«ТИТИРЕЙ БЕРЕТ»

Машина айдоо жагынан тажрыйбасы мол адамдардын айрымдары оңдоо жагынан да уста болуп калышы мүмкүн. Ал эми үйрөнчүктөргө, анчалык тажрыйба топтой электер үчүн унаа оңдоочу уста Азамат Керимбаев кеңеш берет.

– Унаамды токтобой айдап бара жатканда жакшы эле, бирок, мисалы, жол чыракка токтогондо машинам титиреп жатат.

Темир, Бишкек

– Мотордун титиреши үч маселеден улам жаралат. Биринчиден, мындай маселе мотордун жаздыкчасы иштен чыкканда жаралат, ал 1000 сомдун айланасында турат, кызмат акысы 300 сом. Экинчиден, инжекторду тазалоо керек болгондо пайда болот, тазалоо акысы 2500 сомдун тегереги. Үчүнчүдөн, ички гранаттар жарактан чыга баштаганда титирейт. Бир гранаттын баасы 800 сом, алмаштыруу 500 сом.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова     
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (34)
azamat.95
2016-04-11 22:59:44
Врач-кардиологго коргозгуло...
0
Svoboda83
2016-04-12 04:31:47
Аяш Ава айдада адамдар жашайбы?Ука жок! Бул фантастика айда да адамдар жашачу беле!!Байке жерде адамдар жашайбы?Ука жок!Бул фантастика жердеда адамдар жашачу беле!жашабайт!!! Бул темага ушундай комментарии жаза турган экен жазып койдум.
-1
kana21
2016-04-18 09:31:38
Svoboda83,созундун мааниси жок. тантырапсын
0
kama_future_millioner
2016-04-12 09:37:50
Свечага суу кирип кеткенден болот
0
Belek2070
2016-04-15 18:58:18
kama_future_millioner, Суу кайдан кирет айтчы?
0
admin_superstan
2016-04-12 17:08:59
azamat_star74798, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
0
ezsuyu
2016-04-12 17:45:55
Ал андайда мындайда эмес ал титрегенден болот:)
0
TOLLI
2016-04-12 19:12:52
Машиненин фарасын суртпогондон да болот.
+1
Shapak1979
2016-04-12 22:59:06
Донголоктору жерге тийип калса титирейт.
+2
Mech.kg
2016-04-13 03:09:55
Корксо да титиреши мумкун
+4
miss-998
2016-04-13 08:25:27
Машинасы талма оорусу мн ооруйт ко дейм
0
algakaray
2016-04-13 14:14:14
жер титирей берет деп тушунуп ачып окусам башка. темасын толук жазыш кк да.
0
azamat.95
2016-04-13 23:13:00
ушуп калса титирейт...
+3
Kitep
2016-04-14 01:51:51
датчиктерден да болушу мумкун.
0
senchi
2016-04-15 02:50:56
Титиретпей жазгылачы
+1
aijan
2016-04-16 13:44:12
Комментарийлерди окуп эле кулуп отуруп калдым))) бар болгула, тамашакойлор!
0
Jyrgal_msk
2016-04-16 22:09:48
Комментарий эле эмес темасы да кулкулуу экен.
0
nargis
2016-04-17 15:22:50
Ооба аябай кулдум мен да.
0
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан