УНАА КЫЛДЫРАП КАЛСА ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

Машина айдоо жагынан тажрыйбасы мол адамдардын айрымдары оңдоо жагынан да уста болуп калышы мүмкүн. Ал эми үйрөнчүктөргө, анчалык тажрыйба топтой электер үчүн унаа оңдоочу уста Азамат Керимбаев кеңеш берет.

– Машинам кылдыраганынан өткөндө бир досума көрсөткөм, жүрүү тетиктерин алмаштыруу керек деген, алмаштыруу канча турат?

Майрамбек, Бишкек

– Жүрүү тетиктери бузулганда унаа кылдырап калат. Мисалы, шар сымал тетик (шаровой) бузулса, анын баасы 800 сомго чейин барат, кызматы да 800 сом. Солдатиктер жарабай калганда да кылдырайт, анын баасы 300-600 сом, кызматы 200 сом. Рулдун учундагы тетик (рулевой наконечник) жарактан чыкканда да аны алмаштыруу зарыл. Баасы 300-600 сом, кызматы 150 сом. Коңгуроосу (колокольчик) да иштебей калышы мүмкүн, анын баасы 800-1000 сом, кызматы 500 сом турат.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова     
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Wave.
2016-04-11 10:08:32
Кылдыраганга ар турдуу нерселер себеп болушу мумкун. Машинени айдабай туруп айтуу ото кыйын го...
+2
aiba_00
2016-04-11 12:18:55
Хадовкасы кетиши мумкун биздин жолдордо биринчи орунда.
+1
Bazana
2016-04-11 12:29:33
Менин машинем от албай балее болуп атат акуляторду зарядка га койгон болчумун бир кун
+1
Wave.
2016-04-11 14:16:45
Bazana,

От албаса, жаны акуммулятордон 5ну койсон да от албайт.
Себебин издеш керек, инжектор-пинжектордон баштап, насос-пасосуна чейин текшерип...
0
suarez09
2016-04-11 14:10:01
Bazana свечаларды карат же бензонасос кара.
0
suarez09
2016-04-11 14:10:39
Кызык устага алып бара койгула да
0
Wave.
2016-04-11 14:26:38
suarez09,

Устанын баары эле ондой бербейт. Кээ бироолору кайра бузуп таштайт. Бузганда да кайра ондой албай турган кылып бузушат, туготтор...
0
Bazana
2016-04-11 20:52:07
Акумлятор жаны эле болчу устага акча жок болуп ататта барган жеримде очурбой атам же тааныштар болсо туртушуп коюп атат анан биркылда очот биркылда очпойт дагы бугун летний койдурсам чото руль тартып аттата
0
Bazana
2016-04-11 20:52:27
Рахмат жооп бергееинерге
0
Svoboda83
2016-04-12 04:45:58
Жок эле машинанарды айта бербегилечи окурмандар!!фантазиянар эле куч,макул ойлогон ой максатынарга жеткиле.
0
Svoboda83
2016-04-12 04:47:28
Праваны сатып эмес окуп алгыла!!
0
Wave.
2016-04-12 10:18:00
Svoboda83,

Машина ондоого да "права" керекпи ???
+1
Svoboda83
2016-04-13 02:41:41
Wave.,окусан уйроносун
0
Wave.
2016-04-14 11:14:56
Svoboda83,

Менин правам жок. Эми мага машине ондоого болбойбу ?
0
ayildik_kiz
2016-04-12 13:04:02
Svoboda83, Праваны окуп алгам бирок деген менден жакшы айдоочу чыкпачудай))
0
eldos_kg
2016-04-13 12:57:53
Барып диагностикадан откорсо баарын айтып берет эмнеси кеткен!!! Ашып кетсе 200 сом болот текшерткен
0
№ 701, 08-апрель-14-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан