«РУЛДУ БУРГАНДА ҮНДҮН ЧЫГЫШЫ ЭМНЕДЕН УЛАМ БОЛОТ?»

Машина айдоо жагынан тажрыйбасы мол адамдардын айрымдары оңдоо жагынан да уста болуп калышы мүмкүн. Ал эми үйрөнчүктөргө, анчалык тажрыйба топтой электер үчүн унаа оңдоочу уста Азамат Керимбаев кеңеш берет.

– Акыркы кезде унаамдын рулун бурганымда үн чыкчу болду. Бул эмнеден улам болушу мүмкүн?

Жазгүл, Нарын

– Рулду бурганда кытыраган үн чыкса сырткы гранатты алмаштыруу керек. Анын 1 даанасы 800-1000 сом, кызмат акысы 500 сом турат. Эгер рулду бурганда кыйч-куйч деген үн чыкса амортизатордун подшипниги иштен чыкты. Баасы 300-400 сом турса, кызмат акысы 350 сом.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Wave.
2016-04-11 10:10:09
Гидравлика системин да карап чыгуу керек.
0
eldos_kg
2016-04-13 12:54:58
эми кайсы машинанын запчасынын баасын айтып атат? ар кайсы машинанын запчасынын баасы ар кандай
0
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан