нак эмес формада, банктык төлөм карттары аркылуу пос-терминалдарда эсептешүүнү жайылтуу кардардын укугун коргоого өбөлгө түзөт жана аларга нак эмес түрдө соода кылуу жана кызмат акыга төлөөгө мүмкүндүк берет. Анын негизинде өлкөнүн бюджетинде салык каражатынын көбөйүшүн камсыздандыруу менен көмүскөдөгү акча каражатынын айланышын азайтып, ага карата көзөмөлдү күчөтөт.
Соода-сервистик ишканаларга дагы нак акчалар менен иш жүргүзүүнү (акчаны сактоо, кабыл алуу, коопсуздугун сактоо жана ташуу) азайтат. Ошондой эле эсептин так жүрүшүн жана отчёттуулукту камсыздандыруу менен финансылык көзөмөл, пландаштырууну өздөштүрөт.

– Пос-терминал аркылуу банктык төлөм карталары менен эсептешүүнүн ыңгайлуулугу эмнеде?
– Кутучага акчаны салып жүргөнгө караганда төлөм картаны алып жүргөн ыңгайлуу экени талашсыз, туурабы? Анткени сиз дүкөнгө келип соода-сатык кыларда канча акча керектелерин алдын-ала билбейсиз жана накталай тийиштүү каражаттын жаныңызда болбой калышы мүмкүн деп кыжалат болбойсуз. Пос-терминал аркылуу эсептешүүнүн башкы артыкчылыгы  – бул ыңгайлуулук жана ылдамдык. Ал эми кемчилиги катары жаңы гана орнотулган пос-терминалды өздөштүрө албай жаткан тажрыйбасы жок операторлорду атасак болот. Анткени оператор кардарды тейлөөдө тийиштүү тажрыйба топтоосу талап кылынат. Комиссияны банкка соода түйүнү төлөйт. Кардар пластикалык карта менен соода кылганда комиссия алынбайт, бардык эсептешүүлөр акысыз болот. Тескерисинче, кээ бир соода түйүндөр пластикалык карта менен эсептешүүдө кошумча жеңилдиктерди сунушташат.

– Банк картасын колдонууну билбегендерге аны менен төлөм жүргүзүүнүн жол-жобосу тууралуу кыскача айтып берсеңиз.
– Банк карталарынын жардамы менен соода кылуу же кызмат көрсөтүүнүн жол-жобосу өтө жөнөкөй жана түшүнүктүү. Заманбап технология банк карталары менен эсептешүүнү 1 мүнөттүн ичинде ишке ашырууга шарт түзөт. Эгерде башынан баштап жол жобосуна токтолсок, анда:

  • Кардар нак эмес формада банктык төлөм карта менен соода кылууну каалайт.
  • Кассир картаны пос-терминалдын атайын жүгүртмөсүнөн өткөрөт, ал эми терминал тийиштүү сумма боюнча уруксат берүүгө жооп кылып жана төлөм системасына маалымат берет.
  • Андан кийин ПИН-кодду терүүнү кассир талап кылат. Кардар пин кодун тергенден кийин атайын чек чыгарылат. Ага кардар өзүнүн кол тамгасын коюшу керек.
  • Кардар ошол жерден чектеги сумманын тууралыгын текшерсе, кассир коюлган колдун пластикалык картанын арткы бетиндеги кол тамга менен окшоштугун салыштырат (анткени ал карта башка бирөөнүн картасы болбошу шарт).
  • Соңунда кассир кардарга банктык картаны кайтарып берет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы «Кардарлардын укугун коргоо боюнча иш-чаралар тууралуу» №869-токтому жөнүндө тийиштүү маалыматты, коммерциялык банктардын пос-терминалдарын жайгаштыруу боюнча коммерциялык банктардын шарты жана соода-сервистик мекемелерде пос-терминалдарды жайгаштыруу шарттары менен таанышуу үчүн төмөнкү сайттан маалыматтарды алууга болот.

  •  Бишкек шаарынын мэриясы – www.meria.kg 
  •  «Кыргызстандагы банктар Союзу» ЮЖУ – www.ub.kg,
    0312 69 00 58

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан