«Келин» тасмасында Анандинин чоңойгон кезин ойногон актриса Пратюша Банержи өз өмүрүнө кол салып каза болду. 24 жаштагы актрисанын жансыз денеси 1-апрель күнү Мумбайдагы үйүнөн табылды. Анын мындай жолго барганын жеке жашоосундагы көйгөйлөр менен байланыштырышат. Актриса сүйүктүүсү Рахул Раджга турмушка чыгууга даярданып жүргөн. Бирок достору сүйүктүүсү менен акыркы учурларда көп урушуп, үлпөт тойду токтотобуз дегенге чейин барышканын айтышат. Актрисаны акыркы сапарга узатуу зыйнатында өзү үлпөт тоюна кием деп буйрутма берип тиктирген көйнөгүн кийгизип узатышты.