Машина айдоо жагынан тажрыйбасы мол адамдардын айрымдары оңдоо жагынан да уста болуп калышы мүмкүн. Ал эми үйрөнчүктөргө, анчалык тажрыйба топтой электер үчүн унаа оңдоочу уста Азамат Керимбаев кеңеш берет.
– От алдыргыч шамдар майланышып калып жатат. Майланышып калса бензинди көп ичип калат деп айтышууда. Чын эле бензинди көп ичип калабы жана аны кантип оңдоо керек?
Аскар, Казарман
– Шамдардын алды майланышып жатабы же үстүбү, карап көрүү керек. Эгер үстү майланышып жатса бензинди ашыкча ичпейт, мындай учурда свеча сальнигин которуу зарыл. Свеча сальник 1000 сомдон жогору турат, кызмат акысы 500 сом. Эгер шамдардын алды майланышып жатса, анда бензин көп ичип калат. Бул учурда алдындагы шакекчелерди, клапан сальниктерин алмаштыруу зарыл. Шакекченин баасы 1000-5000 сом, которуу акысы 8000-15 000 сом. Клапан сальник 1000-5000 сом, которуу акысы 1500 сом.
«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg