Кыргызстанга «Кузей-Гүней» сериалы менен белгилүү болгон түрк актёру Кыванч Татлытуг 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн сүйүктүүсү стилист Башак Дизерге баш кошту. Эки жаш Париж шаарындагы Түркиянын элчилигинде никеге турушкан. Чакан үлпөт тоюна актёрдун жакын санаалаштары гана катышып, 40 чакты адамды түзгөн. Ал эми түрктөрдүн дагы бир көз күйдүргөн бойдогу, «Эзель», «Карадай» тасмаларына тартылган Кенан Имирзалыоглу май айында бойдокчулук менен коштошкону турат. Анткени актёр бир ай мурун сүйүктүүсү актриса Синем Кобалдын колун сураган. Актёрдун жакындарынын айтымында, Кенандын тоюна 300гө жакын конок чакырылып, үлпөт той Антальядагы курорттордун биринде өтмөкчү.
Лунара Бекиева
star@super.kg